Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

Кечирилгисти кечирсе эмне болот?


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Буга чейин ушул темада жазган бир макаламдын аягында абхаз жазуучусу Фазиль Искандердин “Софичка” повестине шилтеме жасадым эле. Кызыгып окугандар (интернетте да бар) ал чыгарманын баш каарманы Софичка аттуу кыз бир тууган инисинин эч качан кечирбейм деп жүргөн кылмышын отуз жылдан кийин кечирип койгондо эмне болгонун билишет. Окуй электер окуп, окугандар кез-кезде эстеп жүрсө болгудай мыкты чыгарма.

Кылмышкер элге батпайт

Өзгөчө мээримдүү, күйүмдүү, чынчыл, дили таза кыз Софичка менен башка уруудан Роуф деген абдан намыстуу, шертке бек жигит экөө сүйүшүп баш кошот. Күйөө баланы кайын журту да жакшы көрөт, урматтайт, бир гана кайниси Нури кастыгын койбойт. Анын ыргыткан курч балтасы Роуфтун мойнундагы кан тамырды кесип кетет...

Үзүлүп баратып, Роуф эми мындан ары кан төгүлбөсүн деп керез калтырат Софичкага. Жаш жесирдин төркүндөрү (Чоң Үйдөгү кайын атасы, башка туугандары) да, кайын журту да кектешүүнүн айынан көп адамдар кырылып кетпеши үчүн Роуфтун иниси Шамилди өч алуу ниетинен кайтаруу керек дешет. Нурини болсо уруулаштары карааныңды көрсөтпө деп айылдан кууп ийишет.

Рухий дем – кишилик касиет

Софичка күйөөсүнүн мүрзөсүнө дайым барып, күнүмдүк жаңылыктарды айтканды адатка айлантат. Тагдыр чечер учурларда кандай кадам жасаганын кобурап отурганда, маркумдун арбагы аны дайыма колдоп, дем-күч бергендей сезилет. Көп өтпөй Экинчи дүйнөлүк согуш башталат. Кан күйгөн чектен Шамил качып келип чытырман токойдо жашырынып жүрөт. Жеңесинин намысын коргоп, ага асылган бригадирди атып салат. Аялы менен жеӊесин балээден сактап калуу үчүн өзүнө окшоп жашырынып жүргөн эки шеригин чекисттерге кармап берет да, атынып өлөт.

Кан майдандан аман кайткандан кийин да Нури кечирим сурайын десе, эжеси үйүнө жолотпой коёт. “Эч качан кечирбейм!” деген чечимин ал Сибирге айдалган кайын ата-кайын энесин коштоп барып келгенден кийин да өзгөртпөйт.

Отуз жылдан ашуун мезгил аралыгында шаардык болуп кеткен Нури тамеки бизнеси аркылуу байып, Грузиядагы эки эң күчтүү мафиянын бириндеги абдан таанымал, таасирдүү кишиге айланат. Бирок эжесинин кечирбей койгону дайым ойлонтот...

Чөлдүн пейили тоону басканда

Повестте тоолуктардын абийирге бек салты менен шаарлашкан, соода-сатыктын таасири астында эзелки нарк-насилден алыстап бараткан чөл пейилинин тирешүүсү бир катар курч окуялар аркылуу чагылдырылат. Доор алмашты, эми эскирген түшүнүктөргө байланбай эркин жашоо керек деген кооз, бирок бузук ойго азгырылгандар көбөйгөнү жөнүндө абдан таасирдүү сөз болот...

Шамилден калган жалгыз кыз (уулу Сибирде чарчап калган) Зарифа өтө сулуу, өң-келбеттүү, бирок байлык үчүн денесин сатуудан да тартынбаган өтө ач көз болуп өсөт. Аны багып алган Софичка сураганын эч качан жок дебей берип, акыры Роуфтан калган тамды да сатып, акчасын бүт бойдон колуна карматат. Өзү төркүн карыялар турган Чоң Үйгө көчүп кирет.

Куурчактай сулуу, бирок боору таш, көкүрөгү керең Зарифа атасынын кан күсөгөн душманы, арам байлыктын ээси Нури менен да жакындашмакчы болот...

Керексиз кечирим, куураткан дымак

Талыкпаган мээнеткеч, колхоздун эӊ алдыңкы тамекичиси Софичка жашы элүүгө келип калса да күүлү-күчтүү. Күйөөсүнүн мүрзөсүнө барып, көкүрөгүн бөксөртө сүйлөгөндө, демине дем кошулгандай сезет өзүн. Кайра кайтканда суу толтурган кумурасын опоңой көтөрүп келет дайым.

Нурини дагы эле кечире элек болсо да, бул айылдан чыккандардын ичинен уялаш иниси өтө чоң мартаба күткөнүн уккан сайын ичинен сыймыктанат. Күндөрдүн биринде колхоздун сарайында тамеки тизип отурганда күтүүсүздөн иниси келип калат бет алдына. Ал чөк тизелеп, ыйламсырап, кечирим сурайт. Сен кечирмейинче чөгөлөп тура берем дейт. Кадыр-барктуу инимди бул абалында эл көрсө уят болот деп, Софичка кечирип салат.

Кылы үзүлгөн кыяктай өмүр соңу

Эки бир туугандын ортосундагы өзгөчө сөз ушинтип беймаани кечирим менен аягына чыгат. Бирок бул өтө кесепеттүү бурулуш болгонун эжеси да, иниси да түшүнбөдү.

“Кечирдим” деген сөздү укканда Нури өзүн желкеден басып турган чоң жүктөн бошонгондой сезет. Ошол эле учурда айылдык бир кемпирдин алдына келип чөгөлөп кечирим сураганы үчүн уялат, арданат. Кечиримге жетишкен күнү туугандарымдын баарын чогултуп чоң той берем деп жүргөн кыялын да түккө турбаган бирдеме болгон экен дейт.

Ошентип, тамеки королу Чоң Үйгө да бурулбастан келген жолуна кайра түшөт зуулдап...

...Софичка инисинин туугандарга бурулбай кеткенине, кечирдим деген жаңылыгына эч ким өзү күткөндөй катуу сүйүнбөгөнүнө таң калат. Адатынча мүрзөгө барып, ошол күнү болгон окуяны төкпөй-чачпай айтат. Бирок мурункудай анын чечимин колдогон белги болбойт, боз топурак томсорот...

Чоң катачылыкка жол бергенин туюк сезип, көңүлү кирдеген аял суу алган кумурасы биринчи жолу ушунчалык оорлошуп кеткенин сезет. Ийини талып, үйүнө жеткенче катуу чарчайт. Ошол бойдон төшөктөн турбайт. Догдурлар да эч жардам бере албайт. Күндөн-күнгө күч-кубаты кетип, тез эле жарык дүйнө менен кош айтышат...

Сөз куну – өмүр өзөгү

...Нури эмне кылат? Эжесинин ошончо жылдан бери кечирбей зарыктырып келгенин эстеп жинденет да, газды ого бетер басат. Дөӊгө чыга берерде алдыдагы машинеден озуп өтөм деп, утурлай келаткан башка бир жүк машине менен кагылышып кете жаздайт. Оңго бурууга үлгүрүп, жол четиндеги эңкейишке оодарылып түшөт...

Кудай сактап, машинеси да эчтеке болбойт. Бирок бул тагдырдын чоң эскертүүсү болгонун Нури дагы эле аңдабайт...

Кечирим алганга чейин жазык жоопкерчилигинин деңгээлинде болсо да тизгинин тартып жүргөн эргул эми кудайын тааныбай калат! Катталбаса да башка колхоздун планын толтуруу үчүн жашыруун тапшырылган тамекинин акысын берем деп ала келген эле, эми аны да бербей коюуну чечет, күтүүсүздөн. Колунан келгенди кылсын, даттанса, өзү да түрмөгө түшөт дейт. Кыжыры кайнаган башкарма дароо милийсага арызданат. Ал Нуринин мафиясына эрегишип жүргөн каршылаш жааттын кишиси экен!

Ошентип, чоң жаңжал башталат да, Нури беш жылга соттолот. Эки жыл гана отурганда, достору түрмөдөн куткарып чыгат.

Ач көздүк менен мерездик жашоонун кутун кетирет

Нуринин Зарифа менен жакындашуусу эң ыплас, жийиркеничтүү кылмыш эле. Достору менен бирге сойкуларды ээн жерге алып барып сайрандаган күнү ал өзүнө өтө иренжигенин күңүрт сезет. Тоолуктардын мүнөзүнө тиешелүү сапаттардан уят сезими гана биротоло өчүп кетпей сакталып калган эле...
Сойкулардын бети жоктугуна жийиркенет, өзүнүн балдары жеп-ичкенди гана билген мите болуп өскөнүн эстейт. Канчалык бай, дос-жарлуу болсо да, жашоосунда бардык нерселерден көңүлү калып баратканын ого бетер катуу сезет-туят... Достору менен Зарифаны таштап, ошол туштагы Чоң Үйгө жөө бармакчы болот.

Тикендүү бадалдар жыш өскөн токойду аралап баратып адашат, мастыгы тараганча кийими тытылып, денесинде соо жери калбайт. Акыры бир кезде береке-куттун ордосу болгон, кийин кароосуз калып бузулган Чоң Үйдүн ордуна, анын жанындагы отканага жетет. Тамдын алдындагы чоң атасынан калган жүз жылдык жаңгак да эчак кыйылып, тактайга тилдирилип, сатылып кеткенин ал биле элек болчу.

Ага кирип, дубалдан бала чагында Софичка экөө тарткан кемелердин сүрөтүн көрөт. Кандай тунук, изги кыялдар менен жашаганын эстейт да... өз мойнуна бычак саят.

Окурманга өтүнүч

Бул өтө курч окуялуу, ошого жараша мааниси терең повестти толугу менен окуп чыгыңыз деп кеңеш берем. Анткени макаладагы кыскача баян – көркөм чыгарма эмес, анын көлөкөсү. “Софичка” – кез-кезде кайталап окуганга, идеяларын эстей жүргөнгө арзыгыдай терең маанилүү повесть. Көлөмү да анча чоң эмес. Окусаңыз, өкүнбөйсүз. Бул жерде айтылбай калган көп нерселерди түшүнөсүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG