Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Апта: Бийликти сынаган митинг жана сот


2-марттагы митингде милиция менен чогулгандар тирешип турат. Бишкек, 2020-жыл.
2-марттагы митингде милиция менен чогулгандар тирешип турат. Бишкек, 2020-жыл.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп (2-8-март, 2020-жыл).

10 жылга кесилген саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдогон митинг 2-мартта башаламандык менен коштолду. Бийлик уруксат берген нааразылык иш-чарасы сегиз сааттай созулуп, аягында митингчилер милиция менен кагылышты.

Жүздөгөн кишинин алдына чыккан Жапаровдун жактоочулары бийликке кайрылып, саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышты. «Төрт жылдан бери калыстык издеп жүрөбүз. Миллиарддарды жегендер камактан чыгып кетип жатышат да, Садыр Жапаров жок дегенде үй камагына чыгарылбайт. Эмне үчүн бошотулбайт?», - деди саясатчынын тарапташтарынын бири Элмира Бечелова.

Буга чейин Жапаровдун тарапташтары саясий бийликке сөз тийгизбей, адатта сот бийлигин гана сындап келген. Бирок бул жолу чогулгандардын арасында бийликке ишеним калбай калганын, бул митингди калыстык издегендер уюштурганын айткандар болду.

Президент Сооронбай Жээнбековго жолукканы эки делегация президенттик аппаратка барганы менен ичкери кире алган жок. Аларга бийлик өкүлү чыгып жолугуп, үч күн ичинде жооп берүүгө убада берди. Бирок аны уккан чогулгандар: «Үч күн убакыт бербейбиз, эмне үчүн кылмышкер Батукаевди бир суткада чыгарат?» – деп кыйкырышты.

Түрмөдөгү Жапаров митингде чагым болушу ыктымал экенинен чочуп, тарапташтарын аянтка чыкпоого үндөдү. Митингди уюштурган Садыр Жапаровду коргоо комитетинин мүчөлөрү, үй-бүлөсү бийликтин жообун күтүүгө макул болушканы менен чогулгандар тарап кетишкен жок. Алардын бир тобу «"Ак үйгө" барабыз» дешсе, дагы бир тобу «Жапаров отурган түрмөгө барабыз» деп кетпей турушту. «Биз прокуратурага жаздык, Жогорку сотко жаздык, ЖАМКга жаздык. Акыры айлабыз кеткенде президентке жаздык. Президенттин укугу бар экен, «ырайым кылып койчу» деп 78 миң киши кол койгон кайрылууну жибердик», – деди элдин алдына чыккан Жапаровдун колдоочуларынын бири.

Агрессивдүү маанайдагы митингчилер Жогорку Кеңешти көздөй жөнөгөндө милиция алардын алдын тороп чыкты. Милиция митингчилерди тарсылдак шашкалар менен аткылап, суу бүрктү. Эки тарап тең бири-бирин таш менен ургулашты. Көчөдө токтоп турган машинелер менен имараттардын айнектери талканды.

2-марттагы митингдин хронологиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00

Милиция бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берерин эскертти. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов «бийликти тартып алабыз» деген чакырыктар айтылганын журналисттерге билдирди.

Күч органдары «бийликти басып алуу аракети болду» десе, Жапаровдун жакындары чагымчылдыкка жол берилгенин айтышууда. Коомчулук болсо мындай кырдаалдын жаралышына эмне түрткү болгонун талкуулай баштады. Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Жолборс Жоробеков бийлик органдары түрмөдөгү саясатчынын тарапкерлеринин нааразылыгын угуп, аларга жеткиликтүү жооп бериши зарыл болчу деп эсептейт. «Мына, канчадан бери Ысык-Көлдө, штабында сүйлөшүп жатышат. Аянтка топтолгон эл «азыр чыгарсын» деп талап коюп жатат. Ал мыйзамга туура келбейт. Ошон үчүн бийлик органдары мурда эле алардын суроосуна жооп берип, талабын канааттандырыш керек болчу», - деди профессор Жоробеков.

Ошол эле маалда айрым бийликке нааразы болгон топтор үчүн Жапаровду коргоо иши шылтоо гана болду деп эсептегендер да болду. Алардын бири экс-премьер-министр Темир Сариев «Азаттыктын» талкуусуна катышканда 2-марттагы башаламандык менен коштолгон нааразылыкты элдин «бийликке болгон ишениминин» азайышы менен байланыштырат. «Анткени ачык айтыш керек, калың элдин ичинде бийликке болгон ишеним абдан азайды. Нааразылык көбөйдү. Муну эл гана эмес, мамлекет башчы өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында «сотторго, укук коргоо органдарына эч ким ишенбейт. Прокуратура, отурасыңар былтыйып» деп катуу айтты. Эл аны угуп, ошонун негизинде жыйынтык чыгарып жатат».

Аны менен катар эле 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Жапаровдун иши саясий эмес, укуктук айдыңда чечилиши керек деген көз караш да басымдуу. Парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров «"Жапаровго ырайым берсин, саясий туткун" деп айтып жатышат. Ал саясий туткун эмес. Анын беренеси «Адамды барымтага алуу». Муну саясий өнүттө эмес, укуктук негизде караш керек» деген пикирде. «Айрым беренелер боюнча ырайым берилбейт. Бийликтин "үч күндө карап беребиз" дегени - кезектеги калп», - деди Мадумаров.

Куулган митинг: кимге кандай сабак?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:05 0:00

Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыкпай турганын билдирген. Атайын прокурор Абай Молдокматов «саясатчынын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында бүтөт» деп так айткан.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Буга чейин түрмөдөгү саясатчы президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган болчу. Мамлекет башчы бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Жээнбеков 3-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирди.

4-мартта Садыр Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья, Караколдогу штабдын жетекчиси Анар Дубанбаева 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камалды. Алар «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жатат.

Ички иштер министрлиги 2-марттагы митингде баш-аягы 166 киши кармалып, анын ичинен төртөө камалганын кабарлады. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, митингде жабыркаган 22 адам ооруканага кайрылды.

Кой-Таш окуясы: 19 айыпталуучу, 88 томдук кылмыш иши

2019-жылдын эң чуулгандуу окуясы болгон Кош-Таш ишин Биринчи май райондук соту карай баштады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалып, «Альфа» түзүмүнүн бир офицеринин өлүмү менен аяктаган каргашаны иликтеген иш боюнча алгачкы отурум 3-мартта башталды.

Көлөмдүү иштин алкагында баш-аягы 19 киши айыпталып жатат. Анын ичинен 14нүн иши сотко өттү. Алар - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, парламент депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова. Ошондой эле Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү жана Атамбаевдин тарапкерлери Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Карыпбек уулу Рыспек, Марат Шаманов, Капарбек уулу Нооруз жана Асангелди Какебаев да бар.

Аларга негизинен «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлду.

Ушул тапта Кодуранова, Карамушкина жана Жолдубаева үй камагында, калган айыпталуучулар тергөө абагында отурушат.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралат. Алардын арасында Атамбаевди колдогон партиянын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев бар. Ошондой эле операция маалында Атамбаевдин үйүндө жүргөн Кой-Таштын эки тургуну да бар.

Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

«Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «барымтага алуу» үчүн айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова: «Конституция жана башка мыйзамдар бузулганын айтып келатабыз. Ошондуктан биз муну чогуу далилдейбиз. Биз мыйзамдын чегинен чыккан жокпуз» – деди сот залынан. «Бийлик тараптан ката кетти. Ошондуктан Алмазбек Шаршенович да ушуларды аныкташ үчүн биз менен чогуу отурарын айтты», - деген эл өкүлү мурдагы президент эмне себептен сотко катышууну чечкенин түшүндүрдү.

Атамбаев дагы бир чуулгандуу иш - кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушун иликтеген кылмыш ишинде да негизги айыпкер. Бирок ал бул иш боюнча сотко катышуудан баш тарткан.

Айыпталып жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылышты. Мындай өтүнүчтү мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматов да колдоду. Бирок ишти караган Биринчи май райсотунун судьясы Марат Сыдыков сотту жабык кароо тууралуу чечим чыгарды. Ал ошондой эле камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн да канааттандырган жок.

Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева сотко жеткенде кылмыш ишинин көлөмү көбөйүп кеткенин белгилеп, журналисттерге: «Биз иш менен таанышканда 84 том болчу. Азыр эми 88 болуп кетиптир. Дагы төрт том кайдан кошулуп калды, билбей жатам» – деди.

Ал ошондой эле атайын операцияны жүргүзгөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганын кайрадан кеп кылды. «Эл да тергөө бир тараптуу жүргөнүн көрүшү керек. Эмне үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопкерчилиги каралбайт?» - деди Жолдубаева.

Мурдагы мамлекет башкы негизги айыпкер болгон сот процессине эл аралык коомчулук да назар салууда. «Freedom House» уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Виктория Тюленова «Азаттык» менен болгон маегинде Кыргызстанда сот адилеттиги аксап тургандыктан, мурдагы президенттин үстүнөн башталган процесс канчалык ачык-айкын өтүп, адилет чечим чыгат деген маселеге токтолду.

«Тилекке каршы, Кыргызстанда эки революция болуп, бир нече президент алмашканына карабай чыныгы демократиянын бир институту түзүгөн жок. Бул сот системасынын көз каранды эместиги. Учурда мурдагы президенттин үстүнөн башталган процесс ушул маселеден улам да көпчүлүктүн көңүлүн буруп турат. Соттор ушул сыяктуу саясий иштерди канчалык ачык-айкын, калыс карай алат? Азырынча бул сот процессин эл аралык стандартка төп келет деп айта албай турам», - деди уюмдун өкүлү.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана ИИМ Бишкектин сыртындагы Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Мурдагы президент жети айдан бери тергөө абагында отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG