Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

«Менин күйөөм жихадчы эмес...»


Асел Копбосынова (оң жагында). Алматы. 20-май, 2019-жыл.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакырык ташташкан» деген айып менен бир жарым жыл мурда камакка алынган Алмат Жумагуловго, Кенжебек Абишевге жана Оралбек Омыровго чыгарылган соттун өкүмү күчүнө кирди.

Алматы шаардык соту 20-майда бул үч адамга чыгарылган өкүм боюнча доо арызды кароодон баш тартып, Алмалы райондук сотунун өткөн жылдын соңунда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Жумагулов менен Омыров сегиз жылга, Абишев жети жылга эркинен ажыратылган.

20-майда өткөн Апелляциялык соттун өкүмү залга чогулган камактагылардын тарапташтарын нааразы кылды. Жараянга Алмат Жумагулов, Кенжебек Абишев жана Оралбек Омыров катышкан жок.

«Күйөөм эч кандай террорист, экстремист эмес. Мен ага 100% ишенем. Анын күнөөсү - өз элин, жерин сүйгөнүндө», - деген Жумагуловдун аялы Асел Копбосынова «жихадчылардын» иши боюнча соттолгондор ар башка камераларда камалып жатканын жана аларды бири-бири менен байланыштырбаш үчүн сейилдөөгө да ар башка убакыттарда алып чыгышарын билдирди.

«Жихадчылар иши» боюнча соттолгондор Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагулов. 26-сентябрь, 2018-жыл.
«Жихадчылар иши» боюнча соттолгондор Кенжебек Абишев менен Алмат Жумагулов. 26-сентябрь, 2018-жыл.

Алмат Жумагулов коопсуздук күчтөрүнүн көзүнө 2016-жылы жер маселесине байланыштуу митингдерде эле илинген.

2017-жылы ал Алматыдагы актуалдуу саясий жана социалдык-экономикалык маселелерди талкуулаган жыйындарга катышканы белгилүү.

Ал кезде бозгундагы банкир, казак бийлигинин ашынган сынчысы Мухтар Аблязов түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына өлкөдө тыюу салына элек эле. Сот бул кыймылды 2018-жылдын март айында экстремисттик деп тааныган.

Алмат Жумагулов жыйындарда сүйлөгөн сөзүндө «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюмунун концепциясы купулуна толорун билдирип келген.

Айыптоочулардын версиясына караганда, 2017-жылдын жайында Алмат Жумагуловдо террорчулукка үгүттөө, террордук актыларга ачык үндөө боюнча «жаман ойлор» пайда болгон.

Ал экстремисттик мазмундагы материалдарды жайылтууга жардам сурап, Кенжебек Абишевге жана Оралбек Омыровго кайрылган, алар өз кезегинде макул болушканы прокурорлордун материалдарында белгиленген.

Алардын баскан-турганы, жолугушуулары жашыруун видеого тартылып, үндөрү жаздырылып турган. Алар кимдер тарабынан, кайсы убакыттан тартып жаздырылганы жана аңдуу иштери качантан тартып жүргүзүлгөнү тууралуу ачык маалымат жок. Соттолгондор жана алардын адвокаттары бул видеолор монтаждалганын айтышууда.

Доо арызды караган судьялар. Алматы. 20-май, 2019-жыл.
Доо арызды караган судьялар. Алматы. 20-май, 2019-жыл.

Өткөн жылдын соңунда Алмалы райондук соту Жумагулов менен Омыровду сегиз жылга, Абишевди жети жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. Үчөө тең тагылган айыптарды мойнуна алган эмес. Алар өздөрүн бейтарапсыз соттук жараяндын «курмандыктары» деп эсептешет.

Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссия быйыл апрелде жарыялаган баяндамасында Жумагулов, Абишев, Омыровдун ишине көңүл бурган. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, ишке негиз болгон видео бир катар күмөн саноолорду жаратат жана ал монтаждалганы тууралуу ишенимдүү далил бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG