Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

“Кызыбыздын өлүмүнө чейин Орусияда эмне болуп жатканын билген эмес экенбиз”


Анастасия Бабурова "Новая газетанын" кабарчысы эле...
Анастасия Бабурова "Новая газетанын" кабарчысы эле...

Орусияда адвокат Станислав Маркелов менен журналист Анастасия Бабурованы улутчул жаштар атып кетишкенине 19-январда бир жыл болду. “Азаттыктын” орус редакциясы журналист Бабурованын Украинада жашаган ата-энесине телефон чалып, алардын кызынын өлүмү тууралуу ойлорун сураган.

30-ноябрда “Новая газета” маркум журналист Анастасиянын ата-энеси Эдуард жана Лариса Бабуровалардын ачык катын жарыялады. Буга чейин кызынын өлүмүн кокустук деп келишкен ата-эне бул катта окуяга такыр башкача баасын беришти.

Фашизм идеологиясы азыр баштан аяк бүт катмарларда бар
"Билесизби, биз кызыбыз эмне менен алектенип жүргөнүн такыр билген эмес экенбиз, - дейт кабарчынын энеси Лариса Бабурова. - Мен Настянын ишин адамдар ашкере баалай беришет, ага коркунуч деле жок деп ойлочумун. Ал бизге өзүнүн иши тууралуу эч нерсе айтчу эмес. Интернетте анын “Известиядагы”, “Новая газетадагы” макалаларын окуп, эч нерсени түшүнгөн эмесмин. Бирок анын макалалары жаккан. Мен ага айттым: “Кызым, мага жазгандарың жакты, көп нерселерди түшүндүм”, - дегем".

Лариса айым, кызын улутчулдар өлтүрүп кетишкенден бери көп нерсеге көзү ачылганын айтты. Катта алар орус бийликтерин мамлекетте фашизм идеологиясы бар экенин моюнга алууга чакырышкан экен.

Бул окуя орус жериндеги улутчулдукка каршы митингдерди жаратты
"Ооба. Биз катта орус бийликтерин өлкөдө фашизм бар экенин моюнга алгыла дегенбиз. Биз ошол кылмышкерлердин акыйкат соттолушун каалайбыз. Анткени буларды жазасыз калтырбаш керек. Канчалаган адамдар өлтүрүлдү, бул дагы канчага созулат? Кантип Орусиянын мыйзам чыгаруучу органдары, тартип коргоочулары ушуга унчукпай карап турушат?"

“Азаттыктын” кабарчысы алардан кызынын өлүмү боюнча сот башталганда ага катышар-катышпасын сурады.

"Билесизби, бул өтө оор, - деп үшкүрүнөт Лариса айым. - Бирок биз сотко барабыз. Барышыбыз керек, анткени кылмышкерлер кармалганга чейин тергөөчүлөр бизге эч нерсени көрсөтүшкөн эмес. Кийин кылмышкерлер кармалганда, биз бара албадык".

Анастасия Бабурова менен Станимлав Маркеловдун өлгөнүнүн кырк күндүгүндө, 27-февраль, 2009
Анын айтымында, Анастасия менен адвокат Станислав Маркелов өмүрүнүн аягына чейин фашизм менен күрөшүштү. Орус бийлиги болсо азырга чейин расизмге каршы ачык күрөш жүргүзбөй жатканына таң калганын жашырбады Лариса Бабурова.

"Орус өкмөтү, президент бул көрүнүштөр бар экенин расмий түрдө айтып, ага каршы күрөшпөй жатканы таң калтырат. Милиция да кызыбызга ушундай коркунуч бар экенин алдын ала билген. Настя бизге 13-январда кат жазып, кудум, биз менен коштошкондой айткан экен. Биз ал катты эки күндөн кийин гана окуп калдык. Ошондо кызыбыз өзүнө каршы чабуул болоорун сезген окшойт. Кийин эч нерсе болбогондо, буга чейинки каты үчүн өкүнүп жаткандай жазыптыр. Бирок 19-январда аны атып кетишти..."

Журналисттин атасы Эдуард Бабуров да кызынын өлүмүнө чейин орус жериндеги улутчулдуктун коркунучу тууралуу билишпегенин айтты.

"Кызыбызды өлтүрүп кетишкенге чейин биз Орусияда эмне балакет болуп жатканын билген эмес экенбиз, - дейт журналист Анастасиянын атасы Эдаурд Бабуров. - Настяны өлтүрүп кетишкенден кийин гана фашизм канчалык күчөп кеткенин түшүндүк. Азыр фашизм такыр көзөмөлдөн чыгып кеткендей сезим калтырды. Бийлик эч нерсе кыла албай калды. Нацизм, фашизм идеологиясы азыр баштан аяк бүт катмарларда бар".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG