Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:47

Агрардык университет өз жерин талашууда


Агрардык университеттин ишкер Урмат Салыкбаев тосуп алган питомниги. Бишкек, Кыргызстан.

Бишкектеги Кыргыз улуттук агрардык университетинин жамааты питомнигинин аянтын жеке тараптар рейдерлик жол менен басып алганын айтып, даттанып чыкты.

Тилкени тосуп алган жаран жерди мэриядан ижарага алганын, мыйзамга ылайык ага караштуу экенин айтууда. Бирок 24 сотых тилке мурда окуу жайына тиешелүү болгону, кийинки актыларда андан мыйзамсыз чыгарылып калганы маалым болду.

Экиге бөлүнгөн питомник

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин питомнигин башкалар тосуп алганы тууралуу кабар Интернетке жарыяланган тасмадан кийин белгилүү болду. Анда окуу жайынын агай-эжекелери жана студенттери тилкенин жарымын белгисиз адамдар рейдерлик менен басып алганы тууралуу даттанып, коомчулуктан жардам сурап жатканы тартылган.

«Азаттыктын» кабарчылары барган учурда да аталган тилке тунуке менен тосулуп турганына күбө болдук. Бизди жагдай менен тааныштырган окуу жайынын агрономия жана токой чарба факультетинин деканы Күмүшбек Мамбетов маселенин чоо-жайы тууралуу кеп салды:

Күмүшбек Мамбетов.
Күмүшбек Мамбетов.

«Питомник бир гектарга жакын, тагыраагы 95 сотыхтан турат. Тилке университетке Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1963-жылдын 14-февралындагы №113 токтомунун негизинде берилген. Ошондон бери биз кадимкидей колдонуп келатканбыз. Бирок 2006-жылы ошол кездеги ректор, окуу жайынын чек арасы макулдашылып жаткан учурда, «ушул тосулуп турган жер бизге карабайт» деген маанидеги документке кол коюп берип коюптур. Ал эч ким менен кеңешпей, мыйзамсыз эле койгон экен. Себеби биздин окуу жайы коллегиалдык орган менен башкарылат, Окумуштуулар кеңешинин чечими болмоюнча ал өзү кол койгонго укугу жок болчу. Биз муну бир-эки жыл мурда эле билип олтурабыз. Натыйжада Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, мэрияга жана башка органдарга кайрылдык. Факт боюнча кезинде кылмыш иши козголуп, кийин кайра токтотулуп калган. Ошону менен талаш да токтоп калган, анан быйыл кайра башталды. Ишемби-жекшемби күнү, жумуш эмес учурда отуз-кырктай чымыр жигиттердин курчоосунда келип, минтип жердин жарымын тосмолоп салышты. Биз менен чек араны да такташкан жок, мыйзамсыз эле тосуп алышты».

Бишкек шаарынын Тыныстанов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, Агрардык университетке караштуу питомниктин жалпы аянты 95 сотыхты түзсө, жеке тараптар анын 24 сотыхын тосуп алышкан. Бир топ бак-дарак, өсүмдүктөр да тосмонун ичинде калып кеткен.

Питомник тосулган тунуке.
Питомник тосулган тунуке.

Университеттин өкүлү бул окуу-өндүрүштүк зонасыз алардын сабактары жүрбөй калаарын айтып кейип турат.

«Бул биздин коллекциялык питомник. Бул жерде уникалдуу өсүмдүктөр, дүйнөдө өтө сейрек кездешкен алма, өрүк, туя, каштан, кызыл карагай жана башка жоголуп бараткан бак-дарактардын түрлөрү бар. Мында биз тажрыйба жүргүзүп, агрономдукка жана токой чарба адистигине окуган студенттерибизге сабак өтөбүз. Өсүмдүк сепкенден баштап, өстүрүп, түшүм жыйнаганга чейин ушул жерден үйрөнүшөт. Практикалык сабактар күн сайын болот. Күнөсканабыз бар, анда да окуу жүрөт. Эгер биз бул питомникти алдырып жиберсек, анда балдарды кантип окутабыз? Эмне менен үйрөтөбүз? Ошондуктан биз зарыл болсо соттошконго чейин барабыз, президентке, премьер-министрге кайрылабыз», - деди университеттин Агрономия жана токой-чарба факультетинин деканы Күмүшбек Мамбетов.

Кеп болуп жаткан питомниктин жарымын короолоп алган Бишкектин тургуну, ишкер Урмат Салыкбаев «жерди басып алды» деген айыптарды туура эмес деп эсептейт. Ал тилкени мыйзамдуу түрдө шаар мэриясынан ижарага алганын айтты:

Урмат Салыкбаев.
Урмат Салыкбаев.

«Рейдерлик жол менен басып алды дегени туура эмес. Тилкенин таржымалын айтсам, 2015-жылы «Бишкек башкы архитектура» «Бул жер кимге карайт?» деген суроо болгон кызматтардын баарына суроо-талап жөнөткөн. Ошондо Мамлекеттик каттоо кызматы «бул жер бош, муниципалитетке карайт» деп бүтүм чыгарып берген. Ошонун негизинде бала бакча куруу үчүн деген максат менен 2016-жылы бул жер аукционго чыккан. Биз деле массалык маалымат каражаттарынан окуп, катардагы жаран катары эле аукционго катышып, утуп алганбыз. Анда бир-эки маселе болуп, мен мэриянын Жер ресурстарын пайдалануу кызматы менен соттошуп, Жогорку соттон утуп алгам. Алар соңунда мага жерди бекитип беришкен. Мен окуу жайынын ректоруна эки жылдан бери кат жазсам, «ана-мына» деп бошотпой, жерди өздөштүрө албай келдим. Мэрияга барсам «жердин пайдалануучусу сизсиз, өзүңүз тосуп алыңыз» дешти. Аргасыз өзүм кирип, тосуп алууга мажбур болдум. Жер тилкесинин 2015-жылга чейинки тарыхын мен билбейм».

Салыкбаев ал жерди иштете албаса да соңку эки жылдан бери шаардын тиешелүү органына жыл сайын 350 миң сомдон ижара акы төлөп келе жатканын эске салды.

Ал түшүндүргөндөй, жерди алгач аукциондон өзүнүн аты менен уткан, кийин тилкени өзү да ээлик кылган «Байсуу строй» жоопкерчилиги чектелген коомуна каттаган. Ишкер компания тилкеге ижарачы экенин күбөлөндүргөн «жашыл китебин» да көргөздү.

Мыйзамдуубу, мыйзамсызбы?

Бишкек шаарынын мэриясы да жер тилкеси Урмат Салыкбаевге ижарага берилгенин ырастады. Мэрияга караштуу Жер ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын башчысы Бакай Турдугулов мындай дейт:

Бакай Турдугулов.
Бакай Турдугулов.

«2006-жылдын 30-декабрында Бишкек шаардык мэриясынын токтому менен Агрардык университеттин карамагындагы 13,81 гектар жер мөөнөтсүз, 0,96 гектар жер жана 0,4 гектар жер 5 жылга, убактылуу пайдаланууга берилген. Жалпысынан 14,81 гектар жер берилген. Бирок ошол 24 сотых жер университетке тиешелүү жерге кирбей калган. Ал жер кийин «Бишкек башкы архитектура» тарабынан корутунду чыгып, аукцион өткөн. Урмат Салыкбаев да аукционго катышып, жеңилип калган. Бирок сотко кайрылган. 2017-жылдын 31-июлунда Жогорку сот Салыкбаевди жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада комиссиянын чечими менен ошол эле жылы 3-октябрда жер ага берилген. Ал кийин укугун «Байсуу строй» компаниясына өткөрүп берген, аталган мекеме азыркы учурда тилкеге муниципалдык ижарачы болуп эсептелет. Жакында, 8-апрелде Бишкек шаардык прокуратурасы бул жердин иштетилиши боюнча эреже бузулган учурларды таап, бизге эскертүү (предписание) берген. Прокуратура «келишимди бир айдын ичинде бир тараптуу жокко чыгаргыла» деген талап койгон. Эреже бузуу катары «жерди өздөштүрбөө» деп көрсөтүлгөн».

Турдугуловдун жообу толуктай эле сезилгенсийт, бирок бир суроо – ошол питомниктин 24 сотыхы 2006-жылы эмне үчүн университеттин карамагына кирбей калган? Анткени 1963-жылдагы документтерде, 1990-жылы окуу жайына берилген жер актысында тилке Агрардык университетке караштуу экени көрсөтүлүп турбайбы.

Университеттин 2006-жылкы жана 1990-жылкы жер актылары.
Университеттин 2006-жылкы жана 1990-жылкы жер актылары.

Питомник кошулбай калган 2006-жылдагы №952 токтомго ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев кол койгон. Документтен мэриянын дагы алты кызматкеринин, «Бишкек башкы архитектуранын» ошол учурдагы башчысынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин ошол учурдагы ректору Батыралы Сыдыковдун кол тамгасын да көрүүгө болот.

Арстанбек Ногоев менен Батыралы Сыдыковдун токтомдогу кол тамгасы.
Арстанбек Ногоев менен Батыралы Сыдыковдун токтомдогу кол тамгасы.

Ногоев сыртынан соттолуп Орусияда жүрөт, ал эми Сыдыков каза болуп калган. «Бишкек башкы архитектуранын» азыркы жетекчилиги бул факт боюнча комментарий берген жок.

Жер ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын жетекчиси Бакай Турдугулов да мунун себебин түшүндүрө алган жок.

«Жогоруда белгиленген жер аянттары 2006-жылы, ректор Сыдыковдун арызынын негизинде окуу жайына өткөрүлүп берилген. Талаш болуп жаткан жер университеттин карамагына кандайча, эмненин негизинде кирбей калганын азыр тактап жатабыз», - деди ал.

Башка бир кызык жагдай - Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1990-жылдагы жер актысында көргөзүлгөн бир нече тилкесине 2000-жылдары жана ага чейин көп кабаттуу үйлөр курулуп кеткен. Аларга кимдер уруксат бергенин жана кайсы документтердин негизинде курулуштар жүргөнүн тактоо азыр кыйынга турат.

Агрардык университеттин картасы. Көк сызык менен 1990-жылкы актыдагы окуу жайына караштуу жер белгиленген. Сары сызык көп кабаттуу үйлөр курулган тилкелерди түшүндүрөт. Кызыл сызык - талаш болуп жаткан питомник.
Агрардык университеттин картасы. Көк сызык менен 1990-жылкы актыдагы окуу жайына караштуу жер белгиленген. Сары сызык көп кабаттуу үйлөр курулган тилкелерди түшүндүрөт. Кызыл сызык - талаш болуп жаткан питомник.

Ушул мисалдардан улам окуу жайынын жамааты питомниктин аймагына да көп кабаттуу үй курулушу мүмкүн деп кабатыр. Ал эми Урмат Салыкбаев келишимде көрсөткөндөй, бул жерге бала бакча курарына ишендиргиси келет.

Бирок бул жер тилкеси деле ижарадан ары менчикке берилип кетпейт деген кепилдик жок. Жарандык активисттер муну ачык эле «коррупция» деп атап, факты боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылышууда. «Биздин укук» коомдук уюмунун жетекчиси Калича Умуралиева буларга токтолду:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

«Питомниктин аянты мыйзамсыз берилди деп айта алабыз. Анткени бул мамлекеттик окуу жайы, демек имарат да, анын жери да мамлекетке караштуу. Бул жанагы Ботаникалык бактай эле болуп жатат. Анда да мэрия мыйзамсыз токтом чыгарып, мамлекеттин мүлкүн өзүнө алып, башка кишилерге берип салган. Бул сиздин үйүңүздүн жарымын тосуп алып, кошунаңызга сатып жибергендей эле сөз. Бала бакчалардын, ооруканалардын аймактарын бөлүп, менчикке өткөрүп бүтүп, эми жогорку окуу жайларына жетишиптир. Соңку мисалыбызда ректор өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, мыйзамсыз жолго барган. Бул жерде «жең ичинен сүйлөшүү» болгон, ал «Коррупция» беренесинин бир элементи. Ошондуктан бул факты боюнча прокуратура «Коррупция» беренеси менен иш козгоп, буга тиешеси бар аткаминерлерди жоопко тартышы керек. Балким башка окуу жайларынын да жерлерин берип жиберишкендир, аны да териштириш керек».

Буга чейин Бишкек шаарында жер тилкелери ижарага берилип, соңунда менчиктештирилип кеткени байма-бай айтылып келген. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары акыркы эки жылда эле борбор шаарда 84 гектардан ашык жер тилкеси ижарага берилип, көп кабаттуу үйлөр курулуп кеткенин айтып чыгышкан.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети 1933-жылы институт катары негизделген. Ортодо академия макамын алган окуу жайы кийин кайра университет деп аталган. Белгилүүлөрдөн жазуучу Чыңгыз Айтматов жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ушул окуу жайын аяктаган. Учурда университетте жалпысынан 5-6 миңдей, анын ичинде Агрономия жана токой чарба факультетинде 500дөй студент билим алат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG