Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Акча алмаштыруучу жайларга жакпаган демилге


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке жайларды жабуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси көп талкууга жем таштоодо.

Акча алмаштыруучу жайларга мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү акчанын курсун туруктуу кармоого, өлкөнүн экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө боло алабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, банк иштери боюнча эксперт Кубан Чороев жана «Альянс» акча алмаштыруу жайлары бирикмесинин мүчөсү Алыбек Осмонбеков катышты.

«Азаттык»: - Алыбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жеке жайларды жабуу боюнча тишелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгесин сиздердин бирикме кандай кабыл алды?

Алыбек Осмонбеков: - Биз депутаттардын бул демилгесин терс кабыл алдык. Кыргызстанда эки революция болду, башыбыздан өтүп жаткан кризистерден чыгууда биздин салымыбыз бар. Бул маселе 2006-жылдан бери козголуп келатат. 2008-жылы да көтөрүлгөн. 2014-жылы катуу козголуп калганда премьер-министр болуп турган Темир Сариев «жеке акча алмаштыруучу жайларды жаап салуу - акылсыздык» деди эле. Мен азыр да ошол сөздү кайталагым келет, азыр да депутаттар тарабынан акылсыз демилге болуп жатат.

Кыргызстанда лицензиясы бар 450 акча алмаштыруучу жай мыйзамдын негизинде иштеп жатат. Алар эмне үчүн жабылышы керек? Албетте, лицензиясы жок, мыйзам бузуп жаткандар болсо жоопкерчилик тартышсын, керек болсо биз да жардам берели. Лицензия алуу оңой эмес, акчабыздын төркүнү кайдан экенин, кайдан табылганын далилдегенде гана берилет. Улуттук банк 3-4 айлап ар бирибизди жакшылап изилдеп, анан тиешелүү уруксат кагазын берет. «Террроризмге байланышы барбы?» деген өңдүү толгон-токой суроолор менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) талаптарына жооп беребиз. Ошондон кийин гана ишке киришебиз.

«Азаттык»: - Кубан мырза, депутаттардын негиздемесинде «мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү республиканын валюта рыногунда Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү көзөмөлдөө чараларынын натыйжалуулугун, бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт» деп айтылат. Чындап эле ушундай натыйжага жетүүгө мүмкүнбү?

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Кубан Чороев: - Албетте, ушундай мыйзам Кыргызстандын валюта рыногун калыбына келтирсе, өнүктүрө турган болсо кабыл алыш керек, ошондой болсо гана... Менимче, мындай мыйзамды кабыл алуу валюта базары эле эмес, жалпы экономикабызга өтө чоң зыянын тийгизет. Анткени биздин «Дордой», «Кара-Суу», «Мадина» ж.б. базарларыбызда, соода-сатыкта Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен алакабыз жакшы болуп жатканы - накталай акчанын эркин жүгүртүлүшү менен байланыштуу, жеке акча алмашуу жайларынын көп иштеп жатканына тиешелүү маселе. Эгер мыйзам кабыл алынса базарлардагы акча жүгүртүүнү чектеп салабыз, соода солгундайт.

Бизде 500 миңдин терегиндеги адамдын иш орду базарлар, акча алмаштыруу жайлары менен байланышкан. Аларга залакасын тийгизет. Болгону бул мыйзамды кабыл алуу коммерциялык банктардын кирешелерин көбөйтөт.

«Азаттык»: - Аида айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобунун Кыргызстанда акча алмашыруучу жеке жайларды жабуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө демилгесине Улуттук банктын көз карашы кандай? Эгер ал мыйзам кабыл алынып калса өлкөдөгү акча саясатын турукташтырууга канчалык өбөлгө түзө алат?

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

Аида Карабаева: - 2015-жылы ушундай эле мыйзам долбоорун Улуттук банк киргизген болчу. Ага эмне себеп болгон? 2015-жылы 600-700дүн тегерегинде лицензиясы жок менчик акча алмаштыруучу жай болгон, башка мыйзам бузуулар да катталган.

Эмне үчүн мындай тартип бузуу көп болгон? Мисалы, административдик мыйзам бузуу болгондо, анын айыппулу болгону 1500 сом эле болгон. Биздин талаптардын негизинде абал бир топ оңолгон. Азыр 400дүн тегерегинде акча алмаштыруучу жай иштейт. Улуттук банк мындан ары да мыйзамдуу талаптарды күчөтүш керек деп эсептейт. Тилекке каршы, биз сунушталган мыйзам долбоору убагында колдоо тапкан эмес. Азыр кайра депутаттар аркылуу көтөрүлүүдө, коомдук талкуу болуп жатат. Улуттук банкка да мыйзам долбоору келди, биз караштырып жатабыз.

Акчаны банктар аркылуу алмаштыруунун эл аралык тажрыйбасы көп мамлекеттерде колдонулат, аларга таянып жатабыз. Ошондуктан жеке акча алмаштыруучу жайларды жоюу боюнча мыйзам-демилгени Улуттук банк колдойт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Акча алмаштыруучу жайларга жакпаган демилге (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:35 0:00
Түз линк


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG