Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Коррупцияны кантип жеңебиз?


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Боорон Жаанбаев жиберген сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.

Коррупция таптакыр жоюлбайт, бирок анын деңгээлине баа берилет. Азыр коррупциянын деңгээли өнүккөн Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Данияда абдан төмөн, ал эми Кыргызстан болсо дүйнөдөгү алдыңкы орундардын биринде турат.

Коррупцияны жоюунун эң башкы куралы бул - мамлекеттик саясат, анткени коррупция бардык мамлекеттин тарыхында негизги баш оору болуп келген.

Орусиянын императору Петр Биринчи орус саясатындагы белдүү князь, Сибирь аймагынын губернатору П. М. Гагаринди паракорчулук жана аткезчилик үчүн ак сөөктөрдөн турган соттук курамын түздүрүп, өлүм жазасына кириптер кылып, асуу жолу менен өкүмдү аткарган да, сөөгүн аркандан алдырбай, карга кузгунга жем кылып, казынага кол салгандардын жүрөгүнүн үшүн алган.

Сталин 1947-жылы Социалисттик менчикти коргоону күчөтүү жөнүндөгү указды кабыл алып, бир кап дан үчүн 10 жылга, жарым кап болсо 5 жылга жаза бердирген.

Н.С. Хрущев мамлекеттик мүлктү уурдоого, паракорчулукка, валюта операцияларынын бузулушуна кылмыш жоопкерчилигин күчөтүп, атуу жазасын киргизип, көп жашыруун товар өндүрүчүлөр (цеховики) атылып кетишкен, алардын арасында биздин Аламүдүн районунун тери (мех) фабрикасынын жетекчилери кирет.

Ю.В.Андропов (Лекман-Фанштейн) СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин башчысы болгондон тартып, коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн, көп экономикалык кылмыштардын бетин ачтырган, бирок коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн саясий атаандаштарын жаманатты кылып, өзүнө бийликке жол ачуу үчүн да пайдаланган. Москва шаарынын Елисей гастрономунун директору Соколовду уурулук жана паракорчулук кылмышы үчүн атуу жазасына кириптер кылып, Москва шаарынын партия комитетинин биринчи катчысы Гришинди жана башкаларды атаандаштыктан чыгарып, өзү кийин КПССтин борбордук комитеттин башкы катчысы болуп шайланууга жетишкен.

АКШ өзүнүн 1787-жылы Конституциясын кабыл алгандан тартып, бардык президенттери коррупцияга каршы күрөштү ар дайым күчөтүп келе жатышат. Азыркы учурда паракорчулукка (кикбекинге) айрыкча оордотуучу жагдайларда 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, ал эми бизде болсо беш жыл, же айып пул болуп жатпайбы.

1960-жылдары ФБР «Шейх жана аары» деген оперативдүү операция жүргүзүп, 200дөн ашык ири аткаминерлер паракорчулукка шектелип кызматтарынан кол жууган.

Эмне үчүн Сингапур мамлекети абдан жакыр өлкөдөн экономикасы күчтүү Азиянын жолборсторунун алдыңкы катарында келатат. Аны Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Юнун бир сүйлөм сөзү менен түшүндүрсө болот: «Коррупцияны жеңгиң келсе досторуңду жана туугандарыңды түрмөгө жөнөткөнгө даяр бол». Ушул принцип Кыргызстанга абадай керек болуп турат, бирок качан жетерибиз белгисиз.

Ошол эле мезгилде эске ала турган болсок, жогорку эки өлкөдө тең коррупцияны ооздукташ үчүн жооптуу кызматтагы чиновниктердин айлык акыларын жогору кармоого аябай көңүл буруп келе жатышат.

Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгына жеткен 1991-жылдан бери коррупцияга каршы күрөштү күчөтмөк тургай күндөн күнгө начарлатып келе жатат.

Өнүккөн Европа мамлекеттерин туурап, гуманизация деген шылтоо менен 1998-жылдагы кабыл алынган кылмыш кодексинде оор экономикалык кылмыштар үчүн эркинен узак убакытка ажыратуу же айып пул салуу каралган. Бул соттордун кызмат абалынан кыянат пайдаланышына алып келген. Мисалы, адегенде 12,5 жылга эркинен ажыратылып, кийин 3,3 млн. сом айыпка жыгылып камактан бошоп кеткен каттоо кызматында иштеген Н.Алмаматовдун ишин келтирсек болот.

Эң жаман абал 1-январь 2019-жылдагы Кылмыш жана жоруктар жөнүндөгү катталды андан кийин ташталды деген кодекстери күчүнө киргенден кийин түзүлдү. Сотко чейинки текшерүү деген шылтоо менен тергөө органдарынын кызматкерлерине кызмат абалынан чексиз пайдаланууга чексиз шарт түзүлдү, каалаган ишти карабай тергебей, коркунучтуу кылмышкерлерди кылмышы үчүн жоопкерчиликтен бошотуп, күнөөсү жок адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, сотко берүүгө мурдагыдан да кеңири жол ачылды. (Азыркы учурда ИИМ системасындагы ар бир тергөөчүгө орточо 100-120га чейин катталган материал бар, буларга тергөөчүнүн убактысы качан жетет?)

Мурда кылмыш болгондугу жөнүндөгү материал түшкөндө, кылмыштын белгилери жок болсо, кылмыш ишин козгоодон баш тартып, кылмыштын белгилери табылса кылмыш ишин козгоп, андан кийин тергөө жүрчү. Башкача айтканда электен өткөрүп алат элек (фильтрация). Азыр кыргызча айтканда буудайы, саманы, чары аралашып жатып калды.

Азыркы мезгилде коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат деген көп эксперттерге толук кошулам.

Кыргызстанда айрыкча акыркы 20 жылда коррупцияга каршы күрөш "кожо көрсүн" үчүн жүрдү десе болот.

Бул жерде негизги себеп:

1. Экономикалык кылмыштуулукка каршы ырааттуу саясат жүргүзгөнгө бийликтин кызыкчылыгы жоктугу.

2. Мыйзам базасынын начар болушу. 1998-жылдан бери кылмыш жана жазык кодекстеринин чийки иштелгендиги, акыркы мезгилде Европа мамлекеттеринин кодекстерин тамгасына чейин көчүрүп жазуу.

3. Сот жана тергөө, оперативдик кызматкерлерине жогору жактан талаптын жана контролдуктун жоктугу (айрымдары контрол жүргүзгөндү кийгилишүү катары туура эмес түшүндүрүп жүрүшөт).

4. Алардын кызматка дайындоодо билимине жана иш тажрыйбасына көңүл бурулбагандыгы, туугандыгына, берилгендигине, чөнтөктөрүнүн калыңдыгына карап дайындалышы.

5. Алар жасаган ишине эч жооп бербей калгандыгы же кылган иши үчүн жоопкерчиликти толук алып салуу себеп болууда.

Кыргызстан коррупцияны качан жеңет? Качан гана өз жолун таап, ошого жараша коррупцияга каршы катуу саясат жүргүзүп, ар кишисине жылына 44 мин евродон киреше туура келген Европаны туурабай, жылына 3800 доллардан киреше туура келген пенделерине, өзүнүн менталитетине туура келген закон базаларын түзсө, ошондо гана коррупцияны жеңе алат деп ойлойм.

А.Акаев пайгамбар боло албады дегендер эң туура айтышты, бирок азырынча башка пайгамбарлардын деле карааны көрүнбөйт.

Адвокат Боорон Жаанбаев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG