Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Саляновдун ишиндеги эки ача маалымат


ИИМ.
ИИМ.

Беш жылдан бери бети ачылбаган Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши ИИМ менен Башкы прокуратуранын ортосундагы мамилени көргөзгөндөй болду.

Студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иш кайрадан коомчулуктун көңүл борборуна чыкты. Бул ирет окуяны иликтеген Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилиги тараткан билдирүүгө байланыштуу түшүнүксүз кырдаал түзүлдү.

5-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Дүйшөбаеванын өлүмүнө тиешеси бар деп шек саналган Калыйбек Элтуйбасовду (Салянов) АКШдан алып келүү үчүн сураныч жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Анда ИИМдин өкүлү мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жакын тууганы болгон Элтуйбасов чуулуу өлүмдү тергөөгө тоскоол болду деп шек саналып жатканын маалымдаган.

Бирок бул билдирүүдөн эки саат өтпөй Башкы прокуратура милициянын жетекчисинин сөзүн четке кагып, билдирүү таратты. Башкы көзөмөл органынын өкүлү Жаркынай Азиеванын айтымында, ИИМ бул иш боюнча материалдарды АКШ тургай прокуратурага да жөнөткөн эмес.

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ Калыйбек Элтуйбасовду экстрадициялоого байланыштуу тиешелүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегенин белгилегибиз келет.

ИИМ Башкы прокуратуранын бул билдирүүсүнө 6-февралда жооп кайтарды. Анда прокуратуранын тараткан маалыматын четке кагып, министрлик кылмышка шектүүнү өлкө алып келүү боюнча Интерпол аркылуу аракет кылып жатканын кабарлады:

- Калыбек Элтуйбасов 2018-жылы АКШда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кармалган. Учурда анын иши Миссури штатындагы Сент-Луис шаардык сотунда каралып жатат, жыйынтыгында Элтуйбасов депортация болушу ыктымал. Кыргызстандын ИИМи ал кармалгандан бери Американын укук коргоо органдары менен Интерпол аркылуу тыгыз кызматташып жатат. Мунун натыйжасында АКШ тарап Элтуйбасов Кыргызстанда оор кылмыш үчүн шектелип, эл аралык издөөгө алынганы тууралуу кабардар. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага жиберилген. Аны экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын милдетине кирет, - деп жазылган маалыматта.

Чуулгандуу иш боюнча эки ача маалымат таратылганы мамлекеттик органдардагы жоопкерчилик маселесин көтөрдү.

Айрымдар мындай кырдаалды ИИМдеги жетекчилердин компетентсиздиги менен түшүндүрүшүүдө.

Маселен, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмышка шектүүнү өлкөгө экстрадициялоо прокуратуранын укугуна кире турганын белгилеп, күч органдары жеңил пиар үчүн элге жаңылыш маалымат бергенин осол иш катары баалады:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Бул жерде пиардын кереги бар беле? «Кайсы бир террорчуну кармап алдык» деп жар салса, пиар кылат деп ойлойт элек. Экстрадиция кандай болорун түшүнбөй, ал кайсы мыйзамдын алкагында жүргүзүлөрүн билбей жатышкандай. Министрдин орун басарына ушул маалыматты берген адамдын кесипкөйлүгүнө көлөкө түштү. Эгер андай маалымат жок туруп, ошол жетекчи өзү айтса – анда бул анын компетентсиздиги.

Ошол эле кезде мамлекеттик органдардын эки ача маалымат таратып жатышын башкаруудагы чаржайыттыктан көргөндөр да бар. Саясатчы Эмилбек Каптагаев бул ишке байланыштуу ИИМде башынан эле түшүнүксүз жагдайлар орун алып келгенине көңүл бурду:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Бул мурдатан келаткан саясий оюндун уландысы же ИИМдеги жогорку даражалуу аткаминерлердин кызыкчылыгындай көрүнүп жатат. Болбосо ачыктан ачык эле калп айтты. Алгачкы жолу ИИМдин коллегиялык жыйынында премьер-министр катышып жатса «Салянов (Элтуйбасов) биздин сураныч боюнча кармалды» деп маалымат бербедиби. Кийин ал калп экенин мойнуна алып, эми кайра мындай билдирүү таратты. Болбосо Башкы прокуратура менен байланышып, муну тактап алуу беш мүнөттүк иш.

Чынында эле Калыйбек Элтуйбасов АКШда кармалганы жөнүндө маалымат тараганда ИИМдин өкүлдөрү «ал Кыргызстандын суранычы менен кармалды» деген таризде маалымат берген.

Криминалдык милициянын башчысы Нурбек Абдиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан жыйында кылмышка шектүүнү өлкөгө алып келүү жаатында иш жүрүп жатканын айткан.

Бирок кийинчерээк Калыйбек Элтуйбасовдун карындашы Аида Салянова агасы Кошмо Штаттардагы миграциялык тартипти бузганы үчүн эле кармалганын айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев кандай болгон күндө да кылмыш ишин ачууга аракет кылып, мындай иштерди саясатташтырбоо зарыл деп эсептейт.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Бул маселеде абдан кылдат мамиле кылыш керек, - деди депутат. - ИИМ баш болуп аны жарыялаган маалымат каражаттарына чейин так аныкташ керек. Негизгиси - баарыбыз кылмыштын бетин ачууга умтулушубуз зарыл. Милиция деле маалымат тараткан соң кайсы бир түшүндүрмөнү берсе керек.

19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.

Алардын ичинде ал кезде фамилиясы Салянов болгон Калыйбек Элтуйбасов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары карала баштаган. ИИМ бул иште «тергөөгө каршылык көрсөткөн» деген киненин негизинде Элтуйбасовго айып коюп, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган.

Аида Салянова муну өзүнүн оппозициячыл ишмердигине байланыштырып, агасы аркылуу өч алгысы келген ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «саясий куугунтуктугу» катары баалаган.

Буга чейин кабарлангандай, Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алганы маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG