Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Экс-депутаттын ишин тергөө создукту


Каныбек Осмоналиев. Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алгандан кийин тартылган сүрөт. 5-март, 2020-жыл.
Каныбек Осмоналиев. Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алгандан кийин тартылган сүрөт. 5-март, 2020-жыл.

Камактагы экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин жактоочулары саясатчынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин айтып арызданышууда.

23-июнда ал кармалып турган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) «Тез жардам» чакыртылып, коронавируска анализ тапшырды.

Жактоочулар Осмоналиев кармалгандан бери төрт айга чукул убакыт өтсө да тергөө иштери ордунан жылбай турганына нааразы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ушул тапта Каныбек Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен дарылануудан өтүп жатат.

23-июнда ден соолугу начарлап «Тез жардам» кызматы чакыртылып, COVID-19 вирусуна карата ПЧР-анализ тапшырды. Тесттин жыйынтыгы чыкканы же чыкпаганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Саясатчынын жактоочусу Тимур Карабаев атайын кызматтын маалыматын жокко чыгарды. Адвокат анын коргоосундагы адамдын ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын айтууда.

«Каныбек Осмоналиев өзүн жаман сезип жаткандыктан Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөрүүнү сураганбыз. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны дайындап, бирок кардиология борборуна консилиум өткөрүп, анын жыйынтыгын берүүнү тапшырган эмес. Башкача айтканда, медициналык кароо болду, бирок жыйынтык жок. Муну атайын жасаштыбы же ката кеткенби белгисиз. Бизде Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүгө шарт түзүлбөшү үчүн ушундай кылышты деген ой жаралууда. Эми кайра консилиум өткөрүп, жыйынтыгын берүүнү талап кылып жатабыз».

Майдын аягында акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер анын ичинде Осмоналиев менен да жолугуп чыккан. Анда Осмоналиев ден соолугу кыйнап жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөткөн.

Каныбек Осмоналиевдин дагы бир жактоочусу Шарабидин Токтосунов саясатчыга байланыштуу башка бир маселени көтөрдү. Анын сөзү боюнча, Осмоналиевдин бөгөт чарасына байланыштуу сот отурумдары гана болбосо тергөө иштери дээрлик токтоп турат.

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

«Иш ошол бойдон эле турат. Тергөөгө да чакыра элек. Каныбек Осмоналиев кармалгандан бери бир эле жолу суракка алынды жана аны тактоо иретинде дагы бир жолу сурак болду. Экспертиза дайындалган бойдон анын жыйынтыгы жок. Осмоналиевдин камакка алынганына үч ай, 23 күн болуптур. Жети күндөн кийин төрт ай болот. Биз Осмоналиевдин бөгөт чарасы каралган ар бир сотто «буларды ансыз деле сурабайт экенсиңер. Үй камагына чыгарып коюп тергөөнү жүргүзө бергиле» деп айтып атабыз».

Атайын кызмат буга чейин сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы тергөө иштери уланып, ал Осмоналиевдин түздөн-түз катышуусу менен жүргүзүлүп жатканын билдирген.

21-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте отчет берип жатып, Осмоналиевдин иши тууралуу депутат Зиядин Жамалдиновдун суроосуна мындайча жооп берген.

«Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал жерде ал (ред: Каныбек Осмоналиев) жалгыз эмес. Дагы беш-алты адам бар. Бөгөт чарасы камакка алуу деп тандалган. Менин колумдагы материалдар боюнча анын (ред: Каныбек Осмоналиев) бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз жок».

Каныбек Осмоналиев 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Нааразылык акциядагы башаламандыктан кийин ошол эле күнү кармалып, андан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

Ал Жазык кодексинин 309-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен козголгон кылмыш ишинде башкы фигуранттардын бири.

Осмоналиев менен кошо Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы, мурдагы судья Анар Дубанбаева да кармалган. Анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү белгилүү болду. Андан тышкары митингден кийин башаламандыкта кармалган дагы төрт кишинин иши Осмоналиевдерге козголгон ишке бириктирилип, чогуу иликтенип жаткан экен.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, саясатчы Кубанычбек Кадыров иштин создугушун анын көлөмүнө байланыштырды.

«Митингге 1000-2000 киши чыкпадыбы. Суракка алчу киши көп болуп жаткандыктан тергөө иштери создугуп жатат окшойт. Буга мыйзам жол берет. Баары эле көргөндөй митингде «Кеттик, Ак үйдү басып алабыз» деп кыйкыргандар болбодубу. Эл ошондо митингди таштап, Жогорку Кеңеш тарапка баспадыбы. Эми ушунун баарын тергөө тактайт да».

Садыр Жапаровду колдогон жарандык активист Мелис Аспеков Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиевдин ишин тергөө жай жүрүп жатканынын себебин башкадан көрөт.

Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

«Бул иште Каныбек Осмоналиев агайдын кымындай да күнөөсү жок. Каныбек Осмоналиев митингди колунан келишинче токтотууга аракет кылды. Бирок ал колунан келбей үйүнө кеткен. УКМК аны үйүнөн кармап кетип камап койду. Митингде кармалгандарды соттоп жиберүүгө эч кандай далил жок. Бийлик бул ишти жөн эле созуп "Садыр Жапаровду эч ким колдобосун. Аны дагы ким колдосо, ушинтип соттолот" деген маанайда кыйнап, ишти созуп жатат».

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG