Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Пенсияга чыгуу түйшүгү жеңилдейт


Пенсия маселесин чечип жүргөн жарандар. Архивдик сүрөт.
Пенсия маселесин чечип жүргөн жарандар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен жарандар эми пенсияга чыгыш үчүн толгон-токой документтерди чогултпайт.

Керектүү кагаздарды топтоо милдети Социалдык фондго жүктөлдү.

Жарандарды пенсияга чыгууда толгон-токой документ топтоо түйшүгүнөн арылта турган мыйзам 1-январдан тартып ишке кирди.

Пенсия чегерүүнү жеңилдетүүгө ылайыкташкан мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев сунуш кылган.

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Пенсия чегерүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча биз мыйзам кабыл алганбыз, - дейт ал. - Документтер Соцфондго керекпи - Соцфонд аларды өзү чогултушу керек. Адам 30-40 жыл иштеп, пенсиянын документтерин алты ай, бир жылдап чогултпашы керек. Ал Соцфондго келди, арызын, паспортун, эмгек китепчесин берди. Калганын Соцфонд өзү чогултушу керек.

Пенсия курагына келген жарандар тийиштүү документтерди чогултууда ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болгон учурлар кездешет.

Мисалы, Таластын Талды-Булак айылынын 61 жаштагы тургуну Кымбат Байматова ушундай документтерди топтоодогу артыкбаш түйшүктүн айынан пенсияга 15 жылдан кийин чыккан.

- Биздин айыл тоолуу аймак болгондуктан пенсияга 45 жаштан чыкчубуз, - дейт ал. - Ошол куракка жеткенде документтерди чогулткам. Мен мурда Талды-Булактагы тиричилик комбинатынын бир бөлүмүндө башкаруучу болуп иштегем. Союз тарагандан кийин документтерибиз жоголуп кетти. Аны борбордук архивден издедим. Учурунда бир эле жерде иштеген жокпуз. Документти ар кайсы жерден чогулттук. Балдардын документин ар кайсы жерден чогултуп келүү да бир топ эле кыйын экен. Эмгек стажым деле толук болчу. Андан кийин деле “бул жок, тигил жок” дешкенинен “пенсиянын кереги жок” деп документ топтобой койгом. Кийин 60 жашка чыкканда 45 жаштагы келиндер пенсия алып жатканын көрүп намыстанып, документтерди кайра тапшырдым.

Медер Ирсалиев.
Медер Ирсалиев.

Мыйзам кабыл алынганга чейин пенсия курагындагылар негизинен паспорт, эмгек китепчеси, 1996-жылга чейинки беш жыл ичинде алган маянасы жөнүндө маалымат, туруктуу жашаган жеринен маалымдама, аялдар балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, эркектер аскердик билети камтылган документтер топтомун Соцфондго тапшырышы керек болчу.

Жарандар белгилегендей, жогорудагы кагаздарды чогултууга жылдап убакыт талап кылынган учурлар арбын. Жаңы мыйзамга ылайык жөнөкөйлөтүлгөн шарттар тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев төмөнкүлөргө токтолду:

- Азыр эми паспортун, беш жылдык айлыгы тууралуу маалымдаманы, эмгек китепчесин алып келишет. Калган жетпеген документтердин баарын биздин кызматкерлер мамлекеттик органдарга кат менен кайрылып, чогултабыз. Бул жерде бир өзгөчөлүктү айта кетиш керек. Пенсионерге документтерди алты ай эрте тапшырганга укук берип жатабыз. Ошол убакыт ичинде биз жетишпеген документтердин баарын топтоп, анан акчаны чегерип беришибиз керек.

Кыргызстанда аялдарга пенсия 58, эркектерге 63 жаштан тартып бериле баштайт. Пенсия курагына келген жарандын 20-25 жылдык эмгек стажы болушу керек.

Ал эми айыл жеринде жашап, дыйканчылык же башка иштер менен алектенгендер кандай документтерди чогултуп пенсияга чыга аларын Соцфонддун Таластагы өкүлчүлүгүндө он жылдан ашык иштеген Баратбек Сыдыкназаров айтып берди:

Баратбек Сыдыкназаров.
Баратбек Сыдыкназаров.

- Жер үлүшү бар болсо Соцфондго ошол жердин китебин алып барыш керек. Анан төлөмдөр болушу керек. Дүкөн же бир киреше алып келүүчү жумушта иштесе, Социалдык фондго сөзсүз каражат төлөгөн болушу зарыл. Мамлекеттик кызматта иштебегендерди, жер үлүшүнө акча төлөбөгөндөрдү мамлекет пенсияга чыгарбай коё албайт. Бирок минималдык сумма чегерип коёт. Маселен, пенсиянын мамлекет тараптан төлөнө турган базалык бөлүгү 1700 сом болсо, стаж жетпеген учурда ошонун жарымына жакын пенсияга чыгарып коёт.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү, тагыраагы мамлекет тараптан чегерилген сумма 1780 сомду түзөт. Учурда өлкөдө 648 миң адам пенсия алат.

Жаңы мыйзамга ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып Соцфонддо атайын пенсионерлер үчүн бөлмө ачылат. Каалоочулар ал бөлмөгө кирип, канча пенсия алып жатканын электрондук түрдө көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 682 сомду түзгөн. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулаган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом. Жалпысынан 648 миң пенсионер болсо, миң сомго жетпеген пенсия алгандар да бар. Алар 1-2 жыл эмгек стажы бар жарандар.

"Азаттыктын" архиви: Пенсия канча сомго көтөрүлдү?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG