Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Чет элдик медициналык туризм: Кеттик... –пи?


Кыргызстандык дарыгерлер иш үстүндө.
Кыргызстандык дарыгерлер иш үстүндө.

Чет мамлекеттерге саякаттын бир түрү болгон медициналык туризм жана ички саламаттык сактоо системасынын көйгөйлөрү тууралуу ой толгоо.

Кыргызстан - Атажуртубуз эмнеси менен айырмаланат? Ажайып жаратылышы, таза абасы, туулуп-өскөн журтубуз катары аурасы... Айтор, чет өлкөлүктөргө өз мекенибизди мактап бүтө албайбыз (алар да өз атажуртун бизден кем эмес кадырлашары жөнүндөгү ойго көп нейрон корото бербейбиз).

Ала-Тообуздун дагы бир өзгөчөлүгү - Борбордук Азиядагы өзгөчө либерал турмушу. Чет өлкөгө чыга турганда бөгөт болчу атайын “чыгуу визасы” дегенди постсоветтик борбордук азиялык чөлкөмдө алгачкылардан болуп жойдук. Бул - өзүң каалаган мамлекет виза берсе болду, Ала-Тоодон ээн-эркин чыга аласың, мурдагыдай КГБнын же башка бир мекеменин “бул киши чет жакка чыга алат” деген бүтүмүн алууга зар болбойсуң дегенди туюнтат.

Мунун артында дагы бир жакшы жагдай жатат: эгерде кайсы-бир өлкөгө жөн гана эс алуу үчүн эмес, саламаттыгыңды чыңдоо үчүн жөнөп кетишиң керек болсо, анда, албетте, сага өз мамлекетиң тарабынан көз ирмемге да тоскоолдук жок.

Дал ушул туризмдин түрү - эл аралык медициналык туризм кыргызстандыктарды улам жаңы өлкөлөргө - Индия, Түркия, Орусия, Казакстан, Түштүк Корея, ошондой эле Батыш Европа менен АКШга да самсытууда.

Бул дагы биз үчүн чоң жетишкендик!..

Кана, ушул жерден саал тыным алып, анан ойлонуп көрөйүнчү...

Иса Ахунбаевдин эстелиги. Бишкек.
Иса Ахунбаевдин эстелиги. Бишкек.


Кыргызстан СССР кезинде эле Борбордук Азияда хирургдар жүрөккө операция жасоону баштаган алгачкы жумурият болгон. Бул өлкөдөн Иса Коной уулу Ахунбаев (1908-1975) сыяктуу мыкты кардиохирургдар жана башка кардиологдор чыккан. Алардын арасында Сейтхан Жошубаев, Талантбек Батыралиев сыяктуу өзүм кадырлаган нечендеген инсандар бар.

Өлкөбүздө нейрохирургия сыяктуу тармактарда татааал операцияларды жүзөгө ашырган академик Миталип Мамытов сыяктуу дарыгер илимпоздорубуз бар.

Маркум академик Арстанбек Алтымышев (1930-2000) космосту изилдөөчүлөр, космонавттар үчүн дары-дармек жасоо тармагында залкар салым кошкон фармаколог болгон.

Биздин өлкөбүзгө да коңшу мамлекеттерден миңдеген кеселдер айыгуу үчүн самсып келүүдө.

Демек, медициналык туризм –– бир тараптуу нерсе эмес экен да... Ички медициналык туризм деген да бар. Кээде бишкектиктер жүрөккө операция жасоо үчүн Жалал-Абад шаарына барган учурлар жөнүндө угуп калам.

Ал эми кайсы тармактар боюнча кыргызстандыктар саламаттыгын чыңдоо үчүн сыртка агылууда?

Мен бардыгын санап өтө албаймын. Дарыгер эмесмин. Тек, катардагы дилетант иретинде билгендеримди гана айтсам жетиштүү.

Биринчиден, бөйрөк, боорду ж.б. трансплантация кылуу тармагы боюнча...

Бизде органды трансплантация кылууга мыйзамдык бөгөт бар экен. Демек, мыйзам чыгаруучуларыбыз чет өлкөлөрдөгү ушундай татаал операцияларды жасаган мекемелердин ыктыярдуу колдоочуларынан болуп жатышкан тура!

Арийне, сырт жактарга гепатит жана башка оорулардан айыгуу үчүн жөнөп жаткандар ал жерлерде узак жашай алышпайт, акыры татаал операциядан соң кайтып келишет.

Ал эми трансплантация жасай албай жаткан өлкөдө, трансплантациядан кийинки бейтаптын андан аркы айыгышын көзөмөлдөй ала турган медициналык механизм да жарытылуу түзүлбөй тургандыгы түшүнүктүү.

Дагы бир маселе - онкологиялык бейтаптардын тагдырына байланыштуу. Албетте, күндөп-түндөп мээнет кылып, ак эмгеги менен ар кишини айыктырууга алпурушкан онколог ак халатчандарга ыраазычылык гана билдиребиз. Маселе - системалуу көйгөйдү ачууда.

Өзүмдүн жакындарым баштан кечирген бир нече кейиштүү мисалдарды аргасыз үйрөнгөн соң, мен айрым өксүктөрдү жалпылап айта кетейин. Адистер жана адис эмес замандаштарыбыз деле ачык ой бөлүшөөр.

Өсмөдөн жабыркагандарды айыктыруу жаатында өлкөбүз укуктук кайдыгерликтин терең сазына баткан экен деп калдым.

Бир чети, Кыргызстанда өтө гумандуу мыйзам кабыл алынып, өсмөдөн запкы көргөн бардык бейтаптарды Бишкектеги онкологиялык борбордо гана жана бекер айыктыруу керек деген шарт жаралыптыр. Атайын борбор түзүлсө жана бекер дарылашса - кандай сонун! Чынында да, бул - гумандуу мамиле. Бирок бул - медалдын бир гана жагы.

Ал эми медалдын экинчи четин, көмүскө жагын айтсак, бекер жата турган бейтаптар өз жууркандарын, шейшептерин алып келип, айрым дарыларды “чү” дегенде эле 100 АКШ долларына же ушуга жакын кымбат баада сатып алып, улам башка имараттарга анализ тапшыруу үчүн самсып, ал эми анализдин жыйынтыгын колуна толук тийгизе электе эле дарыгер бейтапты хирургиялык кийлигишүү керек экен деп ынандырып (бул операция деле акысыз болушу керек, бирок шыбыроо жолу менен дарыгердин эмгеги эске салынып турат), анан операциядан соң дарыгериң: “Аттиң! Кеспей койгондо туура болмок экен да! Алдын-ала аппарат көрсөтпөй койбодубу!” деп алаканды шак коюп отуруп берип, деги койчу, далай балакетти бейтап гана эмес, жакындары да баштан кечирет.

Химиялык дарылоо деген азабы да бар. Албетте, дүйнө жүзүндө ушундай ыкма колдонулат. Бирок бизде бейтаптын денесинин атайын медициналык картасы түзүлбөстөн, бир органындагы өсмөгө чабуул коюу үчүн химиялык зат аркылуу башка дене мүчөлөрүн (маселен, боор менен бөйрөктү) да уулантып чыгуу усулу арбын колдонулат.

Бул онкологиялык борбордун ар бир дарыгеринин компүтери өзүнчө эле мамлекеттик сыр жайгашкан сандыкка тете. Чет өлкөлөрдө ушундай клиникаларда ар бир бейтаптын акыбалы тууралуу маалымат компүтерге түшүрүлүп, аны тиешелүү дарыгерлер таптакыр башка имараттан эле дароо көрө алышат. Мага болсо Бишкектеги бул борбордун дарыгери “болочокто ошондой системага өтсөк деп атабыз” деп үмүт байлатып жооп кайтарды. Неге азыр эмес! Тээ алыскы айылдардагы орто мектептерге деле Интернет жеткирилип калбадыбы! Анан Бишкектеги борбордун компүтерлерин бирдиктүү “Түндүк” сыяктуу системага байлап салуу оорбу? Кайдыгерлик го, же...

Демек, ар бир дарыгердин дарылоодогу сыры, албетте, консилиумдардагы жалпы маалымдоо учурларын айтпаганда, башка дарыгерлерге оперативдүү түрдө көрүнүп турбайт, ар бир бейтаптын дарыланышынын сыры ошол бир гана дарыгердин компүтеринде көмүлүп калат дегенди туюнтат да...

Бул - санариптик ачык маалымдоо жаатындагы олуттуу өксүк.

Ал эми жаңы уюшулуп жаткан жана мыкты лабораториялык жабдуулар менен мыкты жабдылган, эгерде тиешелүү жабдуусу болбосо, чет өлкөдөгү шеригине бейтаптын кан бүртүгүн ж.б. жиберүү аркылуу так анализди онлайн жасоо кудурети ушул мүнөттө да бар болгон жеке менчик клиникаларга жогорудагы олуттуу мыйзам өсмө ооруларын айыктырууга... тыюу салып турат.

“Бир кадам четке жылып, өсмөнү өз билгендик кылып айыктырам десең, атыласың (б.а. лицензияң токтотулат)” деген Дамокл кылычындай мизи жалаңдап турган талап жүзүңө мээленип турат.

Деги, мамлекеттик саламаттык сактоо системасы жетишсиз каржыланып жаткан чакта, өсмөнүн айрым түрлөрүн айыктырууга мыкты шарты бар жеке менчик клиниканы Баткен, Нарын, Каракол, Ош сыяктуу шаарларда же Бишкекте атаандаш курууга каршы чыгууну мыйзамдык жол менен тастыктоонун өзү адамгерчиликпи?

Кайсы бир жакыны өсмөнүн кесепетинен жабыркаган айрым мыйзам чыгаруучулар бул маселени дурус билишет, бирок Ак үйгө барганда эле унутта калтырышат, дегендей пикирлерди айрым дарыгерлерден уктум. Балким, алар деле бул көйгөйдү алынын келишинче козгоп жатышкандыр?

Бул - бир гана монополиячы онкологиялык борбордун эмес, бүткүл улуттун көйгөйүнө айланып калды.

Дал ушул жагдайдан улам өсмө оорусунан сакаюу үчүн кыргызстандыктар колу-буту жеткен чет мамлекеттерге дарыланууга кетүүдө.

Мындай чет өлкөлөрдөгү дарылоо жайларын чыңдоого багытталган медициналык туризмдин Кыргызстан үчүн канчалык залалы бар? Сыртынан карагнада, эч кандай. Бул –– чет өлкөгө сайрандап кеткендердин бириндей эле. Жеке тандоо...

Чындыгында, андай эмес!

Ансыз да кымбат болгон чет өлкөлүк медициналык тейлөө акысын мындай койсок (кыска мөөнөткө барчу кыргызстандыктар саламаттык сактоодогу башка өлкөнүн камсыздандыруу фирмаларынан символдук гана колдоо табат жана клиникага төлөнчү акча каражатынын басымдуу бөлүгүн же бардыгын өз чөнтөгүнөн төлөөгө аргасыз), деги учак билеттеринин, жакындары менен чогуу барганда жайгаша турган конок үйүнүн, же башка жатактардын, сырттагы күнүмдүк тамак-аштын акчасы эле Кыргызстанда калып үнөмдөлүп калат эле го?

Ошондой сыртка агылган каражаттар Кыргызстандагы медициналык жайларды чыңдоого жумшалышы керек деген түшүнүккө качан жетебиз?

Андан тышкары, Кыргызстан деле кадыр-барктуу мамлекет катары заманбап медициналык камсыздандыруу системасын жолго коюшу зарыл.

Чет өлкөлөрдө жашап, мыкты камсыздандыруу системасынын карапайым кардары болуп келген ала-тоолук катары ой бөлүшө кетсем: ар бир киши бейтап болбой туруп эле медициналык камсыздандыруу үчүн ай сайын акча төлөп турса, ал эми бул каражаттан башка бейтап колдонуп, ооруканалардагы дарыгерлердин чөнтөгүнө бир да тыйынды салбагандай болсо, ал эми дарыгериң жана анын мекемеси өз татыктуу адистик даярдыгына жана эмгегине ылайык алиги камсыздандыруу компаниясынан (тактап айталык: бейтаптан эмес, камсыздандыруу компаниясынан) чоң өлчөмдө акы алып турса, ошондо гана коомубузда татыктуу жашоого зарыл болгон камсыздандыруу шарты түзүлөт. Бул шарттан ошол эле дарыгерлер да башка атуулдардай эле кардар катары колдоно алышат (алар деле кээде башка дарыгер адистердин көмөгүнө муктаж болушат эмеспи).

Балким, менин бул макаламды айрым бийликтеги төбөлдөр жана байлар окуп отурбастыр. Алардын өз бейтаптарын же жеке өздөрүн айыктырууда чет элдик медициналык туризмди колдонуу үчүн миң аргасы бар эмеспи.

Бирок бул блог болочокку реформачы саясатчылар менен мыйзам чыгаруучулардын көзүнө байкоостон чалынып калышы деле ажеп эмес деген үмүттө жазылды...

P.S.

Байкасаңыздар, эл аралык медициналык туризмден оболу ички жагдайлар көбүрөөк сөзгө алынды көрүнөт.

Кошумчалай кетсем, Кыргызстанда ооруканаларда гана эмес, үйдө төшөктө жатып же сапарда баратып каза болгондордун сөөктөрүн да мыйзамга ылайык сөзсүз моргго жеткирип, кардын ачып, жалпы анализ жасоону милдеттендирүү тууралуу мыйзам керек экен.

“Мусулманчылыкта кишинин денесин кесип ачууга болбойт” деген эски жомокту айткандар –– барып турган сабатсыздар деп эсептейм. Өзгөчө бул талапты дааватчы эмес эле, дарыгердин оозунан укканда айран-таң калат экенсиң!

Заманбап жалпы талап дарылоодогу өксүктөрдү жана башка көмүскө калган сырдуу (кылмыштык, байкоостон шалаакылык кылган ж.б.) жагдайларды биротоло ачыктоо үчүн каражат болуп берет. “Маркумдун сөөгү жылуу кезде жерге жашырылышы керек” деген ысык климаттардагы (илгерки чума сыяктуу жугуштуу ооруларды болтурбоого багытталган) талап мурда деле Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында аткарылчу эмес; бабаларыбыз алыскы туугандардын атчан келишин күтүп, сөөктү жерге койбой үч-төрт күндөй кармап турушаар эле.

Андан тышкары, биз көп этностуу, көп диндүү коомдо жашап жатабыз. Маркумдун алдын-ала жазылган керээзине ылайык анын соо органдарын трансплантация жана башка медициналык максаттарда колдонууга уруксат алуу салтын да мыйзам чегинде калыптандыруу зарыл.

Бардыгыбыз тең сааты жеткенде ушул ажайып дүйнө менен кош айтышабыз.

“Рухум гана башка жакка кетээр (эгерде ошондой жак чындап бар болчу болсо), ал эми дене мүчөм дагы бир замандашымдын өмүрүн узартуу үчүн огожо болушу ыктымалдыгын күтүү кандай бакыт!” деген сезимде көз жумган киши адамгерчилик гимнин акыркы бир саамда да салтанат менен аткарып, адамзат жашоосуна жана мекениндеги ички медициналык туризмге опол тоодой колдоо кылып жатпайбы!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG