Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Куудул Борончунун “Азаттыктын" студиясындагы азилдери


Бүгүн 1-апрель, Күлкү күнүнө карата “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна куудул Борончу Кудайбергенов жооп берди.

-Борончу мырза, бүгүн Күлкү күнүнө карата кыргыз куудулдары кандай иш-чара өткөрөсүздөр, ушул тууралуу айтып өтсөңүз?

- Ойгонгондо эле тамаша менен баштайбыз да. Мен өзүмдү бул күнү бирөөлөр тамашалады эле, мен дагы ошентип тамашаладым.

Үйдө отурсам эле бирөө чалып, “ай, Борончу, сенсиңби?” - деди. “Ооба” десем, “эми сен эл тааныган, эл сыйлаган эле баласың. Бирок туура эмес иштерди кылат экенсиң”, - деди.

Түшүнбөй калып, “эмне болду, байке?” - десем, “уят эмеспи, эми бирөөнүн аялы менен жүрөт экенсиң, ал менин кесиптешим болот. Биз милицияда иштейбиз. Азыр сен кайсы жактасың?” - деди.

“Үйдөмүн”, - десем, “үйүңдүн адресин деле билебиз, кетпей тур, азыр барабыз”, - деди.

“Ай, байке, кимди айтып жатасыз?” десем, “өлүмүш болуп каласың да, ошондой артистсиң да сен, ошон үчүн туруп тур, азыр үйүңөргө барабыз” десе, мен коркконумдан башка жерде эле жолукпайлыбы деп жиберген экенмин.

- Негизи ушул 1-апрелде куудулдар бири-бириңиздер менен кандай тамашалашасыздар?

- Куудулдар менен бири-бирибизди бир жерге чакыра коймой тамашасы популярдуу. Анткени мени дагы бир жолу “айылдан байкең ооруп жатат, вокзалдан тосуп ал, 2де келет” десе, барып отура берген болчумун 3 сааттай.

Азыр жаңы эле баш-аягыбызды жыйып жатабыз, балдарыбызды сабакка алып барып келип.

Эми тамашалашып баштайбыз да. Негизи куудулдардын көпчүлүгү түшкө чейин уктап, түштөн кийин тамашалашабыз.

-Борончу мырза, бүгүн күлкү кунүнө карата биздин угармандарыбызга сатиралык, же кулкүлүү окуяларыңыздан айтып бербейсиздерби.

- Телефон аркылуу чыгып жатпайсыздарбы, бул боюнча бир тамаша бар. Бирөө айылына атасына чалып сүйлөшүп жатат дейт, “ата, мага акча керек эле. 6 миң сом”, - десе, атасы “ай, укпай жатам, эмне дейсиң?” - десе, “ата, мага 6 миң сом акча керек болуп жатат”, - десе атасы “угулбай жатат”, - десе, ортодо оператор кыз “ай, ата, мага жакшы угулуп жатат го”, - десе, атасы жини келип “сага жакшы угулуп жатса, 6 миң сомду сен берип койчу”, - дейт.

Анан силер уктап жатканда азыр ойготуп жатпайсыңарбы.

Буга байланыштуу милиция досторум жөнүндө анекдот эсиме түшүп кетти.

Бир милиция уктап жатып, чоочуп ойгонуп кетиптир, түшүнө КАМАЗ кирген окшойт да. Анан чоочуп ойгонуп кетип эле, “КАМАЗ, КАМАЗ”, - деп ойгонсо, аялы уктатып койот дейт “уктай бер, бош КАМАЗ”, - деп.

- Анда сизди бүгүнкү Күлкү күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктайбыз. Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG