Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:59

"Эмгек өргүүсүнө кеткени кабарланган Жогорку Кенеш өткөн бир жылда кандай иштеди?" деген суроо коомчулуктун талкуусунда.

Парламент депутаттары мыйзам чыгаруу ишинин сапатын көтөрө алдыбы? Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө кандай болду? Бошогон орундарга кимдер депутат болуп келип жатат? Деги Жогорку Кеңеш көз каранды эмес бийлик бутагы боло алдыбы? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев жана укук коргоочу, парламент маселелери боюнча эксперт Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Аалы мырза, "парламент депутаттары биринчи сентябрга чейин эс алууга кетти" деген маалымат коомчулукта ар кандай ойлорду жаратууда. "Кыргызстандын эмгеккке жарамдуу адамдары бир ай эс алса, депутаттар эмне үчүн эки ай эмгек өргүүсүнө чыгат?" деген суроолорду берип жатышат...

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Аалы Карашев: Ооба, коомчулукка ар кандай маалыматтар айтылууда: "эки айлык каникулга кетти", "эмгек өргүүсүнө чыкты" деп атышат.

Мен тактап коёюун: июль айында депутаттар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт жана эл менен иштейт. Депутаттар кайсы жерде кимдер менен жолугушуу уюштурууну мурдатан эле пландаштырып келишкен. Ал эми август айында депутаттар башка кыргызстандыктардай эле кадимки мыйзамдуу эмгек өргүүсүнө чыгышат, 1-сентябрда сессия өз ишин баштайт.

“Азаттык”: Рита айым, сиз Жогорку Кеңештин ишине байкоо жүргүзгөн шайлоочу-эксперт катары айтсаңыз. Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын арттагы бир жылдагы ишмердүүлүгүнө кандай баа бердиңиз? Мыйзам чыгарууну алар сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө алыштыбы?

"Ишкерлик менен жүргөн кишилерге мыйзамдардын бат-бат өзгөрө бериши оорчулук жаратпайбы?" деген суроо туулат.

Рита Карасартова: Сан жагынан караганда биздин парламент ар дайым алдыда. Депутаттык топтор “жылына баланча мыйзам долбоорун жаздык” деп мактанышканын көп угуп калам. Мисалы, былтыр Салык кодексине эле 12 жолу өзгөртүү киргизилиптир. Бул жагынан рекорд. Бирок сапат жагынан же болбосо логикага канчалык сыят - бул башка маселе. Анткени ишкерлик менен жүргөн кишилерге мыйзамдардын бат-бат өзгөрө бериши оорчулук жаратпайбы деген суроо туулат. Бүгүн бул мыйзамга, эртең башка мыйзамдарга чогултуп туруп, жалпы өзгөртүүлөр киргизилбегендиктен бир аз убакыт өткөндөн кийин эле бир мыйзам экинчисине карама-каршы келип калган учурлар бар. Айрым учурда Конституцияга каршы келген жагдайларды да байкап калабыз. Ошондуктан мыйзам кабыл алууда системалуу иштер жүрсө дейт элем.

Кээ бир учурларда депутаттардын айрым топторунун кызыкчылыгы, бизнеси үчүн кайсы бир тармактарга (айталык, дары бизнеси) байланыштуу мыйзамдарды өткөрүп алууга карата “лобби” болуп жатканын байкайбыз, бирок аларды так айтуу кыйын. Жалпылап айтканда, Жогорку Кеңеште сан жагынан мыйзам кабыл алууда демилгелер көп, бирок сапат жагында маселе бар.

“Азаттык”: Аалы мырза, өткөн бир жылда Жогорку Кеңеш кабыл алган 16 мыйзамга президент кол койбой, артка кайтарганын мыйзамдардын сапатсыз кабыл алынышы менен байланыштырып сындагандар бар...

Аалы Карашев: Жогорку Кеңеш саны жагынан алганда мурдагы жылдарда 200-300дүн тегерегинде мыйзамдарды кабыл алган учурлар болгон. Өткөн бир жыл ичинде азыркы Жогорку Кеңеш 124 мыйзам кабыл салса, анын 108ине президент кол койгон. Эң негизгиси - биз мыйзамдын санына эмес, сапатына көңүл бурушубуз керек. “Ал мыйзамдын таасирин, пайдасын жөнөкөй эл же болбосо бизнес чөйрөсү, жалпы коомчулук сезип жатабы?” деген көптөгөн суроолорго жооп табышыбыз керек. Ал эми президенттин кайчы пикири же кол койбой калышы дайыма эле болуп келет. Мамлекет башчысы бир жылы беш мыйзамга, экинчи жылы он мыйзамга каршы чыгышы мүмкүн. Былтыр 16 мыйзамга кол коюлбай калышы ошол сапатка байланышкан аракет деп түшүнөм.

“Азаттык”: Рита айым, парламенттин экинчи чоң милдети - кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу. "Жогорку Кеңеш бул милдетин пландуу түрдө аткарбай, мүшкүл чыккандан кийин, маселе жаралгандан кийин өрт өчүрүүчүнүн милдетин гана аткарып жатат" деген пикирлер көп.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Рита Карасартова: Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча аракеттер болуп жатат. Мисалы, кечээ жакында Жогорку Кеңеште жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын аткарылышы боюнча парламенттик талкуу болуп өттү. Айыл өкмөттөрү, жарандык коом өкүлдөрүн да катыштырып: “Мыйзам кандай аткарылып жатат?” деп алардын ойлорун кенен угуп, кызуу талкуу болду. Мыйзам менен күн сайын иштеп жаткандар менен анын оң жана терс жактарын талдоого алынганы жакшы көрүнүш. Парламент мыйзамдын аткарылышы үчүн ушундай формадагы иштерди алып барып жатканы мага жакты. Ушул тажрыйба менен кетсе жакшы болот эле.

Аалы Карашев: Биздин парламентте мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүбүзгө караганда, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жагында аксап жатканыбыз бар. Азыр айтып отурган "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды парламент улантат. Жогорку Кеңештеги тогуз комитетте өзүнө караштуу тармактар боюнча мыйзамдардын аткарылышын кароо боюнча биринчи кадамдар болуп жатат, жумушчу топтор түзүлүүдө. Мен баса белгилеп айтып коюучу нерсе – мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө биринчи коомчулук алыш керек, байкап, талдоо жүргүзүп, парламентке сунуш-пикирлер менен чыгып турушу зарыл.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Жогорку Кеңеш жолго чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:03 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG