Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:10

1929-36: Казыбектин Сталинге ыр менен жазган каты тууралуу


Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын бир тобу. 1929. (Жолдошбек Бөтөнөев (Ботоноев) жиберген сүрөт).

Залкар казалчынын көркөм мурасынын ичинде анын Сталинге ыр менен жазган каты (айрым маалыматтарга караганда 44 барак) бөтөнчө бөлүнүп көрүнүп турат. Профессор С.Алахан Казыбек казалчы Мамбетимин уулу жөнүндө блогун сунуштайт.

Арийне, бул кат бизге толук бойдон келип жеткен жок, бирок колго тийген үзүндүсү деле аз эмес.

Адабиятчы К.Эдилбаевдин жазганына көңүл бурсак, анда “...ал арызды өзү менен кошо камакта отурган, мурда райкомдо идеология боюнча катчы болуп иштеген Карабеков деген орусчаны суудай билген жигит которуп, эптеп жолун таап жөнөтүп ийишкен экен.”

Бирок, кат “бардык мезгилдердин жана бардык элдердин жол башчысынын” колуна тийген-тийбегени белгисиз. Бир караган адамга бул кат кара башын куткаруунун айласын издеп жазылгандай туюлушу мүмкүн. Бирок үстүртөн көз жүгүркөн адамга гана ушундай сезилиши ыктымал, ал эми дыкаттап көңүл бөлгөн адамга бул каттагы терең маани айдан ачык көрүнөт.

Бул кат түрмөнүн ит көргүс турмушунан жадап жүрөкзаада болуп бүткөн адамдын каты экендиги дароо эле көзгө урунат. Эптеп эркиндикке чыгуунун айласын издөөдөн улам жаралган чыгарма деп кабылдасак да болот бул катты.

Казыбектин бул катын өзүнүн ички жан дүйнөсүнө, ишенимине, өзүмдүк позициясына карата ташталган тескери кадам катары баалоого да акыбыз жок.

Тескерисинче, кантип болсо да эптеп кутулуп чыгып, ошол тирүү калуусу менен, дагы да жаңы ырларды жаратуусу менен элине дагы да ак кызмат кылууну көздөгөндүктөн жасалган кадам деп баалаганыбыз оң бул катты. Ошондо гана биз тарыхый тактыкка жакыныраак турган болобуз.

Кат алгач жылпы сөздөр менен башталат: кыргыз эли кылымдар бою эзилип келгендиги, элди эзген Николайдын тагы талкалангандыгы, Ленин баштаган партия “кенже калган улуттун // Кабар алып алынан” аларды эркиндикке чыгаргандыгы ж.б.у.с.лар айтылат.

Мындан башкача болушу да мүмкүн эмес эле, анткени, кайталап айтабыз, түрмөнүн кор турмушу, бул тирүүлөй тозоктон кантип болсо да аман калуунун жолу акынды ушундай мааниде, ушундай багытта ырдоого мажбур кылып жаткан деп түшүнгөнүбүз эп.

Андан аркы сөз кат багышталган адам тууралуу болот.

Казалчы минтип жазат:

Туюктан элди чыгарып,

Туура жолду баштадың.

Туура аткарды Сталин,

Маркс, Ленин жазганын.

Жолдон чыгып кыйшайып,

Жаман жолду баспадың.

.............................................

Ааламга тийип жарыгың

Артыкча иштеп,

жатпадың.

Залкар таланттын бул саптары бүгүнкү биз үчүн, - дагы да эскертебиз, - өтө эле жагынуучулук, ашыкча эле жүгүнүүчүлүк менен жазылгандай туюлушу мүмкүн.

Бирок ошол 1930—40-жылдардагы Сталинге болгон жалпы элдик табынууну, бүткүл элдик кулдук урууну эске алчу болсок, анда түрмөдө мүңкүрөп жаткан Казыбектин бул саптары белгилүү бир деңгээлде салкын кандуу, өз кадырын өзү билип эле жазылгандай жана да калк арасында кадыры чоң, аттуу-баштуу акындар айтып да, жазып да жатышкан ойлорду эле жазып жаткандай туюлат.

Анткени, ошол мезгилдин акындарынын дээрлик баарысы “бардык мезгилдердин жана бардык элдердин жол башчысы” тууралуу:

Бул эмгегим, аз да болсо белегим

Элим сага жүрөгүмдөн беремин.

Дем бергичим, устат улуу Сталин,

Мен баласы, сүйкүм мекен-эненин. (А.Токомбаев)

Таалай, таалай, биз доорунда жашадык,

Алдейледиң, зирек кылдың, үйрөттүң.

Күрөш, жеңиш, Сталиндик жол менен

Өчөөр элди өз тилинде сүйлөттүң. (А.Токомбаев)

Чөлдө дарак көгөрсө,

Суу жиберген, Сталин.

Саратан жайда жел келсе,

Баары сенден,Сталин.

Сыркоо жүрөк айыкса,

Даба сенден, Сталин.

Тумчуккан кайра эс алса,

Ава сенден, Сталин. (Т.Үмөталиев)

Көтөрдүң сен, тоодой кылып тургуздуң,

Зарын угуп башын коштуң кыргыздын.

Өзүң курган өлкөсүндө кыргыздын,

Ата Сталин, сен биринчи кыргызсың!

Сталин деп чөлдө бассак талбайбыз,

Сталин деп чыңга (?) чыкпай калбайбыз.

Касташканга түп көтөрө аттансак,

Күчтүү толкун күркүрөгөн шардайбыз. (К.Маликов)

ж.б.д.у.с. панегириктерди жазышып, алар гезит беттеринде да, окуу китептеринде да байма-бай жарыяланып, жаамы журттун аң-сезимин тумандатып турду.

Бул катта өзгөчө көңүл буруучу экинчи маселе жөнүндө Казыбектен башка бир дагы акын мынчалык ачык, мынчалык жылаңач чындык түрүндө айтпаса керек.

Улуу казалчы кыргыз элин көбүн эсе дили бузук, ниети кара адамдар башкарып келгендигин, “партиянын түз жолун // Булар башынан бери сүйбөгөндүгүн” айтып келет да, анан алар:

Сарбагыш, саяк, солто деп

Айрым кылып сүйлөгөн.

Кас кылып майда улутту,

Каршылыкка күүлөгөн.

Кара саат ээрчип буларды,

Кагышпай бекер жүрбөгөн.

Өз кадырын көтөрүп,

Өйдөлөтүп сүйлөгөн.

Өсчү кадр жаштарды,

Өстүрүүнү билбеген, - адамдар экендигин көзгө сайгандай кылып көрсөтүп берет.

Улуу казалчынын бул саптарда айткан ойлору бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, накта заманбап ойлор катары кабыл алынат. Ал эми казалчынын бул багыттагы пикирлерин жыйынтыктап турган:

Башынан кыргыз чоңдору,

Балит болуп зилдеген.

Башкаралбай кыргызды,

Бар жагынан кирдеген, - деген саптары акын ар качан эч нерсени жаап-жашырбай , жымсалдап-түздөбөй, тике, болгонун болгондой айткан көйкашка ырчы экендигин далилдеп турат.

Кыскасы, Казыбек, бүгүнкүнүн тили менен айтканда, өз элинин менталитетин өтө мыкты, ичкериден билген орошон талант болгон.

Сталинге жазган бул каттагы ойлордун үчүнчү түрмөгү акындын өз керт башына, өз өмүр тагдырына багышталат. “Мен караландым агынан” деп сөз учугун улаган акын:

Кармалсам да кара деп,

Мен Советке каршы эмесмин.

Кайырлуу болор арты деп,

Кайгырып камды жебесмин.

Социалисттик жарышта

Кызматын кылдык Кеңештин.

Канчалык камак берсең да,

Ката бир мунуң дебесмин, - деп өзүнүн социалисттик коомго каршы эмес экендигин ачык-айрым айтат.

Арийне, мындай саптарды жазуу Казыбек үчүн, болгондо да өз учурунда “туругу жок Совет”, “бейлиң курган большевик” деп жазып, ырдап жүргөн Казыбек үчүн канчалык оор, канчалык тозок экендигин элестетүү кыйын эмес.

Михаил Булгаков (1891-1940). 1936-жыл.
Михаил Булгаков (1891-1940). 1936-жыл.

Мына ушул жерде биздин эсибизге залкар талант М.А.Булгаковдун тагдыры түштү.

Отузунчу жылдардын баш ченинен тартып Сталиндин каарына, жеке антипатиясына туш болгон улуу таланттын бардык пьесалары афишалардан алынып, театрларга коюлбай, чыгармалары басылбай, жаңы жазган “Мастер жана Маргарита” романынын келечеги туңгуюкка туш болуп, өзү, чыгармачылыгы күнкарама сынчылар тарабынан ур-токмокко алынган М.А.Булгаков да бул иштердин баарысынын тизгини Сталиндин колунда экенин сезип, ага ачык эле кат жазууга аргасыз болгон.

Бул мисалдардан биз Бийликтин Талантка жасаган өкүмзордугу Талантты белгилүү бир деңгээлде мүңкүрөтүп, убактынча убайымга салып, сары зил санаага чулгап келгендигин дагы бир жолу даана көрдүк.

Албетте, тарыхтын узун сапар жолу ашкере даана тастыктагандай, Бийликтин мындай өкүмзордугунун утушу утурумдук болуп келген, ал эми түпкүлүгүндө эртедир-кечтир ар качан Таланттын салтанаты өкүм сүрүп, Таланттын жеңиши кырмызы байрак болуп желбиреп келген. Бул айтылгандардын айныксыз күбөсү болуп дале болсо ушул Казыбектин (М.А.Булгаков ж.б.лардын да) чыгармачылык тагдыры эсептелет.

Садык Алахан. 11.05.2017.
Садык Алахан. 11.05.2017.

Жыйынтыктап айтканда, улуу казалчынын Сталинге жазган бул каты бир адамдын, болгондо да чыгармачыл инсандын жеке тагдырынын ташпишин баяндоо аркылуу ошол учурдун катаал картинасын көз алдыбызга тартуу менен эртегиден бери келе жаткан жалпы жамияттык орчун проблема болгон Талант жана Бийлик маселесин дагы бир жолу бүт өң-түсү менен ортого салып берди.

Садык АЛАХАН,

филология илимдеринин доктору, профессор,

Ж. Баласагын атындагы КУУнун проректору

Адабият.

Калыгул. Казыбек. Казалдар / Башкы ред. Кеңеш Жусупов. - Бишкек: "Ала Тоо" журналы, 1992. - 136 бет. - ISBN 5-900162-01-X.

P.S.

Урматтуу замандаш!

Эгерде Казыбек Мамбетиминдин (1901-1936) фотосу Сизде бар болсо, ушул дарекке салып жиберсеңиз: webeditor@rferl.org

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG