Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Хабаровскиде мигранттар ур-токмокко кабылды


Хабаровскто ур-токмокко кабылган мигрант
Хабаровскто ур-токмокко кабылган мигрант

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганына арызданышууда.

«Азаттык» радиосуна кайрылган жарандар 80дей кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан кармап кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алганын айтышты.

Хабаровскиде алты айдан бери айдоочу болуп иштеп жүргөн Самарбек Осмон уулу - 12-декабрдын кечинде орусиялык күч кызматкерлердин зомбулугунан жабыр тарткандардын бири. Ал кечки саат ондордо унаа токтотуучу жайга ОМОН кызматкерлери келип, айдоочулардын баарын кармап кеткенин айтат:

- Бизди уруп, телефон, документтерди алып коюшту. Таң аткыча сабашты. Мен ооруканага барсам, паспортум жок кабыл алышпады. Азыр үйдө жатам. Акыбалым оор. Кабыргам сынган, бетим гана таза, калган денем көгала. «Эмне үчүн?» деп сураганга мүмкүнчүлүк беришпеди. Он-ондон комнаталарга алып кирип, үчтөн дубинкалар менен сабашты. Баары беткапчан. Кайсы кызмат, кайсы бөлүм, кимдер экенин көргөн жокпуз. Кээ бирөөлөрдүн миграциялык кагаздарын ооздоруна тыгып, артынан суу ичиришти.

Ур-токмокко алынган мигранттардын айтымында, күч кызматкелери аларды Хабаровскидеги Воронежский көчөсүндөгү №1 имаратка алып барып сабашкан.

ОМОНдон токмок жеген кыргызстандык айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Жабыр тарткандар алгач Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупикке жардам сурап кайрылышкан. Байланышка чыккан Жыргалбек күч кызматкерлери мигранттарды ур-токмокко алаардан мурда имараттагы видеокамераларды жаап коюшканын айткан:

- Камераларды скотч менен чаптап коюшту. Бардыгыбызды ылдый каратып отургузуп алып, сабай башташты. «Кызылдан өтөсүңөр», «акчасы жок жүргүнчүлөрдү түшүрүп саласыңар», «ээн баш болдуңар» деп сабашты. «Кебетеңер жакпайт» деп сөгүштү. 4-5 баланы жаман катуу сабап коюшту. Бир бала тилин чайнап сала жаздады. Кашык менен оозун эптеп ачтык. Таңкы төрттө кое беришти. «Эртең кадимкидей ишке чыккыла» деп кое беришти. Кээ бир балдардын документтерин, телефондорун кайтарышкан жок.

Чупикке кийин айдоочулардын бригадиримин деген Назарбек аттуу адам ур-токмокко 80дей кыргызстандык кабылганын тастыктаган. «Азаттыктын» өзбек кызматы дагы 20дай өзбекстандык ушундай эле арыз менен кайрылганын маалымдады.

Мигранттар «Азаттыкка» сүрөт- видеолорду жөнөтүштү.

Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 13-декабрда расмий 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктады.

- Мен ИИМ, прокуратура, Федералдык коопсуздук кызматына нота жаздым. Эмки жумада жообу келет. Ким күнөөлүү, кимиси туура экенин териштиребиз. 17 жаран кайрылды. Тез жардамдан алынган медициналык маалымдамаларын беришти. Жаракаттарын көрсөтүштү. Арыздарын жазышты. Мен тиешелүү органдарга нота менен кайрылдым. Балдар ОМОН дешти. Кайсы күч кызматкерлери экени такталат. Жообун бергенде билебиз, такташып, териштиребиз.

Kadyr Myrzabaev Russia ‎Khabarovsk Krai Kyrgyzstan's Consul
Kadyr Myrzabaev Russia ‎Khabarovsk Krai Kyrgyzstan's Consul

Консулдун айтымында, кыргызстандыктар шаарда маршрутка-автобус айдашкан. Мигранттар өздөрү «ИП Васильев.Н» транспорттук компаниясынын унааларын айдап иштешкенин айтышуууда.

Күч кызматкерлери мигрант айдоочуларды автопарктан кармап кетип жатканда жумуш берүүчү да чакырылган. Консул Мырзабаев жумуш берүүчү маалымат берип, бирок кызматташуудан баш тартканын белгиледи.

Хабаровск крайындагы ИИМ башкармалыгына байланышканыбызда күзөттөгү кызматкер Пономарев мигранттар болжолдуу атаган Воронежский көчөсүндөгү №1 имаратта полиция бөлүмү жоктугун, полиция бөлүмүндө мигранттарды массалык түрдө ур-токмокко алуу тууралуу маалымат жоктугун айтты.

Ал эми ИИМ башкармалыгынын сайтында ИИМдин миграция башкармалыгынын кызматкерлери ФСБ, Росгвардиянын аскерлери менен бирге шаардагы автотранспорттук мекеменин биринде рейд жүргүзгөнү, жанында документтери жок 73 мигрант кармалганы 13-декабрдагы жаңылыкта жазылып турат.

Ошондой эле алар ИИМдин Миграция башкармалыгынын бөлүмүнө алынып келингени, текшерүүдө 12 чет өлкөлүк миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталганы белгиленет.

«Регнум» агенттиги 13-декабрдын таңында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар каттабай, шаарда маршруттук каттамдар токтоп турганын кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG