Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Казынанын киреше-чыгашасы кайра каралат


Ош шаары.
Ош шаары.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келип чыккан экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу 2020-жылдын бюджетин кайра карап чыгуунун багыттарын аныктады.

Өкмөттө антикризистик чараларга ылайык, салык катары түшкөн каражаттардын азайышын эске алуу менен быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси талкууланды. Айрым депутаттар өкмөт зарыл чараларды кечеңдеткенин сынга алышууда.

Кайра каралчу казына чыгымдары

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев COVID-19 илдетинин жайылып кетүү коркунучунун алдын алыш үчүн киргизилген чектөөлөргө байланыштуу өлкөдө түзүлгөн жагдай экономикага чоң сокку урганын белгиледи.

Анын кесепети салык чогултууга залалын тийгизип, бюджеттин кирешеси азая турганы талкууланды. Ошондуктан бюджетти кайра карап чыгып, капиталдык курулушка, жол салууга жана административдик башкарууга каралган чыгымдар чектелиши мүмкүн экени айтылды. Премьер-министр сунуштарды эске алуу менен бюджеттин оңдолгон долбоорун даярдоого тапшырма бергени дайын болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов бюджеттин корголгон беренелери сакталып, социалдык милдеттенмелер толук аткарыла турганын билдирди:

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

«Өкмөт башчы деталдуу экономикалык талдоо үчүн өлкөдө өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланышкан бюджеттин кирешесинин мүмкүн болгон түшүү көлөмү боюнча болжол даярдоо зарыл экенин билдирди. Ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышынын натыйжасында жабыр тарткан экономиканын секторлорун жана ишкерлик субъектилерин колдош керек экенин айтты. Ошондуктан өкмөттүн антикризистик планынын алкагында салык төлөө мөөнөтүн узартуу зарылдыгы белгиленди. Ушундан улам, 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө салык иретинде келип түшкөн каражаттардын болжолун иштеп чыгуунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле премьер-министр өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерин эске алуу менен бюджеттин чыгашаларын оптимизациялоо маселесин талкуулап, социалдык милдеттенмелер өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнөрүн айтты».

Жыйында экономикага тиешелүү маселелер, салыктык жеңилдиктер берилгенден кийинки бюджеттин кирешелеринин болжолдуу көрсөткүчү талкууланды. Буга чейин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишкердиктин бардык эле түрүнө салык жеңилдиктери берилбей турганын айткан. Вице-премьер-министр өзгөчө жабыркаган ишкердиктин түрлөрү иликтенип, жакында жарыяланарын билдирген. Ошондой эле ал ишкердикти колдоо үчүн 14 млрд. сом табылганын жарыялаган.

Кечеңдеген чаралар

Парламент депутаты Аалы Карашев өкмөттү ишкердикти колдоо кайсы каржы булактарынын эсебинен жүргүзүлөрүн ачык айтууга чакырды:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Ошол ишкердикти колдош үчүн табылган 14 млрд. сомду качан жана кандай шарттар менен бөлүп бере турганыңарды ачык түрдө тактап айтып берип койсоңор. Ишкердиктин кайсы түрлөрү жана кандай өндүрүштүк ишканалар колдоого алынары ачык болсо жакшы болмок. Акча табылган соң каржылоонун жүрүшүн тездетиш керек. Азыр өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 50% берген баш калаабыз Бишкекте иштер токтоп калып, эл кыйнала баштады. Ошондуктан азыр адамдар азыраак топтоло турган ишканалардын иштешине уруксат бербесеңер, кийин алардын баарын жок кылып алабыз. Мына ушул багытта кандай иштер жүрүп, кандай чара көрүлүп жатканын айтып берсеңиздер».

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев экономиканы жандандыруу чаралары иштелип чыгып, жакында жарыялана турганын айтты:

«Азыркы абалда жабыркаган ишкерлерди колдош үчүн насыялоонун шарттары иштелип чыгып жатат. Жеңилдетилген шарттагы насыялар экономикадагы антикризистик чаралардын алкагында берилет. Мындан сырткары азыр биз жалпы абалга жараша ишканалардын жумушуна коюлган чектөөлөрдү этап-этабы менен алабыз. Ошону менен жандандыруу планы ишке киришет. Сиз айткандай, башында бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо тууралуу талап менен өндүрүштүк жана тейлөөчү ишканаларга, курулуш тармагына уруксат берилет. Экинчи этапта анан адамдар азыраак чогула турган ишкана-уюмдардын иштешине уруксат берилет».

Бюджеттин болжолдуу жоготуулары

Буга чейин парламентте финансы министри Бактыгүл Жээнбаева COVID-19 илдетинин өлкөдө жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу боюнча киргизилген өзгөчө абалдан улам мамлекеттин казынасы 30 млрд. сомдон ашуун каражат жоготушу мүмкүн экенин айткан. Ошол эле кезде эркин эксперттер жоготуу андан эки-үч эсе көп болушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Депутат Зияддин Жамалдинов бюджетке колдоо издеш үчүн «Кумтөр» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылды:

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

«Биздин президентибиз азыр ар кандай эл аралык каржылык донорлорго, фонддорго, банктарга кайрылып, биздин мамлекеттик бюджетти колдоого каражат жагынан жардам көрсөтүүнү суранды. Бирок биз биринчи кезекте Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центеррага» кайрылышыбыз керек. Анткени биздин мамлекеттик бюджеттин абалы оор болуп, экономикада туруктуулук болбосо Кумтөрдө өндүрүштүк абал деле жакшы болбой турганын алар түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан биздин өкмөт «Центерра» менен бул багытта сүйлөшүп, иш алып барууга тийиш».

Буга чейин COVID-19 илдетин ооздуктоого жана бюджетти колдош үчүн президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык донор уюмдарга кайрылган. Алар буга чейин Кыргызстанга гранттар жана жеңилдетилген насыялар түрүндө бөлүүгө убада берген акчанын өлчөмү 480 млн. долларга барабар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG