Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

"Аткаминерлер ойлонуп сүйлөгөнү оң"


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын "пенсияны чогултуп, саякатка жумшаса болот" деген пикири кызуу талкууга түштү. Буга чейин Акылбек Жапаров да каржы министри болуп турганда анын "жүз доллар бир ай жашаганга кеңири жетет" деген сөзүнө сын пикирлер айтылган болчу.

Аткаминерлер, мамлекеттик кызматкерлер эл турмушу тууралуу айтканда эмнени эске алышы керек? Бул тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары, “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева жооп берди.

“Азаттык”: Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын пенсия, пенсионерлер, саясат тууралуу айткандары кызуу талкууланып жатат. Негизи эле "мамлекеттик кызматкер өзүнүн эл-жер кыдырып жүргөн сүрөттөрүн жарыялап, элдин жашоосу тууралуу айтканы туура эмес" деген пикирлер да айтылып жатат. Мамлекеттик кызматкер эмнеден, кай жерден жаңылды деп эсептейсиз?

Догдуркүл Кендирбаева: Мамлекеттик кызматкердин этикасы, атайын кодекси да бар. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын, өзү иштеген мекеменин кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек. Буга чейин бардык кызматтын баскычынан басып бышып, жетилип, элдин көз карашынан туюп, сезген мезгилдер болчу. Мугалимдер чыккан пенсиясы 4,5 миң сом болот, бир жылдык коммуналдык төлөмдөрү болот. Эгер пенсионердин бакыйган балдары болуп, пенсияга тийдирбей бакса - албетте, чогултканга же башка жакты көрүп келгенге жетиши мүмкүн. Алар суратпай эле чет өлкөнү кыдырып жүрөт. Бирок андайлар балким 10% түзөт, "барсамбы-барбасамбы" деп ойлонгондор дагы 10% түзүшү мүмкүн. Ал эми элдин көпчүлүгү саякаттоого бара албайт, бул чындык экенин да айтып коюш керек. Дарылануусу, күнүмдүк керектөө себети деген болот. Пенсионер туугандарым толтура, алар чет жакка эмес, "Бишкекке кел" десең деле ойлонуп атып келет. Негизи эле бүгүнкү күнү кыргызда чет өлкөнү кыдыруу маданияты калыптана элек экен. Ал турсун жергиликтүү пансионаттарга акча төлөп эс алуу маданияты калыптана элек. Ошондуктан бул жерде көпчүлүктүн пикирине кошулам.

“Азаттык”: Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров каржы министри болуп турганда бир киши 100 долларга бир ай кеңири жашаса боло турганын айтып, кызуу талкуу жаралган. Мындай пикирлер элге аралашпагандан, чыныгы жашоону билбегенден улам айтылабы?

Догдуркүл Кендирбаева: Негизинен эл аралык иликтөөдө калктын 30% жакырчылыкта жашап жатканы айтылат. Бирок элдин жашоо-турмушуна сын тагуу болбойт. 100 доллар алган күндө деле анын реалдуу керектөө себетин эсептеш керек, капыстан кете турган чыгымдары болот. Ал, мисалы, 10% бөлүгү 300 сомду түзсө деле он күндө 3 миң болуп кетип жатпайбы. Эптеп жашаса болот, бирок жол карап кайыр сураган карыяларды көрүп, сурап келгенде бооруң ооруйт. Бул сезимтал тема менен ойнобош керек. Норка шуба, тумак кийип, алтын тагынып алып мектепке барып, мугалимдер менен жолугушууда “жашообуз оңолуп келатат, чыдай тургула” десе эч ким ишенбейт. Тескерисинче “алдагындай кийинип, кычырап турсаң биздин абалды кайдан билмек элең” дешет. Ошондуктан көйгөйгө да тилектештик көрсөтүп, өзүн ошол адамдын, пенсионердин ордуна коюп туруп, анан сүйлөш керек.

“Азаттык”: Ушундай талкуулардан кийин "саясий жана административдик орундарды так аныктап, тизмесин түзүш керек" пикирлер да айтылып жатат...

Догдуркүл Кендирбаева: Саясатта менчиктештирүү болбош керек. Саясат тигил же бул партиянын же жетекчинин кызыкчылыгына карата менчиктешпеши керек. Эң биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын көздөш керек. Мисалы, томограф ички органдарыңды кандай көрүп турса, адис да ошол системаны дал ошондой көрүп турбаса, кантип эксперт болот? Кантип кырдаалды чечүүнүн жолун көрсөтө алат? Ошол абалга жетип, жогорку деңгээлдеги адис болуш үчүн бардык жолду басып өтүп, жон териси менен сезип, лидерлик сапаты менен жолду басып өткөндөн кийин, анан ошол деңгээлге жетет. Буга чейин деле кадр тандоо саясатында ар кандай учурлар болуп келген. Азыркы президентке адис тандоо жаатында ишеним күч. Анткени өзү бардык тепкичти басып өткөн. Адис тандоодо жеке кызыкчылыктарга жол бербейт го деп үмүттөнөбүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG