Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:00

Кумтөр: Көбөйгөн чыгым жана жаңы кен


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын өндүрүүдөгү чыгымдарга байланыштуу түшүндүрмө берип, ага жумшалган каражаттар өскөнүн моюнга алды. Бирок мекеме муну менен компаниянын ишин “чыгашалуу” деп атоо туура эместигин билдирүүдө.

Мунун алдында бир катар басылмалар алтын казууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу чыгым өскөнүн жазып чыгышкан. Ал арада өкмөт компанияга кошумча тилке бергени белгилүү болду.

Киреше-чыгаша жана чыгым

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын киреше-чыгашасына байланыштуу жаңы талкуулар компания үч айлык отчётун жарыялаган май айынын аягында башталган. Бир нече медиа июнда, июлда материалдарынын бир-эки түрмөгүн чыгарса, августта да катар баяндар жарык көрдү.

24.kg, АКИpress.org, Economist.kg, Vesti.kg, Akchabar.kg жана башка сайттар өндүрүштүк сандарды талдаган соң чыгым кирешеден көп экенин, натыйжада компания “чыгашалуу” болуп калганын жазышты. Жөнөкөйлөтүп айтканда, алтындын бир унцийин өндүрүүгө 2 миң доллардан ашык каражат жумшалып, кайра 2 миң долларга чейинки баага сатылыптыр.

Кумтөрдө алтын өндүрүү учуру
Кумтөрдө алтын өндүрүү учуру

“Өздөштүрүлгөн алтындын унцийине өндүрүштүк чыгым 2019-жылы 360 доллар, 2020-жылы 322 доллар болсо, быйыл эки эсе өсүп – 706 долларды түзүп жатат. Ошол эле маалда, продуктуну өндүрүштүк колдоону, анын ичинде салыктарды кошуп санаганда алтындын унцийине кеткен чыгым 2 миң 53 доллар болгон. […] Жыргаткан деле пайда көрүнбөйт. Үч айда 77 миң 547 унций алтын 1 миң 891 доллардан сатылган. А чыгым 2 миң 53 доллар болуп жатканын кайра эстеп коёлу. Жыйынтыгында кен алтынды сатуудан $146,6 миллион доллар таап, металлды өндүрүүгө кайра $159,2 миллион доллар короткон. Демек, Кумтөр 2023-жылдын биринчи кварталында 12,5 миллион чыгымга учураган”, – деп жазды 24.kg басылмасы.


Маалымат каражаттары келтиргендей, салыкты жана башка чыгымдарды кошуп эсептегенде бир унций алтынды өндүрүүгө кеткен жалпы чыгымдар 2020-жылы 864 доллар болгон. 2021-жылкы чыгым белгисиз болсо, 2022-жылкы сумма 1589 долларга жеткен экен. Башкача айтканда, быйылкы 2 миң 53 долларлык чыгым акыркы жылдардагы эң чоң көрсөткүч болуп калууда.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы киреше-чыгашасына байланыштуу мындай маалыматтарды 3-августта да комментарийлеп, кыскача билдирүү тараткан. Мекеме анда "2023-жылы мамлекетке пайда алып келбей, тескерисинче артка кетти" деген кептерди “чындыкка дал келбеген кабар” деп атап, компания “бир да кадам артка кеткен жок” маанисинде кайрылуу жасаган.

15-августта кайрадан тараткан билдирүүсүндө ишкана деталдуу түшүндүрмө берүүгө аргасыз болду. Андагы маалыматта компания Дүйнөлүк алтын кеңешинин сунушу менен All-in costs (AIC) же, “Чыгымдардын баары ичинде” деген ыкма менен иштей турганы айтылат. Башкача айтканда, капиталдык чыгымдар да казылып алынган алтынды өндүрүүгө жумшалды деп эсептелери көрсөтүлгөн.

Кумтөрдө алтын өндүрүү учуру
Кумтөрдө алтын өндүрүү учуру

“2023-жылдын I чейрегинде жалпы чыгымдар (капиталдык менен менен кошо) 2053 долларды түзгөн. Чыгымдардын көбөйүшү узак мөөнөттүү жана капиталдык салымдардын көбөйүшүнө байланыштуу (тоонун бетин тазалоо, алтынды бөлүп алуучу фабриканы модернизациялоо (ЗИФ), кендеги керектүү жабдууларды, оор жана коштоочуу техниканы жаңылоо ж. б.)”. Өздүк наркты эсептөөгө келгенде капиталдык салымдар эсепке алынбайт, анткени алар ишкананын активдерин көбөйтөт. Мында Кумтөр туруктуу киреше берип жатканын белгилеп коюу керек”, – деп айтылат Кумтөрдүн билдирүүсүндө.

Жөнөкөй чечмелегенде, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы бир унций үчүн жалпы чыгым 2 миң 53 доллар болгонун танбайт, бирок капиталдык чыгымдарды алып салганда өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы 1415 доллар болгонун белгилейт. Компания түшүндүргөндөй, алар алтындын унцийин орточо кайра 1891 доллардан сатканда үч айдагы таза пайда 36,9 миллион долларды түзүптүр.


Ишкананын жетекчиси Алмаз Барыктабасов аз күн алдын компаниянын баракчасындагы кыскача видеодо киреше-чыгаша тууралуу кыскача буларга токтолгон:

Алмаз Барыктабасов
Алмаз Барыктабасов

“Эгерде чыгашага иштеп жаткан болсок, анда айлык-маянаны биз кайдан төлөп жатабыз? Анда модернизация иштерин кайсы акчага жасап жатабыз? Биз капиталдык долбоорлорго пландаган акчабызды бөлүп берип жатабыз да. Эгерде чыгаша менен иштеп жатсак, дивиденддерди кайсы акчабыздан төлөмөк элек”.

2023-жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган. Отчёт жарыяланган учурда, үч айдын жыйынтыгында компания 2 тонна 504 кг алтын өндүргөнүн маалымдаган. Ошондо компания мындан 36,9 млн доллар же 3,1 млрд сом киреше тапкан.

“Кумтөр Голд Компани” алты айдын жыйынтыгын июль айында чыгарган. Бирок анын отчёту жарыялана элек, компания Фейсбуктагы баракчасында учкай гана маалымат менен чектелген. Анда айтылгандай, жарым жылда 5 тонна 499 килограмм алтын өндүрүлгөн жана аны сатуудан 341,3 млн доллар каражат түшкөн. Ошондо жылдын биринчи жарымында таза пайда 101,2 млн долларды түзүптүр.

Ошентсе да азырынча алты айдын деталдуу отчёту үч айдыкына окшоп жарыяланбагандыктан журналисттер биринчи кварталдын гана көрсөткүчтөрү менен материал жасап жатышат.


Экс-вице-спикер жана экс-вице-премьер Кубанычбек Исабеков алтынды өндүрүүдөгү чыгым өскөнү тууралуу мындай пикири менен бөлүштү:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

"Алтын өндүрүү дүйнө жүзүндө эң пайдалуу өндүрүш болуп эсептелет. Ошону үчүн да канадалыктар Кумтөрдү аягына чейин иштетип, болгон нерсесин алып чыгып кетип жатты. Анан эле, биздин бийликтин колуна өткөн эки жылдын ичинде эле алтындын унцийине чага келгенде кайра чыгым болуп калышканы таң калычтуу. Бул ар кандай ойлорду жаратат. Тоскоол болгон эч ким жок, баары мамлекеттин колунда, анан эмне болуп жатышат? Эсептөө палатасы эмнеге текшербейт? Биз жаман көргөн канадалыктар эчак эле кеткен, алардын айлыктары да асман чапчычу. Азыркы кызматкерлердин маянасы андан азайтылса, демек, чыгымдар кайра кыскарышы керек эле да. Жердин кыртышын тазалоо иштери дегидей, алар азыр негизинен Борбордук деп аталган карьерден эле казып жатышат да. Ал аянтта ошондой эле Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген жер бар. Ал болсо мурдатан казуу иштери жүргүзүлүп келген жер, тазалоонун кереги жок. Мындай жол менен кете берсе анда компания банкрот болот дегенге ишенсе болот. Себеби, алтындын өндүрүү сатуучу баасынан аша берсе, бул кандай болот? Айтор, суроолор көп".

Салыктар жана төгүмдөр

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы өзү жарым жылдыктын деталдуу отчётун бергиче башка мекемелер кендеги төгүмдөр азайганы тууралуу да учкай маалымат чыгарды.

Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр ээлик кылган Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ – ЕАБР) соңку баяндамасында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) жана бюджетин аткаруу тууралуу баяндап, анда Кумтөр кенинен түшкөн каражаттар азайганын кабарлады.

Кумтөрдүн заводу.
Кумтөрдүн заводу.

“2023-жылдын январь-май айынын жыйынтыгында мамлекеттик бюджет ички дүң продуктуга карата 1,9% профицит менен аткарылды, бир жыл мурда ушул эле мөөнөттө бул көрсөткүч 2,4% болгон. 2023-жылдын январь-июнунда мамлекеттик бюджеттин кирешеси арбып, ички дүң продуктуга карата 4,2%ды түздү. Сырткы соода, айрыкча Кытай менен активдешкенинин эсебинен салыктык төлөмдөр (ИДПга карата +1,9%) жогорулады. Ошону менен катар Кумтөр ишканасынан түшкөн төгүмдөр ички дүң продуктуга карата 4,7% азайды. Чыгымдар ИДПга карата 4,5% өстү”, – деп айтылат ЕАӨБдүн августтук баяндамасында.

Кыргызстандын Өкмөтү бул жагдайга байланыштуу комментарий бере элек. Бирок мурдараак Экономика жана коммерция министрлигинин адистери быйылкы жарым жылдыкта ички дүң продуктунун өсүү темпи тууралуу жагдайга түшүндүрмө берип жатып, Кумтөрдөгү өндүрүш кыскарганын моюнга алган.

Экономика жана коммерция министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын экономика секторлорун макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев “Азаттыкка” мына буларды айткан:

Насирдин Шамшиев
Насирдин Шамшиев

“Январ айында ички дүң продуктунун өсүү темпи 4,8% болгон эмес беле? Январь-апрелде 4,4% өсүш болгон. Январь-июндун жыйынтыгында 3,9%га чейин төмөндөп кеткен себеби Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Ал жерде кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып калып жатат. Рудада металлдын коэффициенти төмөн экен. Бул кендин өндүрүшү азыр жалпы өнөр жайдын 25% үлүшүн түзөт. Ошону үчүн андагы өйдө-төмөндөө жалпы көрсөткүчтөргө жетиштүү эле таасир этет”.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

Өкмөт кенди толук колуна алган 2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Жогоруда белгилегенибиздей, азырынча алты айлык отчёт толук жарыялана элек. Биринчи кварталда Салык кызматына, Соцфондго, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна, камсыздоо, башка төлөм жана алымдарды эсепке алганда бюджетке 48,1 млн доллар же 4,2 млрд сом төлөнгөн.

Жаңы тилкенин баяны

Бул арада “Кумтөр Голд Компани” жана анын шериги “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларына алтын өндүрүү үчүн жаңы тилке берилди. Балким, жаңы кен десе да болот. Себеби ал Кумтөрдөн 30-40 чакырымдай алыс жайгашкан, өзүнчө жер.

Министрлер кабинетинин 4-августтагы токтомуна ылайык, аталган компаниялар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тоголок алтын кенин каза алат. Анын аянты 42,2 гектарды түзөт. Мындагы алтындын болжолдуу эсеби 17 тонна 367 килограмм деп бааланган.

Кеп болгон документ аркылуу аталган ишканаларга ушул эле райондогу Жангарт аянтында да чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилди. Анын аянты 10 379,8 гектар. Башкача айтканда, эгер ал жактан да алтындын кору табылса компаниялар андан ары аны да казууга лицензия алышат.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчиси Алмаз Барыктабасов “Ала-Тоо 24” телеканалына бир нече күн мурун маек курган учурда мына ушул жөнүндө айткан эле:

Кумтөр кениндеги негизги тилке.
Кумтөр кениндеги негизги тилке.

“2023-жылдан 2031-жылга чейин ачык карьер менен иштейбиз. Ага удаа 2026-жылдан баштап жердин алдынан алуу ыкмасын иштетебиз. Буга улай Калдыктарды сактоочу жайлардан алтын алууну баштайбыз. Ошону менен алтындын көлөмү 150-155 тоннага барат. Ал эми жалпы запастарыбыз 300 тоннадан ашык. Анан, муну менен токтоп калбай, биз азыркы күндө Кумтөрдүн тегерегиндеги, жакын жердеги башка кендер боюнча иштерди активдүү алып барып жатабыз. Тиешелүү документтерибизди аларыбыз менен биз, чалгындоо иштерин баштайбыз”.

Учурда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларында Кумтөр кениндеги Борбордук, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген тилкелерди иштетүүгө лицензиясы бар. Анын аянты 16,3 миң гектарды түзөт.

Аларда алтын азайып баратат. Ошол себептүү Кыргызстан кенди өзүнө алган соң компанияларга Тоголок кени да берилери тууралуу маалымат мурдатан эле чыккан. Аны президент Садыр Жапаров да, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк да ар кайсы платформаларда кеп кылышкан.

Ал тургай 2022-жылдын февралында президент Жапаров кенге барган учурда Бөлтүрүк “Тоголокто 100 тоннага чейин алтын болушу мүмкүн” деген жоромолун жарыялаганы бар.

Кыргызстандын тоо-кенчилер ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков Тоголок кени жөнүндө “Азаттыкка” мындай маалыматтарды берди:

Дүйшөн Камчыбеков
Дүйшөн Камчыбеков

“Тоголок кени союз учурунда изилденип, кору аныкталган. Бирок ушул күнгө чейин ал жерге барып иштей турган компания табылган эмес. Кумтөрдү “Центерра” башкарып турган учурда деле алар Тоголокту иштетүүгө кызыккан эмес. Себеби, Кумтөрдүн өзүнөн кошумча корлорду табуунун үстүнөн иштеп келишкен. Алар жана башка инвесторлор Тоголокке баргысы келбеген себеби, ал жерде инфратүзүм жок. Жогорку чыңалуудагы линия тартып бериш керек, жолду салыш керек, ушуларды жана башка нерселерди эске алганда чыгым көп кетет. Анан Кыргызстан кенге тышкы башкаруу киргизип, эми колуна алган соң тегерегинен изилдөө иштерин жүргүзүп, кошумча аянттарды табуу зарылчылыгы пайда болду. Ошондуктан Кумтөргө Тоголок кенинин берилгени туура болуп жатат. Аларда жол салганга, электр линиясын тартып барганга мүмкүнчүлүгү бар. Менимче, компания тиешелүү даярдыктарын көрүп, техникалык-экономикалык негиздемесин жасап, долбоорлорун түзө берсе болот. Запасы 17 тонна алтын деп айтылганы менен анын айланасынан дагы Кумтөрдөгүдөй кошумча корлор табылып калышы ыктымал”.

2012-жылкы геологиялык чалгындоонун алкагында Кумтөр кенинин иши 2026-жылга чейин уланары маалым. Бирок кийинки чалгындоонун жүрүшүндө алтынды 2031-2032-жылдарга чейин казса болору айтылган. Ал эми калдык сактоочу жайлар кайрадан иштетилсе, кендин өмүрү 2040-2042-жылдарга чейин узарышы мүмкүн. Албетте, жыл сайын өндүрүлгөн алтындын көлөмү мурдагы жылдардан азайып жүрүп отурары айтпаса да түшүнүктүү.

Кумтөр кенин иликтеп жүргөн мамлекеттик ишмер Кубанычбек Исабековдон “Кумтөр Голд Компани” ишканасына Тоголок кенинин берилиши тууралуу пикирин сурадык:

“Тоголок кенин өздөштүрүү үчүн ага өзүнчө компания ачып, фабрика салып, тиги-бу кылуу - өзүнчө чоң чыгым. Бул биринчиден. Экинчиден, ал кенди жаап отургандан пайда жок. Мамлекеттин, элдин экономикасын көтөрөбүз десек, аны иштете бергенибиз туура. Ал жерде Тоголоктон сырткары башка да кендер бар. Ал экологиялык жактан да пайдалуу, анткени дагы башка фабрика салып, дагы башка калдык сактоочу жай курбай, баары Кумтөрдө иштетилет. Мисалы, Талды-Булак, Андаш, анан Жерүй кендери бар. Үчөөнү үч башка компания иштетет, фабрикалары, калдык сактоочу жайлары өзүнчө. Бул бери эле дегенде ысырапкорчулук болуп атпайбы. Бул экологияга да зыян да. Болбосо үчөө бир жерде эле жайгашкан. Айтор, ушуларды эске алуу менен Тоголок кенин иштетүүсүн колдойм. Бирок “Кумтөр Голд Компани” эмитеден эле чыгымга учурап жатса, анда Тоголоктон да пайда таппай калабызбы деп корком”.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Кыргызстандын колуна өткөндөн кийин анын экономикалык өңүтү өзүнчө сөз, ошол эле маалда аны башкаруудагы ашыкча чыгаша жана ысырапкорчулук өзүнчө узун кеп.

Тенгиз Бөлтүрүк менен Садыр Жапаров Кумтөрдө. 2021-жылдын 15-июну.
Тенгиз Бөлтүрүк менен Садыр Жапаров Кумтөрдө. 2021-жылдын 15-июну.

2020-жылкы Октябрь окуясынан соң алмашкан бийликтин шары менен Канадада жашаган кыргыз жараны Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын Директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан мүчө болуп кирген. Жаңы бийлик 2021-жылы майда кенди башкарууну колуна алып, “Кумтөр Голд Компаниге” Бөлтүрүктү башкаруучу кылып дайындаган. Узак талаш-тартыш жана сүйлөшүүдөн кийин – 2022-жылдын апрелинде Кумтөр толугу кыргыз өкмөтүнө өткөн.

2022-жылы “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги түзүлүп, ага “Кумтөр Голд Компани” ишканасын жана башка кендерди башкаруу укугу берилген. Тенгиз Бөлтүрүк холдингди да, ишкананы да бирдей жетектеп турган.

Бирок ошол эле 2022-жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүктү, “Кумтөрдүн” ошол кездеги жабдуу боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловду кармаган. Кийин ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалган.

Башкы прокуратуранын тергөө тобу Эсептөө палатасы менен бирге текшерүү жүргүзгөн. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд 146 млн 449 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Августтун башына карата 844 млн 512 миң 858 сом чыгым ордуна келтирилген. Камактагы төрт кызматкердин экөө, анын ичинде Бөлтүрүк үй камагында.

Тенгиз Бөлтүрүк камакка алынган соң, ал башында турган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 3,5 миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй кайра жабылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG