Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:21

Кытай лидеринин кыргызча китеби жөнүндө


Роза Отунбаева Си Цзиньпин менен. 1-декабрь, 2017-жыл.

Жакында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китеби жарык көрдү. «Азаттык» китеп тууралуу Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын ой толгоосун сунуш кылат.

Биздин алдыбызда Кытайдын Төрагасы, ККПнын Баш катчысы Си Цзиньпиндин демейдегиден башкача, мазмуну терең, руху күчтүү китеп турат.

«Айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен жолукканда, алар түшүнө албай: «Кытай сыяктуу ушунчалык зор өлкөнү кантип башкарууга болот?» деп сурашат», - дейт президент Си. Журналистке өзүнүн интервьюсунда ал улуу кытай ойчулу Лао Цзынын «Улуу державаны башкаруу майда балыктан шорпо жасагандай» деп айтканына таянып, жеткиликтүү жана жөнөкөй түшүндүрөт. Муну кантип түшүнүүгө болот?

Анын мааниси мындай: чоң мамлекетти башкаруу майда балыкты бышырган сыяктуу эле кылдаттыкты жана этияттыкты талап кылат. Отко көз салып, чыкты ченеми менен пайдаланыш керек, казандагы балыкты тынымсыз оодара берүүгө болбойт. Төрага Синин көз карашында, коомду «майда балык бышыргандай» башкаруу, колуңду дайыма пульста кармоо, эч бир майда-барат шалаакылыкка жол бербөө, ишиңе берилүү менен, күнү-түнү эмгектенүү керек.

Бул китеп жандуу жана өтө кызыктуу жазылган. Ар түрдүү аудиториялардын алдындагы өз сөздөрүндө Кытай лидери улуттун беш миң жылдык цивилизациясынын капчыгынан алган эски элдик насааттарды, көп сандаган курч, даанышман кытай макалдарын эптүү колдонот. Китеп жеңил окулат, алгачкы барактардан тартып эле маселелерди так коюшу, кесипкөй сынчыл ыкмасы, көйгөйдүн маңызын терең сүрөттөө менен тексттин тереңине тартат, автордун ишке берилгендигинин пафосу менен шыктандырат.

Бул китепти окуп жатып коңшу гигант өлкөнү олуттуу түшүнөсүң: Ал кантип башкарылат? Ушунчалык таң калтырган ийгиликтерге кантип жетишип жатат? Бийликтин жана коомдун, борбордун жана аймактардын, партиянын жана аткаруу бийлигинин өз ара мамилелеринин саясаты кандай? Кытайдын жетекчилигинин курчап турган чөйрөгө, өзүнүн коңшуларына көз карашы кандай?

Акыркы чейрек кылымдын ичинде эки мамлекеттин интенсивдүү мамилелеринин алкагында жүз миңдеген адамдар бири-бирине каттайт, соода кылат, долбоорлойт, курат; студенттер менен илимпоздор чек аранын эки тарабында көпкө жашайт, илимди, турмушту жеринде иликтейт. Бизди жалпы тоолор жана дарыялар бириктирип турат. 60-чы жылдары мен Кыргызстандын Тянь-Шань облусунда, Тенир-Тоонун арасында чонойгом. Бүгүнкү күндө биз эки өлкө стратегиялык өнөктөр, Шанхай Кызмытташтык Уюму боюнча союздаштар болуп өсүп, өнүгүп жатабыз.

Төрага Си өз китебинде: «Өз ара таанышуу жана өз ара түшүнүү мамлекеттик мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн фундаменталдык иш болуп саналат. Тааныштык жана түшүнүшүү канчалык терең болсо, алыш-бериштин жана кызматташтыктын пайдубалы ошончолук бекем жана кеңири болот», - деп жазат. «Эки тараптуу мамилелерде позитивдүү энергияны топтош керек» деп чакырат. Биз таанып-билүүгө, жер кезүүгө, бири-бирибиз менен пикир алышууга тийишпиз. Президент Синин китеби - азыркы Кытайды түшүнүү үчүн мыкты жол!

Бээжин университетинин студенттеринин алдындагы сөзүндө ал мындай деп билдирет: «Улут, өлкө ал өзү ким болуп санала тургандыгын, өзүнүн булактары кайдан башталаарын, ал кайда баратканын билиши керек жана муну түшүнгөндөн кийин ал өз максатына кыйшаюусуз барууга тийиш». Андан ары ал: «Узакка созулган издөөнүн натыйжасында биз өзүбүздүн туура өнүгүү жолубузду таптык, ал Кытайдын улуттук акыйкаттарына жооп берет. Биздин эл Кытайдын үмүт-тилегин ишке ашыруу - кытай улутунун улуу кайра жаралышы үчүн күрөшүп жатат. Биз кытай өзгөчөлүгү бар социализмди куруп жатабыз. Кытайды социализм гана сактап кала алат!», - деп ырастайт (30-бет).

Кытайдагы ачыктыктын жана реформалардын 40 жылдык саясатынын натыйжалары таң каларлык! Кытайдын салыштырма салмагы дүйнөнүн экономикасынын көлөмү боюнча экинчи болуп чыгып, дүйнөлүк экономиканын үчтөн бирин түзөт! Туруктуулуктун шарттарында жүргүзүлгөн реформалар жогорку өсүш темптерин камсыз кылды, жыл сайын экономика орточо 9,5% өстү. 500 млн. адамга жакын орто таптын катмары түзүлдү, бул өлкөдө 700 млн. адамды кедейликтен сууруп чыгышты, адамдардын өмүрүнүн узактыгы 6 жылга өстү.

Биз да Кыргызстанда болжол менен узактыгы боюнча ушундай эле жолду басып өттүк: социалисттик экономиканы кыйратып жок кылып, Компартиянын руху менен ченемдерин жоготуудан тартып парламенттик демократияга жол жүрдүк. Ортобуздагы айырма айкын көрүнүп турат, ал - коңшу өлкөдөгү концептуалдык лидерликте. Партия жана анын иштөө стили – Синин китебинин өзөгү. Бул беттерди окуу менен 1,4 миллиард элдин авангардынын миссиясын тарткан, 82 миллион мүчөсү бар Коммунисттик партия, өлкөнүн реалдуу ийгиликтерин камсыз кылып, чарчап-чаалыкпастан жана каармандык менен иштеп жатканына ынанасың. Коммунисттердин башчысынын девизи: «Аз сүйлөп, реалдуу иштер көп болсун!»

Биздин Кыргызстандагы саясий партияларыбыз көбүнесе солчул, социалисттик маанайда. Сыягы, биз бардыгыбыз социализмден өсүп чыкканыбыз үчүн болсо керек. Алардын бардыгы али калыптануу процессинде, түзүлүп жана кайра чачырап турат. Аларда тартип жокко эсе; парламенттеги фракциялар өкмөттү түзөт, ишти тарта албай, тармактын өзөктүү проблемаларын чече албай, кетүүгө мажбур болгон партия эч кандай жоопкерчилик тартпайт – жашоо-тиричилик өзүнчө, партиялардын жашоосу өзүнчө.

Китептин бет ачары. Сүрөт «Кабар» маалымат агенттигинин сайтынан алынды.
Китептин бет ачары. Сүрөт «Кабар» маалымат агенттигинин сайтынан алынды.

Төрага Си үчүн «партия эл менен бир дем алып жана бир тагдыр менен жашоого тийиш» деген сөздөр - куру сөз эмес! «Ким адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапса, ал өлкөнү баш ийдирет. Ким адамдардын жүрөгүнөн түнөк таба албаса, ал өлкөнү жоготот» деп ишенет лидер. Эң төмөнтөн баштап, эбегейсиз зор өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында жетекчилик иштин бардык баскычтарынан өтүп, ал элге жакын, эл эмне менен жашап, эмнеге муктаж экенин билет. Дал ошондуктан аны элдин өзү «калктын катчысы» деп атаган. Си партиялык активге, элге «Кытайдагы өкмөт «элдик» деген кошумчасы бар» деп дайыма эскертип турат. «Биз, коммунисттер үчүн элдик масса – суу жана тамак берүүчүлөр, биз аларды өз ата-энебиздей жакшы көрүп, аларга кызмат кылып жана аларды бакубат жашоого алып барууга тийишпиз!». Өз түшүнүктөрүбүз жана сезимдерибиз менен салыштырып көрөлүчү: айтылган сөздөр биздин турмушка жакынбы же түшүнүксүзбү?!

Мен биздин саясий партияларыбыздын лидерлерине төмөнкүлөр жөнүндө окууну көптөн-көп кеңеш кылам: «Төрт жаман ылаң жөнүндө» (ККП алардан арылууну талап кылат), партиялык иштин стилин өркүндөтүү талаптар жөнүндө, «Күзгүнү кароо, кийимди түздөө, душка түшүү, ооруну айыктыруу» - иш жүзүндө булар өзүн-өзү тазалоону, өз алдынча өркүндөөнү, өзүн жаңылоону, өзүнүн деңгээлин жогорулатууну билдирет. Мунун баары өзүнүн иш тажрыйбасына негизделген кызыктуу талдоо, ал силерди сөзсүз кызыктырат, байкоолордун тереңдиги менен өзүнө тартат, ойлонууга жана массанын арасындагы өз ишиңерге кайрадан кароого мажбурлайт. Бул китепти жогору баалап калганымдын дагы бир себеби мында: лидерлердин тексттери өлкөнүн багытын көрсөткөнү, жүрүп жаткан процесстердин маңызын элге түшүндүргөнү үчүн гана баалуу эмес. Аларга убакыт өткөндөн кийин кайра кайрылып, баа берсе болот: алар ишке ашырылдыбы же мурун айтылган сөздөр популисттик чакырык, бир мүнөттүк куру убада, ойлонулбаган чечим болуп жүрбөсүн? Тексттер жол башчынын кадыр-баркы, лидерликтин деңгээли жөнүндө айдан-ачык айтып турат, активди ушундай базалык документтерди окууга жана кайталап окууга, алардын үстүнөн иштөөгө, аларды массага чейин жеткирүүгө мажбурлайт.

Бизди, Кыргызстанды, бүткүл дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөй эле Кытайдын экономикалык кубаттуулугу анын позициясына жана эл аралык аренадагы аракеттерге кандай таасир этери кызыктырат. Анын экспансионисттик ою барбы? Бул суроого коңшулардын Назарбаев университетиндеги өз сөзүндө президент Си Цзиньпин төмөнкүдөй жооп берди: «Кытай башка өлкөлөр өз алдынча тандаган өнүгүү жолун, тышкы жана ички саясатын урматтайт. Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички ишине кийлигишпейт, чөлкөмдөгү маселелерди чечүүдө лидерликке умтулбайт, өзүнө таасир этүү чөйрөлөрүн түзбөйт». Андан ары: «Биз «күч-кубаттуу өлкөлөр сөзсүз гегемонияга умтулууга тийиш» деген логиканы четке кагабыз. Биз тынч өнүгүү жолу менен баратабыз. Кытай – бул жоопкерчиликтүү мамлекет. Биз өз ишибизди аткарууга тийишпиз. Башка өлкөлөр менен мамилелерди жолго коюш керек. Биз адилеттүүлүктү жактайбыз, биз кедей кезде силер (ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешине мүчө өлкөлөргө кайрылып) биз менен бирге болгонсуңар».

Ал Кытай үчүн чектеш өлкөлөрдүн артыкчылыктуу экенин өзгөчө баса белгилейт: «Алар менен жакшы коңшулаштыкты жана достукту өнүктүрүү, өз ара пайда принциптеринде өзүңө көбүрөөк досторду жана өнөктөрдү тартыш үчүн, биздин өнүгүшүбүздөн коңшу өлкөлөр көбүрөөк пайда алышы үчүн аларга чын дилден мамиле кылуу зарыл» (400-406-беттер). Бул саясат биздин өлкө менен өз ара мамилелерде кандай ишке ашып жатканынына, биздин улуу коңшубуз биздин экономикага кандай баа жеткис жардам берип жатканынына күбөбүз.

Кытайдын өнүгүшү жана өсүшү – бул коркунуч эмес, ал бүткүл дүйнө үчүн мүмкүнчүлүк экенин түшүнүүгө тийишпиз. Дүйнөлүк ИДӨнүн үчтөн бири бүгүнкү күндө Кытайда өндүрүлөт! Кытайдын аркасы менен БУУда Туруктуу өнүгүүнүн максаттары бардык дүйнөлүк көрсөткүчтөрдү жакшыртты. Ошондой болсо да бул гигант өлкөнүн карапайымдыгын байкасаңар: «Биз социализмдин баштапкы стадиясындабыз жана дагы көпкө чейин анда болобуз, бизде өнүгүүнүн реалдуу көйгөйлөрү жана карама-каршылыктары бар. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн деңгээли жогору эмес, калктын жашоо деңгээли да жогору эмес» (143-бет). Бул жерде олтурган баарыбыз – Кытайдын дүйнөлүк державага айланышынын күбөсүбүз, бул биздин көз алдыбызда болуп өттү. Мен биринчи жолу 1987-жылы Кытайга советтик кыргыз өкмөтүнүн төрагасынын орун басары катары барганымда, ал жердеги СССРдин элчилигинин экинчи катчысы Касым-Жоомарт Токаев мага ал жактагы кырдаал жөнүндө иш билгилик менен көптөгөн нерселерди айтып берген. Анда ал башка Кытай болчу.

Төрага Си бул күндөрү Орусияда иш сапары менен жүрөт. Ал «Кытайдагы реформалар терең сууга кирди» деп айтуудан тажабайт. Доордун түйшүгү эбегейсиз зор: дүйнөлөшүү заманында 1.4 млрд. адамды башкаруу онойбу?! АКШдагы студенттердин үчтөн бири Кытайдан. Кытай ушул тапта жасалма интеллект жана робот техникасы жагынан лидер.

Дүйнөлүк рыноктордо катаал экономикалык күрөш жүрүп жатат. АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу жетер чегине жетти. Тышкы саясий аренада Кытайдын ролу байкаларлык өстү: биз Борбор Азияда Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Ооганстандагы абалды жөнгө салууга жана ал жактагы тараптарды жараштырууга олуттуу салым кошот деп күтүп жатабыз. Албетте, «Бир тилке, бир жол» долбоору маңызы жана руху боюнча новатордук, максаты боюнча пайдалуу жана жогорку натыйжалуу гана болбостон, ал бүгүнкү күндө ага кирген 50дөн ашык өлкөгө өнүгүүнүн бардык багыттарында өз өлкөсүнүн горизонтторун толук ачып көрсөтүүгө мүмкүндүк берип жатат.

Биз бул китепти 2015-жылы которо баштаганбыз. Бактыгүл Каламбекова аткарган котормонун сапаты бул зор китептин манызын биздин кыргыз окурмандарына жогорку денгээлде жеткизе алды деп ишенебиз. Китеп басууга даяр болчу, бирок кыргыз тарапка байланышпаган жагдайлардан улам аны жарыялоо көпкө узарып кетти. Эми мына ал 2019-жылы гана жарыкка чыкты. ШКУнун Бишкектеги саммитин күтүп жаткандай болуп калды (!). 2015-жылы биздин фонд Ден Жундун (Маомао) «Менин атам - Ден Сяопин» китебин кыргыз тилине которгон. Ал эл арасында өтө популярдуу болуп, бизге Кытайдын өнүгүшүнүн татаал жылдары жөнүндө, улуу реформатордун инсандык сапаты жөнүндө маалымат берет. Түз эле айтыш керек: азыр бизде кыргыз тилинде азыркы Кытай жөнүндө китептер жана фильмдер өтө аз, таптакыр эле аз!

Төрага Синин бул китебинин мазмуну 2014-жыл менен аяктайт. Ал учурдан бери Кытайда, ошондой эле дүйнөдө көптөгөн маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. 2018-жылы ККПнын XIX тарыхый съездинде адамзаттын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун түзүүгө карата багыт жарыяланды. Мадрид клубунун алкагында бизде Кытайдын лидери менен жыл сайын жолугуп, өз оозунан өлкөдөгү эң маанилүү, орчундуу маселелер боюнча маалымат алганга мүмкүнчүлүк бар. Клубдун мүчөсү катары менин да жыл сайын декабрда ушул жолугушууларга катышууга сыйлуу артыкчылыгым бар.

Бирок биздин коомчулукка, элге коңшуларыбыздын турмушу жөнүндө маалыматтар, китептер, журналдар, фильмдер өтө жетишсиз.

Төрага Си Цзиньпиндин китебинин экинчи томун биз чыдамсыздык менен күтөбүз!

Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын экс-президенти

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG