Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Кесиптик кошуундардын таланып-тонолгон мүлкү


Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты. Архивдик сүрөт.
Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты. Архивдик сүрөт.

Кесиптик кошуундар федерациясы бийлик башчыларына кайрылып, өздөрүнө таандык бардык имараттарды, мүлктөрдү, курорт-санаторийлерди өкмөткө алууну сунуштады. Мунун алдында президент Садыр Жапаров аталган бирикмени ири каражат коротуп, мүлкүн сарамжалдуу күтө албаганы үчүн сындаган.

Ага чейин депутаттык комиссия федерациянын карамагындагы мүлктүн теңинен көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин, калгандарынын басымдуу бөлүгү кароосуз калып, талкаланып-бүлүнгөнүн иликтеп чыккан. Федерациянын жетекчилиги дооматтардын айрымдарын четке кагып келет.

Буга чейин аталган бирликтин башчыларына кылмыш иши козголгон, жаат-жаатка бөлүнүп чыр чыккан учурлар катталган.

Мүлк кайгысы, федерациянын кайрылуусу

Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагында азыр жалпысынын 16 объект: алты санаторий, ("Көгүлтүр Ысык-Көл", "Ысык-Ата", "Жалал-Абад", "Жети-Өгүз", "Жыргалаң", "Кыргызстан"), үч эс алуу үйү ("Ала-Тоо", "Чолпон-Ата", "Ысык-Көл"), эки пансионат ("Ош", "Арстанбап"), турпансионат ("Арстанбап-Ата"), турбаза ("Ош"), балдардын ден соолугун чыңдоочу борбор ("Улан"), мейманкана-туристтик комплекс ("Саякат") жана туристтик комплекс ("Бишкек турбазасы") бар. Мындан сырткары аймактык, тармактык жана кесиптик кошуундарга ондогон мүлк таандык.


Федерация 25-октябрда президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, карамагындагы болгон мүлктү өкмөткө алууну сунуштады. Муну "кыйын кырдаалдан чыгуунун" бир жолу экенин билдирди. Анда карамагындагы мүлктөр Советтер Союзунун тушунда салынганын белгилеп, алар жаңыртып, оңдоп-түзөтүүгө муктаж экенин ырастады.

Кесиптик кошуундар федерациясынын кеңешинин мүчөсү, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун айтымында, алар мындан ары мүлктү башкарууга аралашпай, эмгекчилердин, жумушчулардын укугун коргоо деген негизги функциясын гана аткарууну чечти:

"Негизи президенттин, депутаттардын сындаганында жүйө бар. Кыймылсыз мүлктөрдү профсоюз толугу менен иштете алган жок. Бир гана эң мыкты деп белгилеп кетчү нерсебиз - мүлктөрдү ушул кезге чейин сактап келдик. Бир жактуу эле карабай, ушул эмгекти деле белгилеп койсо жакшы болмок. Учурда кээ бир курорттор бүгүнкү күндүн талабына ылайык татыктуу иштеп жатат. Бирок бүгүнкү күндө ушундай маселе туруп калгандан кийин, ички-тышкы инвестиция тарта албагандан кийин, мен бул сунушка кошулдум. Бүгүнкү шартта, бүгүнкү жагдайда, президентибиздин айткан сын-пикирлеринен кийин өкмөткө көп жылга ижарага же болбосо биротоло өткөрүп берүү тууралуу сунуштарды бердик. Биз мындан ары чыныгы профсоюздук ишибиз менен гана алек болуп, кыймылсыз мүлк, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондундагы каражаттарды өкмөт өзү тактап, чечсин деген сунушка мен дагы кошулуп, ошол сунушту бердик. Эми жообун күтүп жатабыз".

Президенттин администрациясы бул сунуш боюнча азырынча жообун бере элек.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн имарат, мүлктөргө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турган. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын таасири азайган.


Соңку бир нече жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлаган. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Буга чейин федерациянын башчыларына бир канча кылмыш иштери козголгон. 2008-жылы эле Башкы прокуратура бирликтин ошол кездеги жетекчиси Сагын Бозгунбаевди путевкалардан түшкөн 126 миң сомдон ашык акчаны кымырып алган деп айыптап, кылмыш ишин ачкан. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган төраганын уулу, федерацияга караштуу “Бишкек турбазасынын” башкы директору Эркин Бозгунбаев жерди ижарага берүүдөн түшкөн 313 миң доллардан ашык акчаны ыйгарып алган деп айыптаган. Ата-бала Бозгунбаевдер дооматты четке каккан.

Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында бирликтеги чыр-чатактан улам иштен кеткен. Атайын кызмат былтыр июнда Асанакуновду коррупция беренеси менен айыптап, камакка алган. Анын ордуна Сагын Бозгунбаев кайра шайланган. Азыркы төрага Эмил Кызаев былтыр апрелде шайланган.

Корогон миллиондор, президенттин сыны

Садыр Жапаров сентябрь айында аталган федерацияга таандык Ысык-Көлдөгү "Жыргалаң" санаторийинин оңдоп-түзөлгөндөн кийинки абалы менен таанышып, ошол жерде көчмө жыйын өткөргөн. Анда Кесиптик кошуундар федерациясын карамагындагы курорттук жана туристтик объектилерди натыйжасыз башкарып жатат деп кескин сынга алган. Соңку 30 жылдан бери бул биримдик алгылыктуу иш кылбаганын, алардын карамагындагы курорт-санаторийлердин баарынын абалы начар экенин, көпчүлүгү менчикке сатылып кеткенин белгилеген.

"Силер 2017-жылдан бери эки бөлүнүп алып чабышып келатасыңар. Кызыл чеке болуп бири-бириңердин чекеңерди жардыңар, кабинетиңерди талкаладыңар. Биз кийлигишели десек, "жок, биз өзүнчө тармакпыз, биз силерге көз каранды эмеспиз" дедиңер. Мыйзамыңарды оңдоп, жалпы элдик мыйзам болсун, башында турган 29 гана адамдын мыйзамы болбосун десек, Европа Биримдигине чейин, дүйнөлүк коомчулукка чейин "бизди жойгону жатат, сойгону жатат" кайрылдыңар. Биз тескерисинче, ушундай кылып жаркыратып жардам берели деген максат менен кириштик эле. Былтыр силерге 550 миллион сом бюджеттен бергенбиз, быйыл дагы профсоюз тармагына 600 миллион сом алганы жатасыңар. Бул элдин, биздин мамлекеттик бюджеттен силерге түшкөн акча. Ошону талап-тоноп, жеп жатасыңар. Бир тыйын салбапсыңар. Финансисттер эсептеп мага берди, колумда турат. 30 жылда 6 миллиард сом алыпсыңар. Алты тыйындык имарат салып койбопсуңар. Эмнеге 29 киши биригип алып башка кишилерди киргизбей, башчы коёбуз деп жатасыңар? 6,5 миллиардды талап-тоноп жеп жүрүпсүңөр. Бийлик талашканыңардын болгон сыры ошол экен", - деген Жапаров.

Президент жалпы 284 объектинин 134ү мыйзамсыз сатылганын айтып, Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасына мыйзамсыз сатылган объектилерди жана жер тилкелерин иреттештирип, мамлекетке кайтарууга байланыштуу ишти баштоону тапшырган. Ошондой эле өкмөткө Кесиптик кошуундар федерациясы менен алардын иштөө принциптерин кайра карап чыгуу, санаторий-курорттук жана туристтик объектилерди заманбап абалга келтирүү үчүн биргелешкен иш-аракеттердин планын белгилөө, жолдомолорду бөлүштүрүү принцибин кайрадан карап чыгууну табыштаган.


Кесиптик кошуундар федерациясынын кеңешинин мүчөсү Асылбек Токтогулов соңку 30 жыл ичинде 70тен ашык объект сатылганын, айрымдарынын жүйөлүү себептери болгонун айтууда

Асылбек Токтогулов
Асылбек Токтогулов

"1992-жылдан бери болгону 73 объект сатылган экен. Анын 34ү Кесиптик кошуундар федерациясынын чечими менен сатылган. Алардын арасынан 24ү кеңештин чечими менен сатылган. Биз буларды мыйзамдуу деп эсептейбиз. Калган жети объект президиумдун, дагы төртөө башкармалыктын чечими менен кетип калган экен. Аларга байланыштуу соттук процесстер жүрүп келген. Аны тактап жатат. Ал эми калган объектилерге шаар мэрлери, губернаторлор, тиешелүү мекемелер аралашкан. Себеби союз тараганда ар бир курорттун күркөлөрү, почталары болгон. Анан мекемелер өздөрүнүн мүлкүн өздөрү алып, менчиктештирген. Айрым учурларда сатуудан түшкөн каражат ошол объектилерди оңдогонго кеткен. Мисалы, "Көгүлтүр Ысык-Көлдүн" эки гектар жери сатылып, жылытуу системалары толугу менен жаңыланып, ички инфраструктурасын оңдогонбуз. 2013-жылы "Ала-Тоонун" эки гектар жери сатылып, акчасына 40 орундуу, бүгүнкү күндүн талабына ылайык коттедждер курулган. "Жалал-Абад" курортунда дагы ушундай иштер жүргөн".

Кесиптик кошуундар федерациясына байланыштуу доомат, чыр-чатакты иликтөө үчүн былтыр июнда Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн жана жыйынтыгын толук бир жылдан кийин жарыялаган. Анда соңку 30 жыл ичинде ондогон объектилер сатылганы, мүчөлүктөн түшкөн акча башаламан пайдаланылып келгени айтылган. Анда Башкы прокуратурага 1992-жылдан тартып 2022-жылга чейин федерациясынын мүлкүн саткан жетекчилерге чара көрүү сунушу берилген. Ошондой эле сатылып кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтарылышы керектиги жазылган.

Прокурлор иликтеген мүлктөр

Парламенттин 26-октябрдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева аталган бирликтин Бишкек, Ош шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мүлктөрүнө байланыштуу жалпысынан 34 кылмыш иши козголгонун, учурда анын 27си тергелип жатканын билдирген.

Үмүткан Конкубаева.
Үмүткан Конкубаева.

"1992-жылдагы токтомго ылайык, федерацияга 63 кыймылсыз мүлк жер тилкеси менен өткөрүлүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул тизмеде көрсөтүлбөгөн дагы 22 мүлк табылганын билдиребиз. Текшерүүдө федерациянын тогуз мүлкү Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу, тогуз мүлк райондук акимчиликтер аркылуу жана 52 мүлк Кыргызстан кесиптик кошуундар бирлиги аркылуу, жалпысынан 72 кыймылсыз мүлк сатылып кеткени аныкталды. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир сунуш берилип, 64 доо арызы сотко жөнөтүлгөн. Анын ичинен 32 доо арызы каралды, калган 32 доо арыз каралып жатат. Жалпысынан 32 мүлк федерацияга кайра кайтарылган. Федерациясынын мүлкүнүн мыйзамсыз сатылышына байланыштуу жалпысынан 34 кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө өндүрүштөн кыскартылып, бир кылмыш иши убактылуу өндүрүштөн токтотулган жана эки кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Калган 27 кылмыш ишине байланыштуу тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындан сырткары мыйзамсыз берилип кеткен жети мүлктү кайтаруу үчүн доо арыз келтирүү жагы каралууда. Ошондой эле федерациянын мүлктөрү тууралуу тараптардын кайрылуусунан улам көптөгөн сот чечимдери чыккан. Учурда ошол чечимдердин мыйзамдуулугу каралууда".

Башкы прокуратура бул иликтеп-териштирүүгө байланыштуу эми декабрь айына чейин дагы парламентте маалымат берет.


Депутаттык комиссиянын корутундусу каралып жатканда, объектилерди мыйзамсыз алган жөнөкөй адамдар эмес, профсоюздун мурдагы жетекчилери, таанымал министрлер, губернаторлор жана мурдагы депутаттар болгону айтылган.

Кесиптик кошуундар бирлигинин санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдар башкармалыгынын жетекчиси Улан Тумаков депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылган, сатылып кетти деген мүлктөрдүн тизмеси жок экенин айтууда.

"Ошол тизме биздин колубузда жок. Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия Кадастрдан алган маалымат экен. Объектилердин баары эле бизге карабайт. Бизде тармактык профсоюздар бар, алардын, мисалы, балдар лагерлери болгон, туристтик базалары болгон. Алардын баары мага баш ийбейт. Мисалы, мага караштуу объектилерди айта турган болсок, "Ош" пансионаты. Ошол бир объектиден бир канча объект, жер тилкелери бөлүнүп-бөлүнүп сатылган. Уставда кеңеш деген бар. Бир эле адам башкарбайт. Ошол жерде кеңештин чечими менен сатылган фактылар бар экен. Айрым учурларда ошол кеңештин чечимисиз эле сатылып кеткен жерлер бар. Кээ бир фактыларды профсоюз өзү билбейт. Азыр ажобуздун тапшырмасы менен Башкы прокуратура иликтеп жатат. Азыр мына менин маңдайымда дагы прокуратура кызматкери отурат", - деди Тумаков.

Буга чейин чыр жараткан мүлктөрдүн арасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине караштуу, Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан "Красная гвоздика" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору болгон. Анда 2016-жылга чейин профсоюздун мүчөлөрүнүн балдары эс алып келген. Аталган кесиптик бирликтин борбордук комитетинин чечими менен жалпы аянты беш гектардан ашык жери бар лагерь Ысык-Көлдөгү 70 сотых жерге башма-баш алмаштырылган.

Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү ошол жерге барганда, кайра кайтаруу тууралуу протоколдук тапшырма берилген. Депутат Руслан Жакышев алмашуу мыйзамсыз болгонун билдирип, чара көрүлүшү керектигин айткан:

Руслан Жакышев.
Руслан Жакышев.

"Бул жерге аким, милиция башчысы, баары келди. Урматтуу аким, сиз ушул маселени ушул убакыт-сааттан баштап колго алыңыз. Ким, кайсы күнү чечим кабыл алган, эмне себептен андай чечим кабыл алган, эмнеге сатылып кеткен, ошону тактап, мына, милиция турат, прокуратура турат, кенедей кемчилик болсо, кылмыш жообуна тарттыруу керек".

Бул жайга байланыштуу бир канча жолу сот болгон. Аламүдүн райондук соту былтыр февралда башма баш алмашууну мыйзамдуу деп тапкан. Чүй облустук соту май айында бул чечимди күчүндө калтырган. Иш Жогорку Сотко жетип, ушул жылдын январь айында төмөнкү инстанциянын өкүмдөрүн мыйзамдуу деп бекиткен.

Илим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошууну бирлигинин төрагасы Асылбек Токтогулов ушул жылы июль айында бул жагдайды Улуттук коопсуздук комитети карап жатканын билдирген. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, дооматтарды четке какты жана атайын кызмат ага айып койбогонун билдирди:

"Бул маселе каралган, ал жерде бизге эч кандай күнөө коюлган жок. Алар жалпы федерацияны карады. Бул маселеде баары мыйзамдуу. Ал 2017-жылдан бери иштеп жатат. Жайында 1,5-1,9 миңге чейин мугалим эс алат. Баардык шарттар түзүлгөн. Бир бөлмөдө төрттөн киши жатат. Андан сырткары күзүндө, кышында ал жерде кээ бир жыйындарыбызды өткөрө алабыз. Ал эми мурдагы "Красная гвоздика" жылына болгону 1,5 ай гана иштечү. Ата-энелер ысыкта балдарын бул жакка калтыргылары келбейт. Ушулардын баарын караганбыз. Мугалимдерибиздин дагы бара турган жери азайып калды да. Анан мугалимдерге эс алуу жай кылалы деп президиумда чечим кабыл алып, ошол жактагы жерге алмашканбыз. Мына быйыл алты жыл болду, ошондон бери тынбай иштеп жатат".


Буга чейин да кесиптик кошуунга байланыштуу бир топ окуялар катталган. Блогер Ыдырыс Исаков ушул жылдын июнь айында Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыгарган.

Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилип, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болгон. Тасманы тартуу учурунда Ош пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чаап жиберген. Коомчулук журналистке ыдык көрсөткөн окуяны кескин сындаган.

2022-жылдын апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин жыйынын уюштуруп, Кыргызстан профсоюздар уюмунан чыгууга, өз алдынча саламаттык сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин укугун коргоо үчүн түзүлгөн уюмга кошулууга чакырган. Ал мындай кадамын бул тармакта иштеген кызматкерлердин укугу жетиштүү деңгээлде корголбой, соттук териштирүүлөргө да профсоюз уюмдары катышпай жатканына байланыштырган.

XS
SM
MD
LG