Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Кумтөр өкмөткө өткөн эки жылда эмне өзгөрдү?


Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы майда алган.
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы майда алган.

Бишкекте Кумтөр алтын кенинин иштетиле баштаганынын 30 жылдыгы белгиленди. Анда президент Садыр Жапаров "Кумтөр" долбоору убагында коррупциянын символуна айланганын, толугу менен Кыргызстанга өтүшү менен жаңы доору башталганын айтты. Келечекте Тоголок алтын кенин иштетүү, калдыктардан алтын иргеп алуу иштери башталарын белгиледи.

Мааракеде Садыр Жапаров өзүнүн саясий карьерасында Кумтөр маселеси маанилүү болгонун белгиледи.

Кенди элге кайтаруу мүдөөсү мындан 21 жыл мурда башталганын, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгондо Кумтөр маселесин байма-бай көтөргөнүнө токтолду. Жапаров Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшү менен саясий коррупцияны жоюу башталганын айтты:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Кыргызстанда Кумтөрдүн улутташтырылышы менен саясий коррупциянын демонтажы башталды десек болот. Мурда саналуу чиновниктер өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн "Кумтөрдүн" жетекчилигин канатына калкалап, натыйжада, коррупциялык система түзүлүп калган. Кыргызстандын түбүнө жеткени калган ал системага бийлик бутактары, өкмөттүк түзүмдөр аралашып алган. Азыр анын баары жоюлуп, Кыргызстан оңолуунун жана коррупциядан арылуужолунда! Элден айланса болот, калың элдин колдоосу, зор ишеними жана командабыздын талыкпаган эмгегинин аркасында улуттук байлыгыбыз – Кумтөр бүгүн мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Буга чейин айтылып келген “Кыргызстан кенди өз алдынча иштете албайт, мындай татаал өндүрүштү алып кете албайт” деген куру сөздөргө да татыктуу жооп бере алдык", - деди Жапаров.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылы Кумтөрдөн 14,5 тонна алтын, былтыр, 2021-жылы 17 тонна алынса, быйыл 14 тонна алтын казылып алынган.


Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, кенди канадалык “Центерра Голд компани" компаниясы иштеткен 28 жылда 410 тоннадан ашык алтын казылып, сыртка чыгып кеткен.

"Мамлекет үлүштүк кирешеден болгону 100 миллион доллар алган. Мамлекетке өткөн эки жылда "Кумтөр Голд Компанинин" 2023-жылдын тогуз айындагы таза кирешеси 146 миллиондон ашык долларды түзгөн. 2022-жылы компаниянын таза кирешеси 371,7 миллион долларга жеткен. Отчеттук мезгилде төлөнгөн дивиденддердин суммасы 140 миллион долларга барган. Учурда кендеги алтындын кору 134 тонна. Мындан сырткары кошумча 100 тоннадан ашык казылып алынышы мүмкүн. Калдыктарды сактоочу жайларда 120 тоннага жакын алтын бар", - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 17-октябрда "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов инвесторлорду тартуу аракети башталганын билдирди. Ошондой эле материалдык камсыздоодогу кемчиликтерди жоюу багытында иштер жүрүп жатканын айтты:

Алмаз Барыктабасов.
Алмаз Барыктабасов.

"Ички жакты эле карап отура бербей инвестиция дагы тарталы деп жатабыз. Мына жер астынан иштетүү ыкмасы келатат, калдыктарды сактоочу жайды дагы кайра иштетишибиз керек. Башка өлкөлөрдө кандай тажрыйба бар, кандай иштетип жатат деген маселелерди карадык. Эң башкы маселе болгон материалдык камсыздоо жагында эмне себептен ошондой иштер болуп кетти, ага жол бербөө үчүн кандай туура иш кылышыбыз керек деп баарын командабыз менен бир сыйра карап чыгып, өзгөртүү киргизип, ишти алып баруудабыз. Биздин карьер татаал, баары биз каалагандай, пландагандай кете бербейт. Кыйынчылыктар болот".

Алмаз Барыктабасовдун ырасташынча, калдыктардан алтын ылгап алуу долбоорун финляндиялык Metso Outotec (Меца Аутотек) даярдап жатат жана ал келерки айдын ортосунда даяр болот.

"Алар бизге эки-үч ыкманы берет. Кайсы ыкма экономика жагынан, кайсы ыкма алтынды ылгоо жагынан пайызды берет деп талдап беришет. Биз анан тандайбыз. Андан кийин техникалык долбоору даярдалат. Компания өз ишин аткарып бүткөндөн кийин, капиталдык чыгымдар 250-300 миллион долларга чейин барышы мүмкүн".


"Кумтөр" Тоголок кенин, Жангарт аянтын иштете турганын билдирген. Компания 18-октябрда Тоголокко барчу жол салына баштаганын кабарлады.

"Үч-Кошкон тоолуу кыштагынан Тоголокко чейинки жолду салуу – бургулоо иштерин баштоодогу эң негизги милдеттердин бири. Бул маршрут эки ашуу жана бир нече тоо дарыялары бар эң татаал 37 чакырым аралыкты камтыйт. Тоголок алтын кенине карай кетчү жолду салуу үчүн учурда жүк ташуучу жана атайын оор техникалар тартылып, иш толук жүрүүдө. Жол салуу жумуштары жакынкы убактарда аяктап, Тоголок кенин өздөштүрүү боюнча алгачкы иштер башталат", - деп жазылган маалыматта.

Бул кендер Министрлер кабинетинин 4-августтагы токтомуна ылайык берилген. Тоголок кенинин аянты 42,2 гектарды түзөт. Мындагы алтындын болжолдуу эсеби 17 тонна 367 килограмм деп бааланган.

Аталган токтомдун негизинде Жангарт аянтында да чалгындоо иштерин жүргүзүү укугу берилди. Анын аянты 10 379,8 гектар. Башкача айтканда, эгер ал жактан да алтындын кору табылса, компаниялар андан ары аны да казууга лицензия алышат.

Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн жарандык активист Нарис Калчаев кен Кыргызстанга өткөн эки жылдын ичинде эколоиялык доо, акциялар тууралуу суроолорго жооп жок экенин айтууда.

"Кумтөргө байланыштуу туура эмес жагдайлар айтылып жүргөн. Ошонун баары ачык айтылбай калды да. Экологиялык канча зыян келтирилгени аныкталып берилген, соттордо уткан, бирок Акылбек Жапаров кол койгон акыркы келишимде жарандар соттон утуп алган экологиялык чыгымды, соттун чеимдерине карабай өздөрү эле билип, доону кечип коюшту. Азыркы бийлик "Центеррадан" доолабайбыз деп милдеттеме алып алышты. Экинчиси - акциялар тууралуу. Ошол 750 миллион доллар турган акцияны мындайча айтканда берип койду. Эмнеге ошол акциядан баш тартканы тууралуу жообу болгон жок. Ушул жагы түшүнүксүз болуп калды".

Нарис Калчаев Тоголок кенинин, Жангарт аянтынын берилишине байланыштуу дагы жагдайга токтолду.

Нарис Калчаев.
Нарис Калчаев.

"Мен буга чейин дагы Тоголок кенин казыш үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек деп жазгам. 2017-жылы "Мөңгү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизип, эки мөңгүго уруксат коюп, калганына тыюу салынбады беле. Тоголок кени дагы, Жангарт участкасы тең мөңгүдө турат. Мыйзамды өзгөртпөй туруп лицензия кандайча берилди, булар кантип казат? Экинчиси - Сарычат-Ээрташ корун аныкташ керек болчу. Эгер Тоголок менен Жангарт ушул корукта жайгашса анда кандай болот? Менин баамында ал экөө тең ушул коруктун аянтына кирет. Эгер чындап корукта турган болсо анда аларды казуу мүмкүн эмес. Алар документтерди кандай бүтүрдү, лицензия кандай берилди, толук маалымат берилбей жатат. Мен азыр буга байланыштуу тийиштүү органдарга, Жети-Өгүз райондук администрациясына кат даярдап жаткам",-деди Калчаев.


Соңку эки жылда Кумтөргө байланыштуу кылмыш иштери козголуп, жетекчилер камалган учурлар дагы болду.

Башкы прокуратура Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.

"Кумтөр" Кыргызстанга өткөндөн кийин ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу ыйгарылган. Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган жана ушул жылдын апрель айында үй камагына чыккан.

Ушул жылдын март айында Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Кумтөр алтын кениндеги кызмат көрсөтүүлөрдөн акча уурдалганын айткан.

Мындан көп өтпөй, апрелде Башкы прокуратура анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда 844 млн 512 миң 858 сому Бөлтүрүк жана анын шериктеринен өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын" билдирген.

Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убактагы эсеп-кысапты талдап, жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердиги ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.

Бөлтүрүк камалгандан кийин азыркы бийликтин дымактуу идеясы аталган, кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашырат деген "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги жоюлган.

Адеп Кумтөр алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы майда алган, 2022-жылы апрелде компаниянын 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Тараптар бири-бирине каршы доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди тынч чечүүнү макулдашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG