Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 10-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 03:59

УКМК: Иликтөөгө катышы барлар суралат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат.

Атайын кызмат анын ичинде «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду 2-декабрда күбө катары суракка чакырды. Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин, ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирди.

УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.

УКМК жарандарды сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө бериш үчүн кызматташууга чакырды.

Көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы коррупциялык схема тууралуу айтып берген кытайлык ишкер Айеркен Саймаити 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын билдирген.

Саймаити ал жолкуда мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.

Башкы прокуратура 22-ноябрда Саймаити көзү тирүү кезинде, Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч жаралган окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен каттаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда киши колдуу болуп атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Кыргызстандагы жемкорлукка байланышкан журналисттик иликтөөлөр мурдагы жана азыркы бийликтин ортосундагы күрөштү күчөтүп, бул маселе боюнча бийлик менен жарандык коомдун реакциясын да көрсөттү.

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акциянын катышуучулары президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү. Алар бул кайрылууда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө боюнча териштирүү жүргүзүүнү, бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары коррупция тууралуу айтып чыккан журналисттердин жана активисттердин коопсуздугун камсыз кылууга, реформа жүргүзүүгө жана паракорчулук менен күрөшүүгө чакырышкан. Ошондой эле Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкердин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу маселесин коюшкан.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.

Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялаган.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (38)

XS
SM
MD
LG