Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Испайрамдык байбичелердин ажайып тили


Мезгилдин эпкини менен кошо кыргыз тили да сомолонуп, бир жумуруга айланууда. Анын натыйжасында, борбордон алыскы аймактарда жашаган элдин тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүк жоголуп баратат.

Тил өзү адамзат менен кошо өнүгөт да, кошо байыйт. Тил шаар жеринде орток бир нормага түшүп, диалектилик жана говордук өзгөчөлүгүн жоготот.

Буга, албетте, массалык маалымат каражаттары, урбандашуу жараяны, миграция да өз салымын кошууда. Мындай жагдайда эне тилибиздин түркүн боёкторун сезүү үчүн алыскы айыл-кыштактарга барып, кары адамдар менен баарлашуу зарыл.

Жашы сексенден өткөн Ысман кызы Гүлсана байбиче Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылында жашайт. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп, «жамак ырларыңызды угалы» дегенимде, шайдоот байбиче:

Жер таянып турамын,

Аллайым берсе шояктан.

Кете турган убагым.

Токсонго кирип томсоруп,

Кимдердин көзүн карайын,

Кудайым берсе шояктан.

Бат эле кетип калайын, деп чыгарып койдум. Эми Амирбекжанга айтып берейин. Жүргөнүм шул болгондон кийин менин ырымды ким угат эле? Эми ырдабайм, эми кетем деймин, - деди эзелки кайратынан кайтып калган Гүлсана байбиче.

Ысман кызы Гүлсана байбиче.
Ысман кызы Гүлсана байбиче.

Келин кезин Айлама жайлоосунда тун уулу менен өткөргөнүн, кашын каралап сулууланыш үчүн кашташ издеп, жалама зоого чыгып кеткенин да эстеди:

- Камал (биринчи уулу) Әйлəмəдə жүргөндө бир жарым жашар бала эде1 (эле). Шол Айламада алып жүрүп, Көк-Ташка кашташтын кəнигə2 (кениге) барганмын. Шонтип жүрүп, кашташ көтөрүп келгенмин. Көк- Таштын бир жагында 300 метрдей аска зоо, аппак кар, мөңгү экен. Ошо мөңгүдөн гаадып, карды согончогум менен тээп, музду колум илингендей кылып тырмап жатып, ошол мөңгүнү гаадып өтүп, үңкүргө барыпмын коркпой. Барсам, Асканын өйүзүндө Азим түрктөр кой саап отурган экен. Толук эже, Зуура эже «Ааа-ааааа... Өлдү анавы кыз» дешпейби. «Үнүңөрдү чыгарбай тургула. Түшүп кетет» дептир. Мен үңкүргө кирип, бир чарчы көк ташты денесине байлап, кайра өтүп барсам бир урушту, бир урушту Казим түрк: «Ыманың барбы? Ыманың жок!» деди. «Шонон түшүп кетсең, күлүң калбайт. Эмнеге шол көк жылгаяк музга чыгасың? Жинди! Жинди!» - деп урушат. Зуура эжем оякта урушат: «Кыпкызыл жинди экенсиң. Адам эмес экенсиң»,- деп. Толук тажеңем гыйылдап, доошу чыпайт. Ол (ал) оякта урушат. Шонтип Айламада жүргөнмүн.

Балалык кыял, оюнкараак мүнөз суксурдай суйкалган селкилер бир-эки балалуу болгон чакта да калбасын Гүлсана байбиченин аңгемеси ырастайт:

- Таштын башына чыгып алып ырдайбыз. Атабыз өлөт, ого ырдайбыз. Энебиз өлөт, ого ырдайбыз. Жолчунун катыны Анар экөөбүз. Үйдөй катта таштын башында мен отурам, үйдөй таштын башында ол отурат. Анар келет: «Итиңизди тосуң», - деп. «Ит байлануу, келе бериң!»- деп бакырамын. Ээй, жиндилик көп болгон, айнанайын.

Манандай сары ташты жанчип, майдалап ун кылып, ак ташты жанчып, ташка сүрүп ун кылып, жалпак таштардын бетине ак ташты тептегиз кылып сээп коёбуз. Үстүнө сары таштын күкүмүн себебиз. Аны коноктун алдына коюп: «Алың, ичиң» дейбиз. Кызыл таштын бетине чыйып, каттама кылабыз. «Мына будан алың»,- деп бири-бирибизди сыйлашабыз. Экөөбүз тең эки балалуубуз. Уулум Камалга айтсам: «Апа, азыр келиндериң ошентип айтса, күкүрт чагып от коёт элең», - дейт. Анар келет: «Итиңизди тосуң» деп. «Итим байлануу. Келе бериң» деймин. Анан ырды коём заңкытып. Атабыз өлөт. Анан эрибиз да өлөт. Бирибиздин башыбызды бирибиз кучактап ырдап-ырдап, ана патаа (бата) кылып.... Анан мен онун үйүгө барамын. Анан ол ыр коёт. Мен анын башын кучактап, жанагы сары ташты жеп, шонтип ойноп, жинди-жинди болобуз. Камал 1, 5 жашар, Муса бир жашар. Экөөбүздүн тең балабыз бар. Мен Камалды 18 жашта көргөм. Шондо 19,5 жашта экенмин да.

Ушинтип жай катар жайлоодо жүргөн 19-20 жаштагы эки келин чоң таштын башын үй кылып алып, бири-бириникине конокко барышчу экен. Ойногон оюну кошок ырдоо. Себеби, кичинекей кезинде аталары каза болгондо, апалары күйөөлөрүнө атап кошок ырдашканын спектакль ирети эсинде сактап калышкан.

Эгизден таяк кыяйын,

Эр кыдырып чыгайын.

Элимде мендей бар болсо,

Эрикпей оокат кылайын.

Кайыңдан таяк кыяйын,

Калк кыдырып чыгайын,

Калкымда мендей бар болсо,

Кайгырбай оокат кылайын.

Бакта жүзүм мен эдем (элем),

Баккан эгем сен эдең (элең).

Бакта жүзүм куурады,

Баккан эгем сулады,

-деп эрлерибизге кошок ырдайбыз.

Гөрүнү гөрдөй оттогон,

Кекилик куштай бар бекен,

Келин чакта тул каган (калган),

Мендей бейбак бар бекен.

Бул саптарды угуп отуруп, мурда көчмөн кыргыздарда театр болгон эмес деген кепке ишенгиң келбейт. Көрсө, турмуш өзү театр турбайбы!?

Уугумдун башыга (башына) туу жарашат дедиңби?

Улгая элек жашыма, тул жарашат дедиңби?

Керегемдин башыга (башына) туу жарашат дедиңби?

Келинчек менин башыма тул жарашат дедиңби?

Ошентип эрлерибиздин өлгөнүн ырдайбыз эээй, өлүгүңдү көрөйүн... Анан уулум Камалга ырын айтпай эле жанагы ойногонубузду айтсам, ал: «Балалуу эле катындар ошентип ойнойбу?» дейт. Шонтип ойнойт эдек (элек) да, - деп эскерди 60 жыл мурдагы келин кезин Гүлсана байбиче.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:44 0:00

Асила эже сүйлөсө-койсо күлкүсү кошо жаңырып, айланасына ачык маанай тартуулайт. Эгер жүзүн көрбөсөң, небере-чеберелүү байбиченин жашын үч кем сексенде деп эч ойлобойсуң. Үй-бүлөсү менен кечээ жакынга чейин эле жайды-жайлай, кышты-кыштай Алайдын жолундагы Эгин-Жай конушунда өткөрүшчү. Элден эркин жашап көнгөн эрди-катын азыр Кадамжай районунун Майдан кыштагында турушат. Асила эжеге апам менен баарлашканда келгенде жолугуп калып, көкүрөгүн уялаган элдик фольклордон ырдап берүүсүн сураганымда, күлкү-тамашага чалып, сөз учугун чубай баштады:

- Уят эмеспи! Уят! Шамши тагамдай болуп, бирөө токмоктоп уруп кетсе... Илгери Тагай чоң авам (абам) атамды ырдайт экен да: «Өрүк берет Дүрүгө,/ Өөп жүрөт күнүгө» деп. Анан атам Тагай чоң авамды тутуп алып, урат экен...

Коңур байбиче да Тагай чоң авасынын төмөнкү төрт сабын айтып, сөзгө кошулду:

Асил кылып уулду,

Туубайсыңбы Оролмо?

Дүрүнү үйгө киргизбей,

Куубайсыңбы Оролмо?, - деп ырдаганда, Апсамат чоң авам Тагай чоң авамду кабат үйдүн башынан камчылап кууп түшкөн.

Асила Апсамат кызы
Асила Апсамат кызы

Сөздү кайра Асила байбиче улантты:

- Илгери Тойжан жеңемди Гуламидин акеге болгон экен. Кийин анан насип болуп, ажырап кеткен экен. Ошонон кийин Нуркамил акеме алып беришкен экен. Ал кезде жаштар Эгин жайдын оюнда бир чарчыны эшип алып, кур ташамай (таштамай) ойношчу экен. Гуламидин аке милицияга сурак берип келип, эмне дептир дебейсизби?..

Аскасы бийик Сурма -Таш,

Акылман келин ничке каш.

Алганың мени көрө албай,

Айдатып барып сот кылды ай.

Мелик - Суу үстү көмөч таш,

Дүркүрөйт биздин жарык баш... деп ырдаса, Нуркамил акем жетип барып, Гуламидин акени уруп... Акем ошентип кызганыптыр. Кечээ өлөрдө Гуламидин аке бизде жүрдү да. Өзү айтып берет да: «Иий, карындашым. Ушундай кылып, Нуркамил акең мени урду», - дейт. Анан мен: «Ырдап бериң, аке? Ырдап бериң?» деймин да. Ал ырдайт анан:

Эээй, Мелик-Суу үстү Көмөч таш...

Айнанайын, уят! Кой, буларды айтпа! Жазба буларыңды,- деп кыткылыктайт Асила байбиче. - Гүламидин аке ошондой ырдай берет эде.

Коңур байбиче сөзгө кошулуп:

Мелик-Суу3 деген узун сай,

Ылдый жагы Эгин жай...

Асила, сен айтып бергин, мени дамыктырбай...

- Муну эми үкаларим укса капа болот да. Ха-ха-ха-ааа-аа...

Анан Зуура эжем болсо, Козу мелиса (милиция) аяш атабызга, ал бəлəны (балени) билеби, атам менен дос эде да...

Башыңыздагы телпегиңиз,

Сəккиз(сегиз) бир тиллə (тилле) серкесиз.

Сиз ойнобой ким ойнойт?

Бул өкмөттүн эркеси, - деп Зуура эжем ого (ага) кур таштайт экен. Козу мелиса атама: «Оо, бу катындар мени ниме кылды? Мен ниме кылам?» - дейт имиш. Атам: «Даарт, ырда!», - дейт имиш экен. Атамды ырда десе, ал таштын башына чыгып алып:

Бириң кызыл, бириң ак.

Аркаңарда биздей дак, - деп таштын башында ырдап отурчу экен... Уруш убакта Мелик - Сууга оягы Тактек4, Жалдан5 бери, оягы Алай, Көк – Суудан6 бери адамдар барган экен да иштегени...

Кайсы жылы карыганда атам бир гаңшыйт да: «Падариңа наалат, натаван кампирларим. Энеңер бир натаван» деп. Мен: «Ата! Мелик-Сууга келин-кыздар оягы Алайдан, бер жагы Тактектен барса, тандап жүрүп, чекесине чертип албайсызбы көңүлүңүзгө жаккан бирөөнү? Эми, буларды үчта-төртта кылып көбөйтүп алып, эми алар карыганда наалыйсызбы?» десем, атам: «Шону айтсаң, кызым!» - дейт да... Тагай чоң авама Тегирмечтеги Зулайканы алып беребиз дешкен экен. Чоң авам барып, Тегирмечте отурса, Зулайка эже көрүп: «Мени шу кишиге берем дедиңерби?» дептир. «Ааа» дешсе, «Тийбейм буга», - деп туруп качып жөнөптүр. Анан кийин Тагай чоң авам ырдап калыптыр:

Кар суу келет ылайка,

Качпагын кыз Зулайка.

Зулайка эже: «Өлүгүңдү көрөйүн, мени ырдап атат», - деп ого бетер качыптыр.

Бул окуяны айтып болгон соң Асила байбиче элдик ырды созолонтту:

Тектирге чыккан ыргайдын ааа...

Деңселтип аа шамал ыргайды эээ...

Теңселген аа ушул турмушта эээ-эй,

Теңтуштар аа жыргап ырдайлы ээ-ээй.

Кыраңга эле чыккан буудайдын ээ-ээй,

Булкунтуп - ай шамал ыргайды эээ-эээй.

Кулпунган - ай ушул турмушта эээ-эй,

Курдаштар ай ойноп жыргайлы эээ-эй...

Асила байбиче: «Не замандагы ырлар?» - деп алып, башка ырды улантты:

Кат жазам алтын ээй өзүңө,

Кулак сал менин сөзүмө.

Ээээй, сөзүмө аа, оооой, сөзүмө.

Берилдим сага, эй, берилдим а,

Капасын аччы, эй, көңүлдүн,

Жыргап бир жүрүп өтөлүк аа,

Алдың го өмүр ааа дүйнөдөн.

Кой-ай, балам, болдуя!

- деп бүткөрдү Асила байбиче. Бирок жаш кезиндеги ырларды эстеп эргүүгө баткан Асила байбиче бир аз дем алып алгандан кийин ашыглык ырын төктү.

Акылына ээй эликтин,

Акылын таап жүрсөңүз ааа...

Акыреттэээ шерикмин.

Кыядан качкан эээй эликттин ааа.

Кыялына эээй эликтин,

Кыялым таап жүрсөңүз ааа,

Кыяматтык ааа шерикмин.

Айнегим салдым ааа белиме,

Ашкəрə (ашкере) болдум ааа элиме,

Айнегим түшсө аа эл алсын ааа.

Алганым сендей ааа болбосо ааа,

Аманат жаным эээ жер алсыыыын.

Күзгүмдү салдым ээ белиме ааа,

Гүнакар болдум элиме,

Күзгүм бир түшсө эл алсын,

Күйөөм сендей болбосо,

Гүлүстан жаным ээй жер алсыыыын.

Болду- ай, кой -ай, уят-аа...

Тил өзү адамзат менен кошо өнүгөт. Байыйт да. ЮНЕСКОнун башкы директору Коитиро Мацуура 2006-жылы 21-февралда Тилдердин эл аралык күнүнө карата жасаган баяндамасында айтылгандай, дүйнө тилдеринин теңи жүз жыл арасында жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби, азыр эки жумада бир тил кайып болуп турат. Ошого сиздер жогоруда уккан говордук же субдиалектик сөздөр дагы 50 жыл арасында жок болуп кетиши ыктымал.

Дүйнө тилдеринин «SIL Ethnologue» маалымдамасы боюнча, 2016-жылы дүйнөдө 7 097 тил болгон.

Түшүндүрмө:

1Говорлук сөздөрдүн өзгөчөлүгүн окурман да сезиш үчүн береги сөздөр кандай айтылса, ошондой берилди.

2 Ә дифтонг

3Мелик-Суу бүгүнкү Кадамжай районундагы кен чыккан жай. Үч-Коргон кыштагынан 60 чакырымдай алыста. 1940-жылдары кенден вольфрам казып алынган.

4Тактек – географиялык чакан аймак. 1961-жылдан бери Ноокат районуна карайт. Ага дейре Үч-Коргон районуна кирген.

5Жал айылы бүгүн Кызыл-Кыя шаарына кирет.

6Көк-Суу Алай району аркылуу аккан дарыя.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG