Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Пахтанын баасы чечилбей турат


Терилген пахтаны көтөрүп бараткан дыйкан. Ноокен району.
Терилген пахтаны көтөрүп бараткан дыйкан. Ноокен району.

Пахтанын баасы бычылбай, Жалал-Абад облусунун дыйкандарын санаага салууда.

Азырынча дыйкандар жыйнаган түшүмүн насыяга өткөрүп жатышат. Быйыл ак алтындын түшүмдүүлүгү былтыркыдан жогору. Былтыр килосу 43 сомдон сатыла баштаган биринчи сорттогу пахта буласы кийин 37-38 сомго чейин арзандап кеткен.

Сейдикум айылында пахта терүү башталды. Нурлан Абдугапар уулу тогуз жыл мурун айыл чарба, үрөнчүлүк кооперативин түптөп, пахтанын бир нече сортунан үрөн өндүрөт. Быйыл Кытайдан «К-59» сортундагы үрөнүн 35 гектар жерге өстүргөн. Түшүмдүн мол болгону дыйканды кубандырып турат.

«Кесибим боюнча агрономмун, - деди ал. - Жыл сайын жаңылануунун үстүндө иштеп, элге пахтанын жаңы сортун сунуш кылып келатам. Былтыр Кытайдан «К-59» сортундагы үрөндү алып келип сепкем. Килосун 220 сомдон сатып алгам. Түшүм жакшы болду. Буюрса, гектарынан төрт тоннадан алам деп турам. Үрөндү эми көбөйтүп, кампага сактап, эрте жазда жергиликтүү дыйкандарга сата баштайбыз».

Ал эми ушул эле айылдагы Гуламидиновдордун үй-бүлөсү көп жылдардан бери эки гектарга жакын аянтка пахта өстүрүп келет. Ушул тапта түшүмдүн биринчи бөлүгүн жыйноодо. Данэл Гуламидинов былтыр гектарынан үч жарым тоннадан түшүм алган. Быйыл анча көлөмгө жетпей турганын айтты:

«Быйыл пандемияга байланыштуу айыл эли бош болгондуктан дыйканчылыкка басым жасадык. Мен 1,5 гектар жерге пахта өстүрдүм, эми биринчи теримди баштадым. Биз үчүн пахтанын наркы башкы маселе болуп турат. Акыркы жылдары жумушчу күчүн табуу да кыйла кыйын болуп калды. Анткени пахтаны техниканын жардамы менен эмес, кол менен териш керек. Ал үчүн адамдарды жалдоого туура келет».

Дыйкандар пахтанын баасынын жогорулашын күтүп, чыгашага учурап калуудан кооптонуп турушкан учуру. Анткени буга чейин өндүргөн буласын төмөн баада сатып, жумшаган каражатын да актай албай калган учурлар болгон. Пахта өндүрүүчүлөр мээнетин акташ үчүш ак алтындын баасы килосуна 50 сомдон жогору болуш керек деп эсептешет. Азыр пахтанын наркы чечиле элек.

Пахта терген аялдар тууралуу фотобаяндар

Бүгүнкү күндө облуста 13 завод бар. Алардын баары ак алтын кабыл алууга даяр. Учурда алгачкылардан болуп «Кобил Ата» пахта заводу эки тоннага жакын пахта кабыл алган.

Эсептөөчү адис Азамжан Сайдулаев быйыл беш миң тоннага чейин пахта сатып алып, экспортко жөнөтсөм деген ниети бар. Пахта алуучулардын айтымында, пандемия келишим түзүш үчүн келе турган инвесторлордун жолун бууган. Эл күткөн нарк кандай болору бүдөмүк бойдон турат.

«Биз алгачкы пахтаны элден алып, кампага сактоону баштадык, - деди Азамжан Сайдуллаев. - Азыр нарк маселеси чечилбегендиктен, дыйкандардын каалоосу менен кампада топтолууда. Баа чечилгенде акчасын эсептешебиз. Көп жылдан бери Түркияга пахта экспорттоп келатабыз. Быйыл түрктөр пандемияга чейин бир келип кетишкен, ошол бойдон чек аралар жабылгандыктан, августтагы жолугушуубуз токтоп турат. Ак була сатылбай, наркы өтө эле төмөн болуп кетет деген туура эмес».

Быйыл облус боюнча 12 миң гектардан ашуун аянтка пахта эгилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1000 гектарга аз. Буга ак алтындын төмөн наркы жана жумушчу күчтүн жоктугу себеп болгон. Жалал-Абад облусунун аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Абдукарим Мирахимов пахта талаасынын тарып кетишин элдин кылкандуу дан эгиндерге болгон суроо-талабы көбөйгөнүнө байланыштырды:

«Пахтанын наркы жылда эле октябрь айында чечилип келген. Көпчүлүк дыйкандар быйылкы пандемиянын кесепети менен нарк төмөндөп кетет деп коркуп жатышат. Пахта баасы дүйнөлүк базарда көзөмөлгө алынгандыктан, бул жылы өткөн убактардагы баа сакталып калат. Өкмөт инвесторлор менен сүйлөшүүнү улантып жатат».

Аймактагы ак алтын өткөн жылдары Орусия, Түркия, Германия жана Швецария мамлекеттерине экспорттолсо, быйыл да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Быйылкы орточо түшүмдүүлүк болжол менен гектарына 3-4 тоннага жетет. 2019-жылы келишимдин негизинде Жалал-Абад облусу бонча пахтанын 12 мин тонна буласы чет өлкөгө сатылган.

XS
SM
MD
LG