Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Кыргыз-тажик чек арасы: Жаңы протокол бардык маселени чечеби?


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары 2-октябрда Баткен шаарында жолугуп, жаңы протоколго кол коюшту. Бул документ чек арадагы талаштарды чечүүгө өбөлгө болору айтылды.

Протоколдордун мазмуну белгисиз

Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунда кол коюлган протокол жөнүндө окшош маалымат таратты. Бирок документтин мазмуну тууралуу маалымат бериле элек.

“Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча олуттуу пикир алмашуу болду”, - деп айтылат өкмөттүн сайтындагы кабарда.

Кыргызстандын өкмөтү тараткан сүрөт. 2-октябрь, 2023-жыл
Кыргызстандын өкмөтү тараткан сүрөт. 2-октябрь, 2023-жыл

Маалыматка ылайык делегация жетекчилери – эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиялары кыргыз-тажик чек арасындаги тилкелер боюнча жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды берген.

"Чек арадагы бардык маселени чечет"

Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Ташиев жана Ятимов соңку протокол (№44) кыргыз-тажик чегиндеги бардык маселелерди чечет деп билдиришти. Алардын видеосун эки өлкөнүн мемлекеттик телеканалдары жарыялады.

Ташиев документ кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку чечимди кабыл алууга негиз болорун айтты:

“Кеп болуп жаткан протокол эки тараптын макулдугу менен кабыл алынды жана ал чек арадагы бардык маселелерди чечүүгө негиз болуп берет. Кудай кааласа, биз жакын арада мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча соңку чечимдерди кабыл алабыз. Мен бул чечимди кабыл алууга жана протоколду даярдоого катышкан эки тараптын командасына ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары биз чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биздин комиссиялар үзгүлтүксүз жана тынымсыз иштеп, бардык чечимдерди тез арада даярдоосун макулдаштык. Бүгүн биз кабыл алган чечимдер чек арадагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздап, элдердин достукта жана ынтымакта жашашына шарт түзөт”, - деди.

Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирди.

“Жаңжалдар дайыма тарыхтан төмөн болушу керек. Ошондуктан биз бүгүн, азыр Баткен шаарында №44 протоколго кол койдук. Бул протоколду ишке ашыруу буга чейин тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдарга негиз жана себеп болуп берген бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү чечет. Бул протоколду даярдоо жана ишке ашыруу эки өлкөнүн лидерлери – Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эрки менен болуп жатканын мен бардык жоопкерчилик менен жарыялайм. Биз бул протоколду кабыл алуу менен аны акырындап ишке ашырып, эң кыска мөөнөттө негизги документке келебиз деп ишенебиз”, – деди Ятимов.

Расмий маалымат чыгардан мурда бийликке жакын делген журналист, блогерлер “кыргыз-тажик ортосунда талаш токтоду”, “тарыхый чечим кабыл алынды" деген маанайда маалымат таратышты.

Чек ара протоколунда эмне камтылышы мүмкүн?

Мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов соңку кол коюлган протоколдо эң талаштуу делген тилкелер боюнча кандайдыр бир орток пикир камтылган болушу мүмкүн деп божомолдойт.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

“Такталбай, аныкталбай, 100 жылдан бери чечилбей келе жаткан жерлер Баткен районунда, баягы эле чубактын кунундай чубалган Төрт-Көчө, Ворух анклавы, 275 метр дегендердин тагдыры чечилдиби деп ойлойм. Эми бул менин божомолум. Кийин так болгондо көрөбүз да”, - деди Мамытов.

Мамытов эки өлкөнүн чек ара чечүүдөгү аракетин кубаттайт. Чек ара боюнча дагы бир жергиликтүү серепчи Жумали Адилбаев документтин мазмунун билбей туруп, алдын ала талдоо эртелик кылат деп эсептейт. Ошол эле кезде чек ара боюнча акыркы окуяларды жылыш катары баалады.

Жумали Адилбаев.
Жумали Адилбаев.

“Сыягы ал жерде реалдуу маселе ортого коюлду. Мындай учурда бир тараптуу утуш болбойт. Себеби, ар мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар. Ошондуктан сүйлөшүү дагы татаал болуп жаткан. Мындай маселелер он өлчөп бир кесилет. Ачык болбой жатканы ал жерде дагы талкуулап, чече турган маселе болуп жаткандыр. Ошондуктан жеңил караган туура эмес. Ар түрдүү сөздөр айтыла берсе, сүйлөшүүлөргө зыяны тийип калышы мүмкүн", - деди.

Бир катар журналист, активисттер маанилүү делип жактан соңку протоколдун мазмунун ачык айтууга чакырып жатышат.

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. 2022-жылы президенттер жолуккан учурда 664 чакырым боюнча орток пикир табышканын билдирген. Адистер чек араны тактоодо талаштуу, татаал аймактар калганын белгилеп келишет. Ошондой эле эки өлкө чек ара тилкелерин тактоодо канчанчы жылкы картанын негизинде чечүү боюнча дагы ар кандай позицияны карманып келишет.

Жакында эле УКМКнын төрагасы Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Мындай жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун айткан.

Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Чектеш аймактардагы тактала элек тилкелерде маал-маалы менен жаңжал чыгып турган. 2021-жылдын жазында, 2022-жылдын күзүндө катуу куралдуу кагылыш болуп, эки тараптан тең жоготуулар болгон. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин күнөөлөгөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG