Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

"Мектептеги экзамендин ордуна суракка кетишти". Кызыл-Кыядагы табышмактуу окуя


Кызыл-Кыя шаарынын кире бериши.
Кызыл-Кыя шаарынын кире бериши.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мектепке “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун желегин илип кеткен окуя боюнча үч окуучу кыз кармалды. Алар мектептин дубалдарына күмөндүү сөздөр жазылганы боюнча да шек саналууда. Бул окуя 25-майга караган түнү болгон. Кармалган окуучу кыздардын ата-энелери да таң калып жатканын айтышууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кыздардын үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдар жана Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмуна тиешеси бар ири көлөмдөгү адабият жана видеоматериалдар, кара түстөгү желек табылган.

"Экзаменге да келишкен жок, суракка кетишкен”

Биз мектепке барган учурда мугалимдер имаратты актап сырдап жатышыптыр. Окуу жылы аяктап, азыр окуучулар жок. Мектеп директору Дилбар Ахмедова маалымат берүүгө араң макул болду. Анын себебин чочулап калганы менен түшүндүрдү.

"24-май күнү бардык окуучулар келип, бийге даярданып жүрүшкөн, сүрөткө түшүштү. Биз окуучулардан эч нерсени байкаган эмеспиз. Кармалган кыздар маданий иш чараларга активдүү катышкан кыздардан эле. Ошол окуядан кийин биз алар менен, ата-энелери менен сүйлөшкөн жокпуз. Алар экзаменге да келишкен жок, суракка кетишкен”, - деди Ахмедова

Мектептин дубалдарына “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген сөздөр түн ичинде жазылган. Аны 25-майдын таңында мектептин чарбасын көзөмөлдөгөн кызматкер Малика Махмуджанова алгачкылардан болуп көргөн.

"Эртең мененки саат алтыда келсем ушул жерде жазуулар пайда болуп калыптыр. Анан мен бул жерде иш чара өтөт деп кызыма краска таап берип, сырдаттым. “Кудай үчүн музыканы өчүр” деген жазуу экен. Кийин мектептин эки мугалими келди, биз директорго кабар бердик. Мугалимдер окуя боюнча милицияга өздөрү кабар беришкен".

"Интернеттен болду окшойт"

Улуттук коопсуздук комитети 2-июнда тараткан маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аймагында бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактайчанын жанынан Кыргызстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желеги табылган.

УКМК менен Баткен облустук милициясы бирге жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө буга байланыштуу мектептин үч бүтүрүүчүсү аныкталган.

“2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмуна тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди. Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат” - , деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Мектептин аянтына “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илгендердин үйүнөн табылган каражаттар. УКМК тараткан сүрөт.
Мектептин аянтына “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илгендердин үйүнөн табылган каражаттар. УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстанда “Ислам мамлекетинин” террордук уюмунун ишмердигине тыюу салынган. Мектептеги окуяга шектелип кармалган окуучу кыздардын биринин ата-энеси менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Алар бул окуяга айран таң калып жатканын айтышты.

"Жаш кыздар да, жакшы болсун эми баары. Азыр бир нерсе деп айта албайбыз. Негизгиси интернеттен болду окшойт деп болжоп жатам. Мен да кызымдан сурадым, сага эч ким тийбейт, милиция бар дедим. Бирок эч нерсе айткан жок".

Көрүнбөгөн коркунуч

“Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюму 2013-2019-жылдары Сирия менен Ирактын кээ бир аймактарында орун очок алып, катарына чет элдик жарандарды жана согушкерлерди тарткан диний куралдуу күчкө айланган.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, 150сү ошол жакта набыт болгон. Учурда “Ислам мамлекетинин” негизги күчтөрү талкаланганы менен майда топтору иш жүргүзүп, чет элдик жарандарды азгырып жатканы айтылып келет.

“Кыргызстанда өспүрүмдөрдү, же толук жетилген жарандарды кандай сактап калыш керек? Ал үчүн мамлекет чечкиндүү кадамга барыш керек. Антпесе бул көрүнүштөр узакка созулат. Бир эле нерсе бар, акыл парасатуулук. Логикага туура келбеген диний топтор Кыргызстанда жашабашы керек. Бирок мамлекетте бир нерсени түшүнбөй жатышат. Өлкө тыюу салбаган, уруксат берген диний агымдардын ичинде, диний лидерлердин мечиттеги, социалдык тармактагы баяндарда экстремистик топторго пайдубал түзүлүүчү сөздөр айтылган учурлар бар”, - дейт Түркиядагы Эржиес университетинин дин философиясы боюнча докторанты Элмурат Кочкор уулу.

Өткөн жылы августтун этегинде УКМК Кызыл-Кыя менен Өзгөндө Сириядагы террордук уюмдар менен байланышы бар куралдуу, радикал топтор кармалганын кабарлаган эле. Кызыл-Кыя шаарында жихадчылар жамаатынын үч мүчөсүн кармалганы белгилүү болгон.

"Абу Нур" аталган кылмыштуу топ Сириядагы эл аралык террордук уюмдун согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган", - деп айтылган атайын кызмат тараткан маалыматта.

Өзгөн районунда да "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" эл аралык террористтик уюмунун 1996-1999-жылы туулган эки мүчөсү кармалганы да маалымдалган. Ош облустук милициясы тараткан маалыматта алар “интернет аркылуу үгүт жүргүзүп, экстремисттик материалдарды жайылтып” турушканы айтылган.

Кыргызстанда террорчу жана экстремисттик уюмдардын "кара тизмесин" түзүп, 2003-жылдан тарта 21 диний бирикменин өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган.

Буга чейин укук коргоо органдары, коопсуздук боюнча эксперттер “радикалдашуу процессине эң көп катыштыгы бар - аялдар менен жаштар” экенин белгилеп, экстермисттик уюмдар мына ушундай катмарга өзгөчө басым жасап жатканын айтып келишет.

Өткөн жылы Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылынан тарта диндердин тарыхы окутула баштаган. Билим берүү министрлиги диний сабатсыздык жаштарды радикализмге жетелеп жатканын белгилеп, бул багытта билим берүүнүн маанилүү экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG