Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Өкүм күткөн 11 жыл


Аялдар түрмөсү. Степное айылы.
Аялдар түрмөсү. Степное айылы.

Кылмыш ишинин материалдары жоголуп кетип, аялдардын абагында 11 жылдан бери өкүмү жок эле жазасын өтөп жаткан аял сот залынан 30-январда бошотулду. Учурда жазык ишинин жоголуп кетишине жол берген кызматкерлердин ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирип жатат.

Соттун өкүмүн 11 жыл күткөн аялдын ишин 2008-жылы Токмок шаардык соту караган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Чүй облустук соту ошол эле жылы 9-сентябрда бул чечимди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Аялдын күнөөлүүлүгүн аныктаган соттун чечими болбосо да ал абакка жиберилген. Айыпталуучу 2019-жылы ишке кирген пробация мыйзамдарына ылайык, өзүнүн жазык ишин кайра кароосун өтүнүп, Токмок шаардык сотуна кайрылган. Бирок анын арызы 11 ай бою каралган эмес. Ушундан улам ал Акыйкатчыга кайрылган.

Акыйкатчы институту аялдын өтүнүчү боюнча Башкы прокуратурага кайрылганда, аялдын жазык иши жоголуп кеткени аныкталган. Акыйкатчынын басма сөз катчысы Барно Сабирова буларды айтты:

«Ал бизге кандай кылмыш жасаганы тууралуу айткан жок. Ал орто жолдон иши жоголуп каралбай калганын айтты. Ошондуктан сот карабай, создуктуруп жатат. Бизди ошол жагдай, кызмат адамдары кетирген катачылык көбүрөөк кызыктырды. Жаңы кодекстер боюнча жазанын жогорку чеги 20 жыл да».

Акыйкатчыга кайрылган аялдын соту 2020-жылы, тактап айтканда, 11 жылдан кийин Токмок шаардык сотунда кайра каралды.

Сот ага Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-7-9-15-пункту («Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү жана билип туруп алсыз абалдагы же жашы жете элек адамга карата жасалган кылмыш иши») жана башка эки берене боюнча айып коюп, жалпысынан 25 жылга соттоду.

Аялдын жаза мөөнөтү 2008-жылдын 25-февралынан баштап эсептелип, соттун өкүмү жок абакта отурган ар бир күнү эки күнгө саналып сот залынан бошогон. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазы билдирди:

«Белгиленген жазаны өтөп бүткөнүнө байланыштуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан бошотулсун деген өкүм чыккан. Өкүм күчүнө кирмейинче башка жакка кетпөө боюнча тилкат алынган. Нааразы тараптар он күндүн ичинде Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышса болот».

Сөз болуп жаткан аял жана анын адвокаты менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда туура эмес кылмыш иши козголгон же тергелген, өкүмдү күтүп айлап-жылдап абакта отуруп калган адамдар тууралуу укук коргоочулар айтып жүрүшөт.

«Кылым шамы» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындай учурда тергөө органдарынын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт. Ал сот өкүмүн күтүп, жылдап абакта отургандар дайыма эле коомчулукка ачыкка чыкпаганын айтты. Ушундан улам ал мындай тагдырлар көп болушу мүмкүн экенин эске салды:

Азиза Абдрасулова.
Азиза Абдрасулова.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагылар айтышы керек да, «бизде ушундай кишилер бар, сотту күтүп жатат» деп. Ошол эле кезде мыйзамдын аткарылышын көзөмөл кылган парламент, адам укуктары менен иштеген Башкы прокуратура жана жалпы мамлекет жоопкерчиликти алышы керек. Чогуу иш алып барышы керек эле».

Мыйзамдарга ылайык, тергөө мезгилине чек коюлганы менен сот процессине мөөнөт белгиленген эмес. Ошондуктан өкүмүн күтүп, жылдап тергөө абактарында отурган шектүүлөр арбын.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот менен тергөөчүнүн жоопкерчилигин эске алып, соттун мөөнөтүн аныктаган мыйзам жазылмайынча, мындай көрүнүш жоюлбайт деп эсептейт.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Мыйзамда «кандайдыр бир учурда сотту узартып койсо болот» деп жазылгандыктан сот создугуп кете берет, - деди ал. - Бирок ошол эле убакта канча убакытка чейин узартылышы керек экени көрсөтүлгөн эмес. Эгер кылмышка шектүү акталып кете турган болсо жоопкерчиликти эч ким албайт. Буга ошол эле шектүү катары абакта отургандар «кутулдум, болду, башканын кереги жок» деп кол шилтеп койгону да себеп болот. Ошондуктан мыйзамга так көрсөтүш керек. Эгер тергөөчү белгиленген убакыттын ичинде далил чогулта албаса, анда кылмышка шектүү болуп жаткан адам күнөөлүү эмес деп табылышы керек».

Сот өкүмүн көпкө күтүп, кийин акталып чыккандардын бири - Бишкек шаарынын тургуну Шахида Аманбаева. Ал курдаш кызынын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен 2010-жылдын 11-декабрында тергөө абагына камалган.

Бирок Чүй облустук соту арадан 3,5 жыл өткөндөн кийин аны «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча толук актаган. Ал камакка алынганда 17 жашта болчу. Шахида сот өкүмүн күтүп тергөө абагында 1233 күн өткөргөн. Бул аралыкта ал милициянын кыйноосунан кийин өз алдынча баса албай, ооруп да калган. Ал 2014-жылдын 29-майында эркиндикке чыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG