Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Атамбаевдин баркы, КСДПнын ыркы


КСДП.
КСДП.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, камакта отурган Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергени айтылууда. КСДПнын тарапташтары муну расмий бышыктай элек.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге шилтеме жасап, Кылычов тергөө менен кызматташууга кол коюп бергенин 24kg сайты жазды.

Жоошевдин айтымында, Кылычов КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Адвокаттын сөзүнө караганда ал көрсөтмөдө Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну каалаганы белгиленген.

Кундуз Жолдубаева тергөөнүн жүрүшүндө камакта отурган Кылычов менен беттешкенин «Азаттыкка» айтты:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Ал тергөө менен кызматташканын мен так айта албайм. Акыркы жолу Алга Кылычов менен беттештиришкенде анын моралдык абалы оор экенин көргөм. Өзү ооруп жүрөт. Биз күч органдары мүмкүн ага кысым көрсөтүп, өздөрүнө керектүү, ойдон чыгарылган көрсөтмөлөрдү алып жатат деп ойлойбуз.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кылычовдун иши тергелип бүтүп тиешелүү органдарга өткөрүп берилгенин, бул боюнча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди.

Атамбаевдин КСДПдагы тарапташтарынын бир тобу бул маалыматка ишенер-ишенбесин билбей турушат. Партиянын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Рита Борбукеева социалдык тармактарда таратылып жаткан маалыматтарга далил табылмайынча күтүп турууга чакырды.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина муну адам укуктарын бузуу жана саясий куугунтук менен байланыштырды.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Өлкөдө адам укуктары одоно бузулуп, чабуул коюлганына, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча кылмыш иштерине байланыштуу да эч кандай реакция кылбаганына негизги себептердин бири ушул. Мен ЕККУга жыйында ачык кайрылып, бул окуяларга реакция беришин сурандым - унчугушпайт. Азыр болсо Алга Кылычов сыяктуу эң алсыздарын ушунчалык сындырып атышат, ал болсо «коё беришсе эле болду» деген ой менен эмнени «айт» десе ошону айтканга макул», - деп жазды ал «Фейсбукта».

Алга Кылычов «Бириккен элдик кошуун» уюмунун түзүп, мурда «Дан» мамлекеттик мекемесин жетектеген. Кой-Таш окуясына чейин ал быйыл 4-июлда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) суракка чакырылган.

Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Алга Кылычов - мурдагы президент Атамбаевдин тарапкерлеринин арасынан аты аталган кылмыш иштери боюнча тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирген алгачкы адам эмес. Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да ушундай макулдук бергени белгилүү. Азырынча тергөөнүн жүрүшүндө дагы канчасы күч түзүмдөрү менен иштешип жатканы айтыла элек.

Атамбаевдин мурдагы тарапташтарынын ичинен өз иш-аракеттерине ачык өкүнгөндөрү да бар. Буга чейин Кой-Таш окуяларында «Атамбаевди көздүн карегиндей сактоого»​ үндөгөн Фархат Баабиев аттуу жарандын үнү жазылганы айтылган, анын сүрөтү коюлган видео «YouTube» каналында тараган. УКМК анда айтылган сөздөрдүн лингвистикалык экспертизасы аймак аралык кастыкты козутууга чакырыкты камтый турганын билдирген.

Фархат Баабиев.
Фархат Баабиев.

Фархат Баабиев ошондон көп өтпөй эле видео кайрылуу таратып, Атамбаевди колдош үчүн Кой-Ташка барганын, «бирок 7-8-августтагы окуялар көз карашын түп-тамырынан өзгөрткөнүн, буга чейин айткан сөздөрүн толугу менен кайра аларын» айткан. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу камакка алынган.

Мурдагы бийликтин тушунда «сот системасынын куратору» атка конгон президенттик аппараттын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн экс-башчысы Манасбек Арабаев тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган. Арабаев тергөөгө кытай инвесторлору Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга байланыштуу иш боюнча мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

Атамбаев көп жыл бою жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өзү да ушул тушта экиге бөлүнүп, анын атынан Жогорку Кеңешке шайланган фракциянын көбү азыркы президентти колдосо, депутаттардын саналуу гана бөлүгү мурдагы позициясын сактап калды.

Коюлган айыптар

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кой-Таш окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовго, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычовго, Кыяз Смайловго, Амантур Жамгырчиевге андан тышкары Фархат Баабиев, Шаменов, Карыбек уулу, Кулалиев жана Какебаев аттуу жарандарга Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар»), 130-берене («Киши өлтүрүү»), 244-берене («Барымтага алуу») менен айып коюлган.

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Ирина Карамушкинага Жазык кодексинин 244-берене («Барымтага алуу») кине коюлуп, үй камагына алынган.

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге болсо «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» менен айып коюлуп, камакка алынды.

Ал эми Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук көрсөтүү»), 337-берене («Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын ишине тоскоолдук кылуу»), 264-берене («Массалык баш аламандыктар»), 130-берене («Киши өлтүрүү»), 244-берене («Барымтага алуу») жана 253-берене («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен шек саналып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG