Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Укук коргоочу Токтонасыров БШК төрайымынын кызматтан кетишин талап кылууда


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин талап кылып, пикетке чыгам деген ниетин маалымдады. Өндүрүш Токтонасыровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, нааразылык акциясы БШКнын имаратынын алдында болушу ыктымал.

Укук коргоочу Боршайком 4-октябрдагы шайлоону калыс өткөрүүнү камсыз кыла албастан, мыйзамсыздыкка жол бергени үчүн БШК төрайымынын бул кызматта иштөөгө мындан ары моралдык укугу жок деп эсептейт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо бийликчил «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары 7% босогодон өткөн.

Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптар 5-октябрдан тартып ырааттуу митингге чыгыып, айрымдары 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алышкан. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан айрым саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингдер маалында Садыр Жапаровдун таламдаштары атаандаш тынч митингге кол салып, натыйжада ал бир нече кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, бул окуя боюнча тартип сактоо органдары кылмыш ишин козгогон. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден тышкары, Темирлан Султанбеков сыяктуу айрым тынч митингдин катышуучулары да бул окуяга байланыштуу камакка алынган.

Митингдерден ждана президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусунан соң БШК өзүнүн 6-октябрдагы отурумунда 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын кайра жокко чыгарган.

13-октябрда Жогорку Кеңеште кворумга жетишилип, анда жаңы төрага болуп Канатбек Исаев шайланган. Жогорку Кеңештин бул отурумунда шайлоо үчүн күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу, өтүү босогосун үч пайызга түшүрүү боюнча демилгелер көтөрүлүп, Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо долбоорлору даярдала баштагандыгы жарыяланды. Бирок анда люстрация маселеси кандайча камтылары белгисиз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG