Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

"Кеткениме парламенттеги окуя себеп". Мамытовдун ордуна Шакиев келди


Жогорку Кеңештин азыркы спикери Нурланбек Шакиев жана мурдагы төрага Талант Мамытов.
Жогорку Кеңештин азыркы спикери Нурланбек Шакиев жана мурдагы төрага Талант Мамытов.

5-октябрда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялады.

Мамытовдун чечимине негиз болгон жагдай

Парламент төрагасы Талант Мамытовдун кызматтан кете турганы он күндөн бери сөз болуп, анын өз калоосу менен арыз жазганын депутат Мирлан Самыйкожо айтып чыккан. Бирок маалымат расмий тастыкталбай, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Талант Мамытов өз ордунда отурганын билдирген. Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жалпы жыйынында Талант Мамытов спикерликтен кетип жатканына "парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун" учкай кыйытты.

"Бүгүн айта турган бир маселе турат, урматтуу кесиптештер. Мен жеке чечим кабыл алдым, ага себеп парламенттеги окуя болду. Бул жерде каалагандар өз ыктыярыбыз менен Баткенге бардык. Бул маселени кээ бир депутаттар айтып, массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Мен ошо кезде чечим кабыл алып, заматта эле арыз жазып Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок бул жерде депутаттар чыгып, силердин суранычыңар менен өз милдетимди Жамиля Исаевага жүктөдүм. Бүгүн ойлонуп чечим кабыл алдым. Силер мени кесиптеш катары туура түшүнөсүңөр деп чын дилимден ишенем. Бугүнкү күндөн тартып төрагалык кызмат бош".

Талант Мамытов толук ачыктабаган окуя Жогорку Кеңештин чек арадагы соңку жаңжалды караган жабык жыйынында болгону белгилүү. Ошондон кийин Мамытов баштаган депутаттардын тобу Баткенге барып келишкен. Андан соң депутат Адахан Мадумаров "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин" ачык айтып чыккан. УКМКнын басма сөз кызматы жана Ташиевдин өзү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Төраганын кетиши күтүлгөн күтүүсүз окуя болду. Мен эртең менен эле уктум. Сүйлөшсөм, кетиш керек болуп жатканын айтты. Эми анысын түшүнүп жатабыз. Парламенттин ичиндеги, жабык эшик артындагы окуялар жана бир топ маселелер ушундай жолго алып келди. Калганын өзү кенен айтып берсе керек. Менин айтарым ушул", - деди парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров.

Талант Мамытов 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-декабрда VII чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болду. Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырганда Талант Мамытов убактылуу президенттин милдетин аткарды.

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. 2012-жылы ал кездеги оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган митинг өткөргөн. Ал башаламандык менен коштолуп, бир нече адам кармалган.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду "бийликти күч менен басып алуу аракети" боюнча соттогон. 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Жалгыз талапкер Нурланбек Шакиев

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин көрсөттү. Калган фракциялар эч кимди сүрөбөгөндүктөн Шакиев жалгыз талапкер болуп калды. Ошол эле оппозициялык көз караштагы "Бүтүн Кыргызстан" талапкер көрсөтпөй, анын айрым депутаттары бул кадамды төрагалык кызматтын алдын ала чечилгени менен түшүндүрүштү.

Жыйынтыгында 80 депутаттын макулдугу менен ал төрага болуп шайланды.

Жаңы дайылган төрага болсо парламенттин, өкмөттүн ички ынтымагы бекем болушу керектигин айтты.

“Мыйзамда көзөмөлдөө функциябыз кандай жазылган болсо, ыйгарым укуктарыбыз кандай болсо ошонун негизинде иш алып барабыз. Эч кандай конфронтацияга барып, аларды көкөлөтө мактап, орунсуз сындоого жол бербей Баш мыйзамдын, регламенттин чегинде иш алып барабыз", - деди Шакиев.

Нурланбек Шакиевдин төрага болору Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жаңы шайланып келгенде эле айтыла баштаган. Ал өзү деле мындай ниети бар экенин жашырган эмес.

Шакиев өкмөттүк "Эркин Тоо" гезитин, ЭлТР телеканалын жетектеген. 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси катары иштеген.

2010-2011-жылдары парламентке келген "Ата-Журт" партиясынын квотасы менен маданият министри болгон. Кийин NewTV телеканалын негиздеп, аны бир нече жыл жетектеген. Ал жерде саясий программаларды алып барып турган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Шакиевдин Бакиевдер менен болгон мамилесине кызыкты.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Бакиевдер боюнча сиздин көз карашыңыз кандай? 2019-жылы NewTV телеканалы Бакиевдин 70 жылдык мааракесин куттуктап, жакшы сөздөрдү айткан. Таарыныч болбосун, бирок мен сизден ушуну сурайын деп жаткам".

Нурлан Шакиев мурдагы президенттерге, анын ичинде Бакиевге карата коомчулук кандай пикирде болсо, анын пикири да ошондой экенин билдирди.

"Мен жеке адам катары, жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакиевдерге карата көз карашым коомдон кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, меники да ошондой".

Бул жооп түшүнүксүз болуп калганын айткан Бекешев: "Сиз эл мененсизби?",- деп кайра сурады. Шакиев "албетте" деп жооп берди.

Шакиев 2021-жылы Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келип, бир нече депутаттар менен бирге “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына кошулуп, кийин Бакыт Төрөбаев кызматка кеткенде ордуна фракциянын лидери болгон. Аталган партиянын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин байланышы айтылып келет. Өткөн жылы парламенттик шайлоодогу теледебат учурунда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов мунун четке какканы бар.

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңеште Ташиевди жактап бир нече жолу билдирүү жасап, оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров экөө кайым айтышкан.

Депутат Исхак Масалиев Шакиев оор учурда төрагалык кызматка отуруп жатканын белгиледи.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Кыргызстанда парламенттин күчү жоголуп кетти. Андыктан төрага болуп шайланган адам Жогорку Кеңештин ордун билдириш керек. Такыр эле президенттин администрациясынын бөлүмүнө айланып кетпесин да. Акыбал оңой эмес, бул жерде эрдик, кээ бир учурда кайраттуулук керек. Шакиевде бул сапаттар барбы же жокпу убакыт көрсөтөт".

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, саясат талдоочулар Нурланбек Шакиев жана ал баштаган парламенттин алдында оор чечимдер турганын айтып жатышат. Алар кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларына байланыштуу документтерди сөз кылууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG