Эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеген Кыргызстанда кыргыз тили толук мамлекеттик тил боло алдыбы?
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасында окуп жаткан сүрөтчү Сергей Худолеев кыргыз тилинде таза сүйлөйт. Ал кыргыздарга кыргызча сүйлөп кайрылганында көп учурда орусча жооп аларын белгиледи.
“Мындай учур менде көп эле болот. Айрыкча, дүкөндөргө кирип, сатуучуларга кыргызча кайрылсам, алар мага орусча жооп кайтарышат. Бул албетте, туура эмес. Менимче, кыргыздар эле эмес, дегеле кыргызстандыктар кыргыз тилин сөзсүз билиши керек”.
15 жылдан бери кыргыз тили боюнча жеке тил курсун иштетип келе жаткан Наргиза Өмүракунова акыркы эки-үч жылда гана кыргыз тилине болгон талап жогорулай баштаганына токтолду.
"Мурун кыргыздар келишчү, бирок азыраак санда эле. Көбүнчө орус улутундагылар, анан айрым башка улуттар келип окушчу. Азыр мамлекеттик кызматтарда кыргыз тилине талап жогорулап калгандай болду. Иш-кагаздар да кыргыз тилине которулуп, тил боюнча иш-чаралар көп эле жүрө баштады. Ушундан уламбы, айтор, акыркы 2-3 жыл ичинде биздин тил курсунан окугандар көбөйдү. Кыргыздар да көп келе баштады. Алардын айрымдары сабаттуулугун арттыруу үчүн кайрылат”.
Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев мамлекеттик тилдин кадырынын көтөрүлбөй жатышына жарандар өздөрү күнөөлүү деп эсептейт. Ал эне тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан башташ керек деген сунушун айтты:
“Эми бизде мыйзам жетиштүү эле. Чет өлкөлүктөр кыргызча үйрөнүп, бизге кыргызча кайрылып жатса, кайра өзүбүз орусча жооп берип жатпайбызбы. Шаардык жаштарыбыз дээрлик орус тилдүү. Анткени орус бала бакчага барган, орус мектепте окуган. Анан алар кыргызча кантип оюн жеткирмек эле? Илимий көз караштан алып карасак, адам баласынын тили 6 жашка чейин калыптанат. Демек бала бакчалардан башташ керек эне тил саясатын. Анан да бизде бир катмар бар. Кыргызча билсе деле, орус тилин мода көрүп, орусча сүйлөшөт. Бул көбүнчө 12-25 жаштагылар арасында байкалат”.
2021-жылдын июль айында Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп түзүлгөн. Ошондой эле, кайра түзүлгөн комиссияга бир нече мекемелерди өткөрүү боюнча токтом кабыл алынган.
Алардын бири - Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.
"Кыргызтесттин" натыйжасы
“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси 2012-жылы түптөлө баштап, 2013-жылы түзүлгөн. 2015-жылдан баштап өлкө ичинде үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келе жатат. Мекеме А1, А2, Б1, Б2, С1 категориялары боюнча жарандардан тест алып, тил билүү деңгээлин аныктайт.
Келерки жылы “Кыргызтест” эң жогорку делген С2 деңгээлин киргизүүнү пландап жатат.
2015-жылы тест система жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасына милдеттүү түрдө киргизилген.
Бул тесттен өткөндөрдүн арасында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын мамлекеттик тил адиси болуп эмгектенген Сүйүн Бектемирова да бар.
"Биринчи жолу мамлекеттик тил боюнча тестти 2018-жылы тапшыргам, анда деңгээлим Б2 болчу. Учурда мен иш кагаздар менен иштейм. Талап боюнча мамлекеттик тилде иш кагаздарды жүргүзүшүбүз керек. Анан ушул үч жыл аралыгында тилди канчалык деңгээлде өздөштүргөнүм кызык болуп, кайра С1 деңгээлин тапшырып көрдүм. Жыйынтык жакшы чыкты. Лексика-грамматика – 94, окуу, угуу – 88, жазуу – 90, ал эми сүйлөө боюнча 74 упай алдым. Ар бир жаран мамлекеттик тилди билиши шарт деп ойлойм, андыктан баарыбызды жапа тырмак эне тилди колдоого алууга чакырам”.
“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская өлкөдөгү мамлекеттик тилдин абалын статистикага таянып баяндап берди.
“2017-жылы дегеле постсоветтик өлкөлөрдүн арасында эң алгачкылардан болуп Кыргызстанда президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилден тест тапшырышты. Дал ошол окуядан кийин элдин аң-сезими ойгонуп, 2018-жылы массалык түрдө бүткүл республикабызда тест сынагы жүргүзүлө баштады. 2018-жылы 18 336 адам тесттен өттү, бирок алардын 41,2% гана жакшы көрсөткүч көрсөттү. Бул начар көрсөткүч. 2019-жылы жыйынтык он пайызга жогорулады. Бирок бул дагы аз натыйжа. Биздин өлкөдө ар бир жаран жок эле дегенде мамлекеттик тилди Б2 деңгээлинде сүйлөй билиши керек”.
2016-жылдан баштап мектеп бүтүрүүчүлөрү да “Кыргызтесттин” сынагынан өтө баштаган.
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева азыркы убакта дагы деле мамлекеттик мекемелерде тилди өнүктүрүү багытында маселе арбын деп билдирди.
Ишеналиева Башкаруу чөйрөсүндөгү иш кагаздары дагы деле расмий түрдө жүрүп жатканын айтып, бааланбай жаткан мамлекеттик тилдин мыйзамдагы ордун баса белгилеп өттү:
“Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия буга чейин мамлекеттик мекемелерге анализ жүргүзгөндө 4% чейин гана мамлеттик тилде иш жүргүзгөн мекемелер болгон. Азыр 2021-2025 деген улуттук программа иштелип чыкты. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда ар бир иш кагазынын түп нускасы мамлекеттик тилде болушу керектиги, ар бир жыйын мамлекеттик тилде өтүшү керектиги жазылган. Зарыл учурларда гана расмий же башка тилдерге жоболоштурулат. 2006-жылы кабыл алынган мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда дагы ар бир мамлекеттик муниципалдык кызматкер өзүнүн тиешелүү адистигине жараша тиешелүү деңгээлде мамлекеттик тилди билиши керек деген талап бар”.
Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө, мамлекеттик тилде окуп, жазып, өз оюн айтууга жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү экени белгиленген. Бирок мындай эрежелер ар дайым эле иштей бербейт.