Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мекемелер аралык жумушчу топ менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди.
Анын алкагында бир катар мечиттер менен медреселердин ишмердиги убактылуу токтотулду. Анын себептери, текшерүүнүн максаты тууралуу суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Канат Мидин уулу жооп берди.
- Канат мырза, жакында Ош облусунун аймагында диний жайлардын ишмердиги текшерилди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, сиздердин комиссия баштаган мамлекеттик мекемелер биргелешип, текшерүү жүргүздүңүздөр. Эмне себептен текшердиңиздер, анын зарылчылыгы эмнеден улам келип чыкты жана текшерүүнүн жыйынтыктары кандай болду?
- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын негизги стратегиялык документи – бул “Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы”. Ал документ президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2021-26-жылдарга кабыл алынган. Ошол концепцияны аткаруу иш-пландары бар, анын негизинде пландуу текшерүүлөр жүрдү.
Мекемелер аралык жумушчу топко атайын кызматтан, Ички иштер министрлигинен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Саламаттык сактоо министрлигинен, муфтияттын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен өкүлдөр кирген. Алар ишин 20-июлдарда баштап, 30-июлда бүттү.
Анын жыйынтыгы менен 39 мечиттин жана 21 медресенин ишмердиги убактылуу токтотулду. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлдү. Кээ бир жерлерде айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Бир катар мекемелерге эскертүүлөр берилди. Жалпылап айтсак – архитектуранын ченемдери, өрт коопсуздугунун талаптары сакталбай, санитардык ченемдер бузулган. Ушунлай фактылар аныкталды.
- Сиз айтып өткөндөй, текшерүү учурунда айрым мечит, медреселердин башаламан курулганы, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талап-ченемдердин сакталбаганынан тышкары айрым медреселерде билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу аныкталганы белгилүү болду. Билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары кандай түзүлгөн? Ага ким көз салат – сиздердин комиссиябы, муфтиятпы же Билим берүү жана илим министрлигиби?
- Бул стандарттар муфтияттын ички документтери менен таризделген. Алгач ал Аалымдар кеңеши менен макулдашылат. Андан кийин муфтият тарабынан бекитилет. Ошондон кийин биздин комиссияга каттоого келет, себеби каттоосуз ишмердигин жүргүзгөнгө тыюу салынган. Жыл сайын аларга пландуу текшерүү жүргүзүлүп турат. Андан тышкары медреселер жыл жыйынтыгы менен отчётторун берет.
- Ошол отчёттун негизинде сиздер алар андан ары иштейби же жокпу деген бүтүм бересиздер да, туурабы?
- Ооба, отчёттору текшерилип, ошого жараша жыйынтыктар чыгат да.
- Сиздердин пландуу текшерүүнүн алкагында 39 мечиттин каттоосу жок, тиешелүү документтерсиз иштегени аныкталган экен. Мечитти ачуунун, каттоого туруунун тартиби кандай? Кимдир-бирөө мечит салса, алгач уруксат алыш керекпи же бүткөндөн кийин билдирме жөнөтүп койсо болобу?
- 2021-жылдын аягынан тартып Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия каттоосу жок мечиттерди каттоого алуу ишин баштаган. Анын алкагында 588 мечит каттоого алынды. Чоң иштер аткарылды. Жалпысынан азыркы тапта башаламан курулуп жаткан мечиттер дээрлик жокко эсе. Мечитти салуунун жол-жобосуна келсек, демилгечи алгач жергиликтүү бийлик менен макулдашат. Анан архитектура кызматы менен иштеп, тиешелүү документтерди топтойт. Андан кийин мыйзамда көрсөтүлгөн документтерди алып келип биздин комиссиядан каттоодон өтөт.
- Коопсуздукка келсек, Кыргызстанда канча уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, сот чечими менен ишмердигине тыюу салынган? Алар менен күрөш кантип жүрүп жатат?
- Соттун чечими менен жыйырма уюмдун ишмердигине жана бир диний материалга тыюу салынган. Мындай уюмдар менен түздөн-түз күрөшүү күч органдарынын иши. Биз алдын алуу иштерин аркалайбыз. Профилактикалык иштер, мониторинг, анализ, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү - Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын милдеттери.
- Былтыртан тартып мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы окутула баштады. Мугалимдерди даярдоого сиздер да катышасыздарбы? Дегеле окутулуп жаткан материалдар, предметтин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына туура келеби же жокпу – көзөмөл жасайсыздарбы?
- Бул предмет кирердин алдында китептерди жазууга авторлор менен катар биздин кызматкерлер да катышкан. Албетте, мониторинг жүргүзүлөт. Ал жерде мугалимдер атайын билими бар адамдар болсун, теолог болсун, дин таануучу же тарыхчы болсун деген талаптар бар.
- Быйыл 20-апрелде Ош облусунда өткөн бир иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова “Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндер көбөйүп кетиптир, муну Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга тапшыруу керек. Жоолуктарын салына берсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышканына кандайдыр-бир чара көрө алабызбы?” деген маселе көтөрүптүр. Буга карата сиздердин оюңуздар кандай?
- Депутаттын айтымында биз эч кимге эч кандай тыюу сала албайбыз. Себеби, Конституция боюнча да, мыйзамдарыбызга ылайык дагы жарандардын дин тутуу эркиндиги бар, андыктан эч кандай тыюу сала албайбыз.
- Депутаттыкындай пикирлер негизи муфтият менен бирге талкууланабы?
- Талкууланат, албетте. Тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлөт. Бирок тыюу салуу таризинде эч кандай чектөөлөрдү киргизе албайбыз.
- Маегиңизге ыракмат.
Маалымат үчүн:
Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюмдар каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.