Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Мурдагы премьерлер абакка кетет


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту. 2019-жыл.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту. 2019-жыл.

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдар УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду.

№1 тергөө абагында негизинен сот чечимин күтүп жаткандар отурат. Ошондой эле чечим чыгып, абакка бөлүштүрүү кезегин күткөндөр кармалат.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция иштери үчүн айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганын анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди. Анын маалыматына караганда, Исаков абакка Бишкек шаардык сотунун өкүмү күчүнө киргендиктен которулган. Бирок жактоочу Исаковдун №1 тергөө мекемесине которулганын туура эмес деп эсептейт.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Сапар Исаков өкмөт башчы болуп иштеп, кезинде мамлекеттик сырды алып жүрүүчү болгондуктан, аны өзүнчө камерага кармаш керек. Болбосо ага абакта криминалдык басым болушу ыктымал. Азыр мен ушуга аракет кылып жатам. Бирок Бишкекте өзгөчө абал болуп жатканына байланыштуу абакка бара алган жокмун».

Исаковго коюлган башка айыптар, тактап айтканда, Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоого байланыштуу кылмыш иши боюнча сот өкүмдөрү чыга элек. Бул иштер Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Сапар Исаков менен кошо Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу 7 жыл, 6 айга соттолгон мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да №1 тергөө абагына которулганы маалым болду. Ошондой эле 11 жыл 3 айга кесилген «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов да которулган. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз бөлүмүнүн адиси Самат Калыков да ырастады:

«Аларды элден бөлбөй эле кадимки шарт менен кармап жатабыз. Бизде антип бөлүп кармоо деген жок. Анткени абакта мурдагы генерал, министр, прокурор, сот да бар. Эми аларды кантип өзүнчө бөлмөк элек?».

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Кыргызстандын айрым аймактарына жарыяланган өзгөчө абал бүткөндөн кийин Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазов колонияларга бөлүштүрүлө турганын кабарлады.

Мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары бир канча энергетик жана экс-министр, баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон. Чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарган. Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сапар Исаковго карата сот өкүмү шашылыш чыккан деп эсептейт. Ал эми Исаковго коюлган айыптар боюнча соттун өкүмү толук чыга электе абакта которулушу боюнча бийликти айыптады:

«Сапар Исаковду саясий өлүккө айлантыштын айласы болуп жатат. Балким аны моралдык жактан сындыралы деп жатышса керек. Анткени ал бийликтин эң негизги оппоненти. Ал абакта отурганына эки жылдай болду. Бул аралыкта ал куугунтук көргөнүнө карабай, духу күчтүү, принцибинен тайбаган адам экенин көрсөттү».

ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу 2018-жылы Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иликтөө жүргүзгөн. Аталган комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев мыйзам алдында баары жооп бериши керек деп эсептейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек, - деди ал. - Сот өкүмү күчүнө киргенде эч ким өзгөчө камерага отургузулбайт. Бирок анын өмүрүнө коркунуч келип жатса гана абактын жетекчилиги чечим чыгарат».

Бишкектин Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган. Соттолуучулар коюлган айыптар далилсиз экенин айтып келишет.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG