Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:42

Кыргыз жапон боло албайт го...


Нарын шаары. (Архивдик сүрөт)

Качан болсо эле “жапондор бизден тараган” деп мактанганды жакшы көргөн менин кыргыздарым эмне үчүн жок дегенде күнүнө бир эле сааттан жапон боло албай жатат?

Айтайын дегеним, жакында Москвада аяктаган Дүйнөлүк футбол оюнун баарыбыз көрдүк.

Москваны күндүз да, түнкүсүн да тепсеп жүргөн күйөрмандарды көрдүк. Отурган жеринде “челектеп” пиво ичип олтурган, ооздору бошобой бирдеме жеп олтурган европалык футбол фанаттарын да көрдүк.

Бирок футболдо кимдер утулуп, кимдер жеңгенинен да жагымдуу, аң-сезимди “айкарасынан” салган бир окуя - жапон күйөрмандарынын кетип баратып отурган жериндеги таштандыларды тазалап кеткени болду!

Муну уккан улуу-кичүү элдин баары бир дем менен ичинен тынып, Кудайга ыраазы болгон жанга окшоп, бул элге ичинен ыраазы болуп турду. Жапон элинин мартабасы дагы бир жолу көккө көкөлөдү.

Жапондор стадион жыйнашты (20-июнь, 2018-ж.)

... Менин элимдин ушундан эмнеси кем эле? Бала кезимде биздин айылда Курман деген киши болгон. Өзү чоң, албеттүү киши эле. Болгону сугатчы эле. Ошол кишинин үнү азыр да кулагымда жаңырып турат. Күн чыга электе талаадагы сугатына кетип баратып көчө жаңыртып кыйкырып өтчү:

- О, катындар! Арыкка күл төкпөгүлө! Жолдун жээгин булгабагыла!, - деп.

Мен бул үндү мектебиме ойгонуп жатып, уйку-соонун арасында угаар элем. Кийин Курман акебиздин да көзү өттү. Бирок анын үнү, айткан сөзү өлгөн жок, мээмде калып калды. Жарыктык киши, ишине таң атпай кетип баратып да, кечинде келатып да айылды аралап, арыкты “аңтарып” өтчү эле. Ошол бала кезибизде ойноп жүрүп суусаганда, арыктын боюна жата калып, суудан суусунубуз канганча “шимирип” алып туруп кетчүбүз. Ал суудан ичкен бир да баланын ооруганын көргөн да, уккан да жокмун. Арыктын суусу да, адамдардын акыл-эси да таза эле.

Бала кезимде жайлоого көчкөн адамдардын тоо-ташка, жер-сууга кылган мамилесин да көрүп калдым. Алар орун-очок алган журтунда ашып кетсе эки жумадан ашык отурчу эмес. Улам жер которуп, жогорулап көчүп турчу. Бул айныксыз эреже катары сакталчу. Ошондо саргарган журт, боз үйлөрдүн орду, көр-жерин сактаган алачыктарынын орду калчу. Ошондо биздин ата-энелер көчүп жатып да, керексиз буюмдардын баарын “таш очокко” таштап, баарын өрттөп, күлүн көөмп, татынакай кылып тазалап кетчү. Кийинки жылы ошол жерге көчүп келгенде баягы саргарган журттан эч нерсе жок, баары кайра калыбына келип, кайрадан көк тулаң басып көйкөлүп калаар эле.

Илгери Кокон хандыгынын чакыруусу менен Ормон хан өзү Калыгул олуя баштаган кишилери менен мейман болуп түшөт. Хан сарайдын кире беришинен атчандар токтогон жерге чейин атайылап килем төшөп коюшат. Көрсө кокондуктардын тартиби боюнча чакырган меймандар килемге жетери менен аттан түшүп, андан ары жөө басып барышы керек тура. Калыгулдардан мурда келген казактар ошенткен экен. Ормон атайылап эле кычаштык кылып, аттан түшпөй, жигиттери менен килемди тепсетип барып кирет. Ошондо кыргыздын “тартипсиздигине” тырчый түшкөн ордо башчысы Калыгулга кайрылып:

- Каке, силер килем көргөн элсиңерби? - дейт.

Калыгул дароо эле:

- Биз деген бир журтта бир жумадан ашык отурбаган, ар дайым жер тандап орун которуп турган элбиз. Бизде тоо-таштын, талаа-түздүн, өндүр менен өтөктүн баары килем. Биз такай килемдин үстү менен жүргөн элбиз. Мындай килемдерди биз эле эмес, биздин аттар да, уйлар да, иттер да тепсеп жүрөт, - дегенде кокондуктардын дымы чыкпай басылат.

"Көчмөн доор" десе эле азыркы айрым бирөөлөр тоодон тоого көчүп жүргөн жашоодон башканы билбеген жапайы элди элестетет. Көчмөн цивилизациянын да укмуштай маданияты, тартиби, ыйманы, жан суктангыдай эрежелери болгонун кантип түшүндүрөм? Кыргыз эли жер-сууну эч качан булгаган эмес. “Аккан сууну булгаба, сууга сийбе, сууга түкүрбө, отту теппе, өсүп турган бадалды кыйба, чөптү уйпалаба” деген өңдүү сөздөр бекеринен чыкпаган чыгаар.

Бүгүн бейиштей жергебиз барган сайын таштандыга толуп баратканы жалганбы? Азыр кайсы гана жерге барбагын, жел менен кыргыз жергесин кыдырып учуп бараткан желим баштыктарды, ыргытылган бош шишелерди, дарбыз менен коондун, башка ыпыр-сыпырлардын, таштандылардын калдыктарын четтен табасың. Минте берсек жакында бүтүндөй Кыргызстан таштандынын алдында калары анык.

Жакында эле “Азаттыктан” иштен чыгып, Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлоп Политехти көздөй кетип бараткам. Бир маалда эле кайыр сурап отурган лөлү аял тротуарга баласын отургуза койду да, ордунан туруп барып, эки жакты карабай туруп эле газонго “жалп” олтуруп заара кылып кирди. Сүрөт тарткан телефонум жоктугуна ошондо өкүндүм. Менден башка эч ким байкаган жок. МАИ болсо таягын көтөрүп, машинелерди тосуп жатты. Ошондо ойлодум, биздин газондор да жолдо олтурган кайырчылардын дааратканасына айланганын...

Эмне үчүн жапондорду өзүнөн таратканды жакшы көргөн кыргыз жапон болгусу келбейт? Карагылачы, мына бул видеодогу Меккеге ажыга барып да зыяратка барган мусулмандардын таштап кете берген таштандаларын чогултуп бараткан жапон аялын?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG