Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:53

Ипподром ишинде Исаковдун аты аталды


Чолпон-Ата. (Архивдик сүрөт)

Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо иши боюнча коррупцияга айыпталып камалгандардын соту Биринчи май райондук сотунда өттү.

2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоодо коррупцияга аралашкан деген негизде Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов жана ат майданын курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаев камалган. 24-июлда алардын иши Биринчи май райондук сотунда каралды.

Алмаз Касенов болсо 2018-жылдын 21-декабрында камакка алынган. Ал учурда Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагында кармалып турат.

Сот башталар алдында Алмаз Касенов "Азаттыктын" кабарчысына камакта негизсиз отурганын айтты.

Алмаз Касенов жана Эркинбек Мергенбаев сот учурунда.
Алмаз Касенов жана Эркинбек Мергенбаев сот учурунда.

“Биринчи көчмөндөр оюндары эл аралык деңгээлде өтүп, Кыргызстанга имидж алып келди. Туристтердин санын көбөйттү. Кийин аны эки ирет өткөрдүк. Эми азыр экөөбүз биригип алып республикалык же облустук деңгээлде эле мелдеш өткөрөбүз деп, акчаны алып, ипподром куруп салгандай болуп жатабыз. Ипподром убагында бүтсүн деп башыбызды сайып иштегенбиз, азыр негизсиз камакта отурабыз", - деди Алмаз Касенов.

Чолпон-Ата шаарындагы ипподром чырына байланыштуу жаңы жагдай боюнча буга чейин "Темир Канат" ишканасынын директору Эркинбек Мергенбаевдин абакта отурганы гана айтылып келген. Касеновдун камалганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Жараянга Ысык-Көл районун мурдагы башкы архитектору Адилет Абдыкадыров чакырылып, ипподромдун курулушу иштери боюнча күбө, ошол эле учурда курулуш жагдайын жакшы түшүнгөн адис катары да бир топ суроолорго жооп берди.

Сот, тергөөчү жана айыпталуучулардын адвокаттары негизинен курулуш иштери кандай негизде жүрүшү керек, документтер канча убакытта жасалышы зарыл деген суроолорду узатышты.

Абдыкадыровдун айтымында, 2014-жылы ат майдандын курулуш иштери чукул башталып, оңдоп-түздөө иштери курулуш долбоорлоо документтери даярдалбай туруп эле жүргүзүлгөн.

“Ар дайым курулуш алдында атайын документтер түзүлүп, курулуш түшө турган жайдын топурагына чейин изилденип, каражат маселеси боюнча документтери даярдалып, андан кийин мамлекеттик экспертизадан өтүп, эгер колдоо тапса гана курулушка уруксат берилет. 2014-жылы ипподромдун курулушунда документтер курулуш жүрүп жаткан кезде иштелип чыгып, курулуш аяктагандан кийин гана келген. Ал документ келгенден кийин деле курулушка кеткен чыгымдардын документи жок болчу. Ал эми ипподромдун курулуш иши толук аягына чыкпай калган”, – деди Адилет Абдыкадыров.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучулар бул ишке байланыштуу ошол кездеги Көчмөндөр оюнунуна жооптуу адамдардын катарында Сапар Исаков, Элвира Сариева, Эмилбек Каптагаев, Алмазбек Атамбаев, Аскат Акебаев сыяктуу күбөлөрдү чакырууну соттон суранышты.

Майрмабек Жумабеков.
Майрмабек Жумабеков.

"Урматтуу сот биз дагы кошумча күбөлөрдү чакыралы дедик элек. Көчмөндөр оюндарынын идеясын көтөрүп чыккан Асхат Акибаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы сотко күбө катары келип көрсөтмө берүүсүн суранат элем. Лаврова бюджеттен акча бөлгөн. Ал акча бөлүүгө каршы чыккан учурда Сарпашов буйрук чыгарып, бөлдүрткөн болчу. Андан сырткары ошол кездеги вице-премьер- министр Элвира Сариеваны жана ошол кездеги облус губернатору Эмилбек Каптагаевди да күбө катары көрсөтмө берүүсүн суранат элем. Мурдагы президент Алмазбек Атамбев да күбө катары сурак берсе жакшы болот эле", - деди Касеновдун адвокаты Майрамбек Жумабеков.

Сот, адвокаттын "Алмазбек Атамбевдин көрсөтмө берүүсү" боюнча сунушун четке кагып, бирок Сапар Исаковдун жана башкалардын көрсөтмө беришин колдоду. Исаковдун качан көрсөтмө бере турганы айтылган жок. Сот иши 31-июлда улана турган болду.

2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо ишинде коррупцияга аралашкан деген негизде Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов сегиз айдан бери камакта отурганын, сот иши жаңы жагдай боюнча өтүп жатканын анын адвокаты Майрамбек Жумабеков 19-июлда “Азаттыкка” билдирген.

Касеновдун адвокаты Майрамбек Жумабеков ипподромдун курулуш иштери эч кандай документи жок башталганын жана ошол кездеги мамлекеттик жетекчилер мыйзам бузууга барганын айтууда.

Буга чейин Бишкек шаардык соту аты аталгандар боюнча 2018-жылдын август айында ипподром иши боюнча сот өкүмүн чыгарып, Эркин Мергенбаев алты жылга, Алмаз Касенов шарттуу түрдө бир жылга кесилген.

Азыркы сот иши жаңы жагдай боюнча жүрүп жатат. Касеновго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелеринин негизинде айып коюлган.

Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу жүрүп жаткан учурунда тартылган сүрөт. 18-август 2014-жыл.
Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу жүрүп жаткан учурунда тартылган сүрөт. 18-август 2014-жыл.

Алмаз Касенов 2014-жылы Биринчи көчмөндөр оюндары өткөн жылы Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Улуттук оюндар борборун жетектеп турган. Ат майдандын курулушуна жоопкер болгон.

2016-жылы Көчмөндөр оюндарындагы ишмердүүлүгү үчүн Алмазбек Атамбаевдин колунан "Дене тарбия жана спорттун мыкты кызматкери" деген наам алган.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнун өткөрүүгө казынадан 102 миллион сом, демөөрчүлөрдүн кошумчасы менен 138 миллион сом жумшалган. Анын ичинен Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого эң ири сумма - 72 миллион сомдон ашык каражат каралган. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (18)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG