Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 17:22

«Батукаевдин иши», башчылардын изи...


Азиз Батукаев түрмөдө отурган учур.

Акыркы күндөрү «Батукаевдин иши» коррупциялык схеманын жыйынтыгыбы же саясий чечимдердин натыйжасыбы деген суроолор коюлууда.

Мыйзам бузулган негизги жагдайлар кайсы? Иштин биринчи курмандыгы дарыгерлерби? Кылмышкердин бошотулушуна жогору бийлик башындагылардын тиешеси болгонбу?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов катышты.

«Азаттык»: - Марат мырза, «мындан алты жыл мурдагы «Батукаевдин ишинин» кайрадан козголушунда азыркы бийликтин мурдагы бийлик башындагылардан саясий өч алуу максаты бар» деген пикирлер бар. Эмне, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калса болот» беле?

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: - Мен бул иштин жабылып калышын каалабайм. 2016-жылы Атамбаевдин бийлигинин тушунда Сегизбаев баштаган УКМК тарабынан бир топ одоно укук бузуу болуп жатканын ачык айтып чыккам. Ошондо «Батукаевдин иши» ж.б. иштериңердин былыгы эртеби-кечби чыгат, жооп берчү мезгил келет» деп айткам. Убакыт-сааты эми келди, акыры териштирүү болуп жатканына ыраазы болуп отурам.

Чындыгында мурунку бийликтин былык иштери Батукаевден башталды. Коом бул иштин калыс каралышын күтүп жаткан. Батукаевди мыйзамсыз кетирүүгө ошол учурдагы мамлекет башчы баш болгон кызмат адамдары жардам берген деп ачык эле айта алам.

Бул иште бийликтин бардык тармактары тизилип алып, сааттай болуп иштеп жатышпайбы. Мамлекеттик органдардын жетекчилери, кызматкерлери апасына, бир тууганына да мындай жакшылык жасашмак эмес. «Батукаевдин ишинин» баарын координацияланган адам болгон, ал тергөөдө ачыкка чыгышы керек. Убагында бийлик башындагы адамдын өзүм билемдиги эмнеге алып келгенин баарыбыз эми көрүп отурабыз.

«Азаттык»: - Курманбек мырза, сиз юрист, мурдагы сот катары айтсаңыз. Бул иш боюнча комиссияда болгонсуз, дегеле жаранды ден соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотууда кандай мыйзамдык талаптар бар? Алар «Батукаевдин ишинде» канчалык туура колдонулган же кайсы жерде бузулган?

Курманбек Осмонов: - Биринчиден, «Батукаевдин ишин» кароо жөнүндө сунуш ага тиешеси жок тараптардан түшкөнү мыйзамсыз болгон. Экинчиден, Батукаевдин ишин карап жатканда анын Аламүдүн райондук соту тарабынан жазага тартылган негизги иши алынган эмес, демек каралган эмес.

Мыйзам боюнча ал ишти алдыруу милдет болчу. Ал эми дарыгерлердин корутундулары ошондо эле шек туудурган, иште комплекстүү дарыгерлик экспертиза жүргөн эмес. Андай болбогондон кийин сот кайрадан экспертиза дайындаса болмок, ал жүргөн эмес. Биз убагында соттон: «Ишти канча убакытта карадыңар?» деп сурасак: «Бир сааттын тегерегинде карадык» дешти. «Чечимди канча убакытта жаздыңыз?» деп сурасак, сот: «Отуз мүнөттө» деп жооп берди. Комиссия ошол чечимди компьютерге бастырып көрдү эле, жарым саатка сыйбай койду!

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Ошондон улам бул иштин чечими, токтомдору алдын-ала даярдалган деген логикалык жоопко түртөт. Жалпылап айтканда бул иште башкы прокурордун жана Жогорку соттун жетекчилеринин координацияланган макулдугу болмоюнча Нарын шаарынын соту өз алдынча андай чечимди чыгара албайт.

Дагы бир маанилүү маселе: Батукаев чындап эле оорулуу болгон күндө да түрмөдөн дароо чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Мыйзам боюнча эки учурда чыгарса болот. Биринчиси - Батукаев баса албай замбилде жатып калып, «жашоосу аз калды, мына-ана өлөт» дегенде туугандарына берсе болот. Иш жүзүндө Батукаев басып эле жүрбөйбү?

Экинчиси - ал ооруп жатканы чын болсо түрмөдөн чыгарбай туруп, сөзсүз кайтаруу менен гана медициналык мекемелерге бериш керек болчу. Андай болгон эмес. Дагы бир суроо. Мыйзам боюнча түрмөгө атайын автоунаалардан башка бир да машине кирбеши керек, ага катуу тыюу салынган. Иш жүзүндө Батукаев отурган жолтандабас автоунаалар түрмөдөн чыгып келатканын баарыбыз видеодон көрүп жатабыз. Дагы көптөгөн мыйзамга дал келбес нерселер болгон.

«Азаттык»: - Марат мырза, ошол учурдагы вице-премьер-министр Атаханов кечээги маегинде «Батукаевди бошотуу мен иштей электе эле каралып келаткан, менин ага эч кандай тиешем жок» деп жатат. Дегеле ошол кездеги бийлик башындагылардын Батукаевди бошотууга канчалык тиешеси бар деп айтсак болот?

Марат Иманкулов: - Мен ошол учурдагы бийликтин бул ишке колдоосу болгон деп эле эсептейм. Атаханов эмнени кылтыйтып жатканын билбейм, «А» дегенден кийин «Б» деш керек.

Ал ачык айтыш керек, бул ишти ким карап жаткан, кандай деңгээлде макулдашылып жаткан, кайсы органда каралган, мамлекет башчысыбы же өкмөттөбү? Ушул суроолордун баары тергөөдө ачыкка чыгышы керек. Бардык маселелер ирээти менен бир күндө чечилип, бир күндө паспорт алынып, учакка чейин узатып келип жатканы көп суроону туудурат. Саясий чечим болгону көрүнүп турбайбы.

(Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз)

«Батукаевдин иши», башчылардын изи...
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:27 0:00
Түз линк
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG