Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Жалал-Абадда кишенделген кыз куткарылды


Кишенделген кыздын жетишкендиктери тууралуу документтер.
Кишенделген кыздын жетишкендиктери тууралуу документтер.

Жалал-Абад шаарында үйүнөн кишенделген абалда качып чыгып, көчөдө жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды.

Өспүрүмдүн апасы анын көчөгө чыгышына тыюу салып, жумушка кеткен учурда кыздын колун тушап койгону белгилүү болду. Окуянын чоо-жайын милиция териштирип жатат.

Үйүнөн кишенделген абалда качып чыккан өспүрүм кыз Жалал-Абад шаарындагы балдардын «Ак-Жол» реабилитациялык борборуна 6 айга жаткырылды. Анткени окуучу кайрадан үйүнө барууга макул болгон эмес. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Асламова бул тууралуу мындай маалымат берди:

Айнура Асламова.
Айнура Асламова.

- Өспүрүмдүн жүрүм-туруму жакшы болгондуктан биздин каттообузда жок. Өзүнүн айтымында атасын көрүү максатында качып чыккан. Окуучу 6 айга чейин реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Анын ден соолугун дарыгерлер карап чыгып, абалы жакшы экенин аныкташкан. Биз да окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылып жатабыз.

19-февралда колу кишенделип, жылаңайлак көчөдө ыйлап жүргөн өспүрүм кызды жергиликтүү тургундар көрүп, дароо милицияга кабар беришкен. Азыр бул багытта тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Окуя шаардык ички иштер бөлүмүндө балага каршы зомбулук катары катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Облустук милициянын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков окуучу буга чейин милициянын каттоосунда болгонун айтты:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор буга чейин үйүнөн качып, дайынсыз болгон окуучуну бир нече ирет издеп таап, апасына кайтарган. 19-февралда автобекетте кармалган окуучу шаардык ИИБге жеткирилип, социалдык жактан коргоо кызматкерлерине берилген. Учурда бул багытта тергөө амалдары жүгүзүлүп жатат.

16 жаштагы Айжан (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлдү – ред.) - үй-бүлөдө эки бир туугандын кенжеси. Адистер Айжандын учурдагы саламаттыгын эске алып, аны менен сүйлөшүүгө уруксат беришкен жок.

Апасы Гүлчехра Батырканова кызына кылган мындай мамилесин кийинки кезде өспүрүмдүн жүрүм-туруму бузулгандыгы менен байланыштырат. Карыган апасы жана кызы менен бирге жашаган Гүлчехра аны тарбиялоо максатында кээде кол көтөрүүгө да аргасыз болгонун кошумчалады:

Гүлчехра Батырканова.
Гүлчехра Батырканова.

- Былтыртан бери кызымдын кулк-мүнөзү, мага кылган мамилеси өзгөрө баштады. Кээ бир күндөрү үйдө түнөбөй, айрым учурларда түнкү саат 12лерде келе баштады. Бейтааныш адамдар «кызың туура эмес жолдо жүрөт, тарбиялабайсыңбы» деген сөздөрдү айта башташты. Башында мен ага ишенген эмес болчумун. Былтыр декабрь айында үйдөн качып чыгып, 10 күн дегенде милиция менен араң тапканбыз. Мага каяша айтып, жаман кыздар менен аралашып кетип, үйдө көп турбас болду. Канчалык эскертип, кол көтөргөнүмө карабай өзгөргөн жок. Акыркы жолу да үйдөн качып кеткенде көчөдөн таап, колу-бутун темир зым менен байлап, үйдө кармаганга аргасыз болдум. 19-февраль күнү өзүнүн чөйрөсүндөгү тааныш кызы үйгө келип, карыган апамды алдап бошотуп кетиптир. Мен кызымды жолдон азгырып, ушул чөйрөгө салган айрым кыздардын үстүнөн укук коргоо органдарына арызданам. Анын тамеки жана кээ бир заттарды аралаштырып чегишине ошолор күнөөлүү болуп жатышат. Мен бул окуянын түбүнө жетем.

Гүлчехра Батырканова - эки кыздын энеси. Жолдошу менен кенже кызы Айжан 6 айга толгондо эле ажырашып кеткен экен. Учурда өзү шаардын борбордук базарында тазалык кызматкери болуп иштейт.

- Кызым ар дайым «атамды көргөнү Ноокенге барып келейин» деп сурап турчу, - деп сөзүн улады ал. - Бирок анын чоң атасы, андан мурда чоң энеси каза болгондуктан «буюм-тайым көтөрө баралы, ага чейин акча таап алайын» деп айтканмын. Бирок ал такай «атама барам» деген шылтоо менен башка жакка кетип калчу. Жолдошум менен ажырашканыбызга бир топ жыл болсо да кыздарын көрүш үчүн бир да жолу басып келген жок. Айжан мектептен сырткары каратэ менен машыгат.

Анткен менен шаардагы Айжан окуган №7 Алым Усман атындагы мектептин жетекчилиги окуучунун жүрүм-туруму боюнча жаман сөз айткан жок. Мектеп директору Зарифа Абидова ал окуунун алдыңкыларынын бири болгонун билдирди:

Зарифа Абидова.
Зарифа Абидова.

- Айжан биздин мектепте 1-класстан бери окуйт. Сабакка катышуусу жакшы. Кыргыз тили боюнча шаардык олимпиадаларга катышып келген. Апасы да дайыма мектеп менен тыгыз байланышта болуп, анын сабактарына көз салып турат. Бирок 18-19-февраль күндөрү ал сабакка келген эмес. Апасы бизге телефон аркылуу байланышып, үйүндөгү апасы ооруп калгандыктан ага жардам берип жатканын айткан. Мындай окуя биз үчүн да күтүүсүз болду.

Социолог Абилбап Мамарасулов балдарга болгон катаал мамилени үй-бүлөдөгү тарбияга байланыштырды:

Абилбап Мамарасулов.
Абилбап Мамарасулов.

- Балага тарбия берүү - бул өтө актуалдуу маселе. Биринчи жагдай - эне менен кыздын, ата менен баланын ортосундагы айырмачылык же бири-биринен алыстоо. Буга албетте, биринчи кезекте үй-бүлөдөгү турмуштук жагдай, социалдык абал таасир этет. Балага атанын жана эненин тарбиясы эки башка. Экинчиден коом жана чөйрө да өсүп жетилип келе жаткан өспүрүмдөрдүн аң-сезимине өзгөчө таасир тийгизет. Ошол убакта балдарга кылдат мамиле кылып, бардык ишине көз салып туруу зарыл. Мектептеги тарбия маселеси да башкы орунда турат. Азыр класстык жана тарбиялык сааттар, кыздардын өзүнчө чогулуштары (женсовет) менимче анча болбой калды. Экинчиден, технология өнүккөн доордо бала менен атанын, эне менен кыздын ортосунда сырдашуу, достошуу сезими жок болуп бара жатат. Ушул маселелерди кылдат карап чыкпаса, мындай окуялар боло берет.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл оор турмушта жашаган 4278 бала аныкталып, алардын 2847си боюнча балдарды коргоо планы иштелип чыккан. Бул балдардын 94ү зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганы белгилүү болду. Алардын кыркы уруп-сабоого, отуз тогузу жыныстык, он беши психикалык зомбулукка туш болгон.

Балдардын 80 пайызга жакыны жакындарынан кордук көрсө, кылмышка баргандардын 43 пайызы жабырлануучу менен бир үйдө чогуу жашаганы аныкталган. Изилдөөлөр Кыргызстанда 14 жашка толо элек балдардын 57 пайызы зомбулук көрүп чоңоёрун аныктаган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2018-жылы жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG