Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Цветков Манаптан кечирим сурады


Манап, Артур Цветков жана кыргыз элчилигинин кызматкерлери.
Манап, Артур Цветков жана кыргыз элчилигинин кызматкерлери.

Москвадагы кыргыз элчилиги орусиялык алып баруучу Артур Цветков кодулаган кыргызстандык Манапты укуктук жактан коргоого алды.

Элчиликтин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева 13-августта консулдуктун кызматкери иштин чоо-жайын териштирүү жана керектүү юридикалык көмөк көрсөтүү максатында Манап иштеген мекемеде жумуш берүүчү жана Цветковдун өзү менен жолугушканын билдирди.

Көп өтпөй социалдык тармактарда Манап менен Артур Цветков кол алышып турган сүрөт тарады. Цветков биринчи кечирим сурап, полицияга жазган арызын кайтарып алууга убада бергени айтылды.

12-августта орусиялык журналист, «МТВ-Россия» телеканалына тиешелүү «МУЗ ТВ» каналында алып баруучу болуп жүргөн Артур Цветков Москванын бир тез татым ашканасында кыргызстандык мигрантты кодулап, Орусиядан кубалап, өлкөдөн депортация кыларын айтып коркуткан видео тараган.

«Балит! Мен сени азыр өлкөдөн депортациялайм. Сен ким менен сүйлөшүп жатканыңды билесиңби?» деп кыйкырган Цветков колуна тийген желим идиштерди мекеменин жумушчуларын көздөй ыргытып жатканын көрүүгө болот.

Чыр 11-августта мекемеде ашпозчу болуп иштеген кыргызстандыктын эпидемиологиялык шартка ылайык кардардын беткап кийишин талап кылганда чыккан.

Бул видео кыргызстандык Интернет колдонуучуларды нааразы кылып, алар Артур Цветков менен телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларынан кечирим суроону талап кылып, ар кандай пикирлерин жаза башташкан.

Кийинки күнү Цветков «Инстаграмдагы» барагына тез татымдын жетекчилиги телефон аркылуу байланышып, кечирим сураганын айтып, кыргыз мигранты ага «сиз» деп сылык кайрылбаганын, өзү окуя болгон күнү эле укук коргоо органдарын чакырып, полицияга арыз жазганын айтып, «кимге жакпаса, Мекениңер силерди күтөт» деген чакырык таштаган.

Интернет колдонуучулардын басымдуулугу аны улутчулдукка, улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу айыпташса, постко жазылган алты миңден ашуун пикирдин арасында Цветковдун беделине шек келтирген, келекелеген сөздөрдү да кезиктирүүгө болот.

Ошондой эле Цветковду колдогон айрым орусиялыктар мигранттардын жүрүм-турумуна нааразы болуп, Орусиянын мыйзамдарын сактоого, жергиликтүү элди урматтоого чакырышкан.

Ал арада «МТВ-Россия» телеканалы кыргызстандык мигрантты кодулаган мурдагы алып баруучусунун жоругун сындап, телеканал зулумдук менен басмырлоого каршы турарын билдирди.

Телеканалдын башчысы Яна Чурикова «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу видеокайрылуу таратып, анда Артур Цветков 2006-жылдан бери телеканалда иштебей калганын кабарлады.

«Артур Цветков 2006-жылдан бери бизде алып баруучу болбогондуктан, биз алгач бул окуяга көңүл бурбай коёлу деп чечкенбиз. Бирок турмуштук чыр улут аралык деңгээлге чейин көтөрүлүп кеткенде телеканалдын жана менин жеке позициямды билдирип коюуну туура көрдүм. Биринчиден, чоң эле адам өзүнүн ачуусун башкарып, чырды сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылышы керек. Бул тууралуу улуу кыргыз жана советтик жазуучу Чынгыз Айтматов таамай айткан: «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу». MTV басмырлоонун бардык түрүнө, ачуулукка жана зулумдукка каршы. MTV тынчтык менен сый-урматты кадырлайт», - деген Чурикова.

Телеканалдын билдирүүсүн белгилүү орусиялык ырчы Дима Билан да колдогон.

Ал эми Цветков Чурикованы «хейтерлер менен ботторго жан тартып жатасыңар» деп күнөөлөгөн.

Бул окуя боюнча Бишкектеги ырчылар Самат Дөөлөтбаков, Анжелика Кайратова менен Ассоль Молдокматова Кыргызстандын ТИМине чейин кайрылып, элчиликти кыргызстандык мигранттын укуктарын коргоого чакырышкан.

Ошол эле маалда Москвада жүргөн мекендештер арасында Интернет аркылуу кечирим суратууну сындагандар да болду. Алардын бири журналист Кудрет Тайчабаров миграциянын күчөшүн, ага жол берген бийликти айыптады.

«Муну да кечирим сураттык. Булар да жарашты. Кыргызды эч ким шылдыңдай албайт, биз ынтымактуубуз, биз кыйынбыз деп төш кагып атабыз көбүбүз. А бирок, өзүбүздүкүлөр өзүбүздү тебелеп атканын качан түшүнөбүз?
Орус туура айтат, "жакпаса, өз өлкөңө кет да" деп баары эле айтат. Бул виджей просто катуурак айтып койду. Буга ким күнөөлүү? Эгер өз мекенибизде калыстык орноп, жумуш орундары түзүлсө, кыргыз ушинтип көрүнгөнгө жаман көрүнүп темселейт беле? Же жылуу үйүндө бала-чакасы, ата-энеси менен Кыргызстандын таза абасын жутуп жүрөт беле?», - деген суроону койду Тайчабаров.

Буга чейин былтыр сентябрда орусиялык журналист Андрей Малахов «Россия - 1» каналында айткан орунсуз сөзү үчүн кыргызстандыктардан кыргыз жана орус тилдеринде кечирим сураган.

Анда Малахов жол кырсыгына байланыштуу камакка алынган кыргызстандык айдоочу Исламбек Акбаровду «атайлап жалданып киши өлтүргөн» деп айыптап, жалпы Кыргызстан, кыргызстандыктар тууралуу ою менен бөлүшкөн.

Кыргызстандыктар нааразы болуп, Интернетте «Малахов кечирим сурасын!» деп талап кылып чыгышкан.

Быйыл февралда Москванын Таганский соту Акбаровду адам өлүмүнө алып барган жол кырсыгына күнөөлүү деп таап, эки жыл абакка кескен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG