Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Соода-өнөр жай палатасындагы талаш


Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун кеңеши. Иллюстрациялык сүрөт.
Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун кеңеши. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына жетекчи болуп Марат Шаршекеевдин кайрадан шайланышына бир катар ишкерлер нааразы болуп жатышат. Алар шайлоо учурунда уюмдун уставында жазылган эрежелер сакталбаганын белгилешүүдө.

18-декабрдагы Соода-өнөр жай палатасынын жетекчисин шайлоо мыйзамсыз өттү деген бир топ ишкерлер шайлоону уюштурган комиссияны сотко берерин билдирүүдө. Палатанын айрым мүчөлөрү жыйын мыйзамсыз өткөнүн жана эрежеси бузулганын айтып жатышат. Алар курултайга палатага мүчө болгон бардык өкүл чакырылбастан, 120 өкүл гана добуш бергенин, бул одоно эреже бузуу экенин айтууда.

Аталган палатанын мүчөсү, ишкер Темирлан Сарлыкбеков «Азаттык» радиосуна буларды айтты:

Темирлан Сарлыкбеков.
Темирлан Сарлыкбеков.

«Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдети - ишкер чөйрөнүн башын бириктирип, аларды «курт-кузгундан» коргоп, ишкердиктин өнүгүшүнө жана мамлекетке пайдалуулугунун жогорулашына жол ачуу. Мен Жапония, Германия, Түркия сыяктуу экономикасы кыйла өнүккөн бир топ өлкөнүн соода-өнөй жай палаталарында болуп, кыска мөөнөттүү атайын окууларына, тажрыйба алмашуу иш-чараларына катышкам. Ишкердик тажрыйбама таянып жана башка өлкөлөрдүн палаталарына салыштырып ачык айта алам: бизде өнүгүүгө өбөк боло алчу механизм жок. Соода-өнөр жай палатасынын жыйналышынын президиумунун мүчөсү катары мыйзамсыздык жана ыймансыздык менен коштолгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм жана анын жокко чыгарылышы үчүн күрөшүм мыйзам чегинде уланат».

Палатанын жетекчисине адегенде жети талапкер ат салышкан. ​Алар:

  • Кайрат Итибаев, «Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын» өкүлү, Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;
  • Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
  • Кубатбек Рахимов, өкмөт башчынын кеңешчиси, Соода-өнөр жай палатасынын кеңешинин мүчөсү;
  • Марат Шаршекеев, Соода-өнөр жай палатасынын азыркы президенти;
  • Уран Ниязалиев, «Дан Агро Азык» ишканасынын башкы директору;
  • Бахтияр Мухамедзиев, «Аю Холдинг» ишканасынын вице-президенти;
  • Роман Касымов, «Ишкерликти өнүктүрүү фондунун» төрагасы.

Экинчи айлампага палатаны 10 жылдан бери башкарып келаткан Марат Шаршекеев жана Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев чыгышкан. Жыйынтыгында Шаршекеев добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон.

Дагы бир ишкер Жоодар Сайдилкан палата өзүнүн милдеттерин так аткара албай жатат деген пикирин айтты.

Жоодар Сайдилкан.
Жоодар Сайдилкан.

«Соода-өнөр жай палатасында реформа жүргүзүп, аны өз алдынчалыкка алып келүү эң зарыл иш болуп турат. Себеби, азыр Соода-өнөр жай палатасына совет доорундагыдай ойлонгон, бизнес жөнүндө жаңы түшүнүктөрү, жетишкендиктери жок, мамлекеттен көз каранды болгон эски кишилер 10 жылдан бери узурпациялап алып, кеңешти, башкарууну бербей, саясат жүргүзүп келатышат. Жада калса уставдагы «65 жаштан жогору жаштагы адамдар Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине шайлана албайт» деген беренеге карашкан жок».

18-декабрдагы ишкерлердин курултайында ишкананын президентин шайлоодон тышкары акыркы беш жылдагы аткарган иштер, палатанын каржылык ишмердиги тууралуу делегаттарга отчёт берилди.

Марат Шаршекеев айтылган дооматтарга макул эмес.

Марат Шаршекеев.
Марат Шаршекеев.

«Жыйын өттү, - деди ал. - Устав менен мени шайлашты. Мындан башка эч нерсе деп айта албайм».

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат.

Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Мүчөлүк акысы бир жылга 10 миң сомду түзөт.

Соода-өнөр жай палатасынын уставында мындай деп жазылган: «Бул жеке менчик сектор өзүн-өзү көзөмөлдөгөнү үчүн кайсы бир компаниялардын монополиясы ишке ашпайт. Мамлекеттин астында столго тең ата отуруп, өзүнүн талаптарын, каалоолорун өкмөттөн ачык сурайт алат жана ал талаптардын аткарылышына жараша отчёт алат».

XS
SM
MD
LG