Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бериш керекпи?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орозо башталып, замандаштар бири-биринен кечирим сурап, көпчүлүгү жалпы эле тааныган-билгендеринин баарына кайрылып, жарыя кечирим сурашып жатат.

Албетте, бул жакшы жөрөлгө. Эми «кечир» этишинин эзелки мааниси менен эмдиги шааниси канчалык төп келери жөнүндө сөз кылалы.

Кечер кечүү, ичер суу

Кыргыздын жашоо-тиричилигинде аккан суунун орду өзгөчө болуп келген. Көзү өткөн кишини «ичер суусу түгөнүптүр» дешчү экен. Тазалыктын башкы шарты да - «аккан сууда арам жок». Үй ичиндеги абаны арча тазартса, киши денесин кирден суу арылтып турган эмеспи. «Көйнөктүн кири жууганда кетет, көңүлдүн кири айтканда кетет» деп кийинки эле доорлордо айтып калышкан окшойт. Эзелтен суу өмүр булагы эле эмес, аруулуктун да башаты деп таанылып келген.

Жаман жосун жасаган адамды күнөөсүнөн арылтыш үчүн агын суудан кечирген ырым болгону анык. Алыскы сапардан кайтып келген уул-кызынын башынан сууну тегереткен, айрым ооруларды суу менен учуктаган, нике кыйганда бир кеседеги суудан ичирүү жана башка жөрөлгөлөр да сууну кыргыздар кандай аздектеп келгенинен кабар берет.

«Аккан сууда арам жок», «Жети тоголонгон суу адал» дегендей макалдар да бар. Бирок байыркы бабалар сууну туш келди булгаган эмес, дарыяга акыр-чикир таштабаган, кир-коктун баарын эле сууга агыза бербеген. «Убал», «адал», «арам» сыяктуу түшүнүктөрдүн таасири азыркы эң эле катаал мыйзамдардан да күчтүү болгон.

Демек, биз сөз кылып жаткан кечирим суроо да ооздун жели эмес, өтө олуттуу, ыйык түшүнүк болгон.

Атаңдын кунун кечиш оңойбу?

Түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын курчуган кыргызда «туугандын урушу – торконун жыртышы» эле эмес, элдин ички ынтымагы ыдырап, эрегиште эр өлгөн, кагылышта хан өлгөн учурлар деле кез-кезде боло келген. Айрыкча уруулар арасындагы чыр-чатактардын айынан тышкы душмансыз эле ич ара кырылышып, жоголуп кетүү коркунучу курчуп турган.

«Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» - кектешүү, өч алуу айлампасы токтобой, «Канга - кан!» деген ураан менен кырылышып тукум курут болуп кетерде, каңырыкты түтөтүп, араңдан зорго эпке келишкен, элдешкен («Эл бололу!» дешкен) журттун ыркы бузулбасын деп, уу берген тууганынын кылмышын айтпай, өлүп кете берген эрендердин эрдигинен чыккан макал. Туугандашса, сөөк жаңыртса, каны-жанынан жаралган балдары үчүн деле кайындарына кастык кылганын коёр деген үмүт көп эле учурларда акталган окшойт.

Бул макалдын «Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч» деген варианты да бар. Бирок санжырада, уламыштарда бүтүндөй айылды же урукту наалатка калтырган жосунду кечирбей, күнөөлүү адамды алыска көчүрүп ийген учурлар да кездешет.

Илгерки кыргыздар сөзгө конок берип, жүйөлүү кепке жыгылып, адеп ченемдерин кыйшаюусуз сактай билишкен. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгондор азыркыдай төргө эмес, улагага да жолотулбаган. Намыстын күчүнөн өлүп беришкен.

Демек, бүгүнкүдөй кечирим сурамыш болуп коюп, эртең кайра эле эски адатын улантууга жол коюшкан эмес.

«Муштумуңа мурдум тийип кетиптир...»

«Эгер аял бир нерсени туура эмес кылса, андан кечирим сурап коюш керек» деген сөзү бар, француздардын. Албетте, мындай сылык, сыпайы мамилеге татыктуу болуш да оңой эмес. Ошондуктан акылдуулары кечирим сураган эркектерден уялып, осол жосунду кайталабай калат окшойт.

Кийинки убакта ойлонбой же атайылап туура эмес маалымат таратып койгондугу үчүн кечирим сурагандар көп чыгып жатат. Албетте, өзүнүн катачылыгын аңдап билип, чын ыкластан өкүнгөн болсо, абдан жакшы. Бирок айрымдардын «тобо келтиргени» эки анжы ойдо калтырат экен. Мисалы, Бишкек мэринин кеңешчисинин көп балалуу үй-бүлөлөр жөнүндө «Твиттерде» жазган кеби өтө чоң уу-дуу чыгарды. Социалдык желелерде аны айыптагандар, ал түгүл акарат кылгандар да көп болду. Акыры ... өзү эле эмес, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев да анын атынан кечирим сурады. Бирок Балбак мырзанын «ал мени деле сөгөт, кечирип койгула» дегени кызыктай угулат экен.

Муну кандай түшүнөбүз? Бул кызматкердин турган турушу ушундай, көнгөн адаты, ошондуктан силер деле теңелбегиле, таарынбагыла, мындан ары да орой сүйлөгөнүнө көңүл бурбагыла же кечирип коё бергиле дегениби? Эгер иш жүзүндө ушундай болсо, б.а. кечирим суралган жосун улам эле кайталана берсе, анда эзелтен сөз кадырын билген элдин кечирим салты мазакталып калары бышык. (Эл менен иштеген адамдардын – жетекчилердин, депутаттардын жана башка кызматкерлердин саясый маданияты тууралуу кийин өзүнчө сөз кылабыз).

Ырас, кечирим сураганга мажбурлашты деген учурлар да кездешет. Бул жагынан Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров алдына эч кимди чыгарбай келет. Мейли, алардын кимиси канчалык айыптуу болгонун өздөрү териштире берсин. Бизде болсо эпидемиялык кырдаалга байланыштуу зарыл чаралардын жетиштүү көрүлбөгөнүнө нааразылыгын билдирген дарыгерлерди кечирим суратууга үлгүрүштү... Дагы жакшы, жетекчилер кайра өздөрү өкүнгөнүн жарыя айтышты.

...Куудулдардын бири уурусу күчтүү болуп, ээси доого жыгылган бир кырдаалды мындай какшык менен баяндап койгон эле:

- Сиздин муштумуңузга менин тумшугум тийип кетиптир, кечирип коюңуз...

Кудайдын атынан кечирүүгө болобу?

Эми мынча болду, кечирим тууралуу айрым чала сабат молдокелер көп кайталаган бир тайыз түшүнүктү да сындай кетели. «Баланча аятты түкүнчө ирет окусаң, үч күндүк (40 күндүк, төрт айлык) дааватка чыгып келсең ж.б. жөрөлгөлөрдү аткарсаң, укмуштай көп күнөөлөрүң кечирилет» деген убадалар өтө арбын айтылып келет. Ал түгүл бир таксыр араб өлкөлөрүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо расмий иш сапары менен барган мамлекеттик кызматкерлерди Каабага зыярат кылдыра коюп, анан «25 жылдык күнөөңөрдөн арылдыңар» деп баарын кубантып салган учуру да болгон дешет.

Дагы бир кызык жагдай алдын ала кечирим сураган жосунга байланышкан. Албетте, туптуура эле сөзүн теңирден тескери түшүнүп алчулар чыгышы ыктымал экенин эске алып, алардын ачуусун басуу, жумшартуу үчүн ушинтсе, бул абдан жакшы. (Мисалы, ушул макаладагы ойлор кимдир-бирөөлөргө катуу тийсе, мен да алдын-ала кечирим сурайм). Бирок күнөөлөр менен соопторду алгебрадагы теңдемелер менен геометриялык прогрессияны да колдонгонсуп, санап чыгарган кээ бир молдокелердин жоругу динге жамынып каалагандай бузук иштерди кыла беришке жол ачып саларын да унутпайлы. «Кудай кааласа, күнөөсү чачынан көп пендесин да кечирет» деген кээ бир таксырлар бейишке белет саткан шылуундарды элестетет. «Жаның үзүлүп баратканда күбө өтүү (шахадат) келмесин оозансаң эле, бейишке кирбей калбайсың» дегени жегичтер менен бузуктарга майдай жагат.

Деги кудайдын кимди кечирерин, кимди кечирбей турганын кантип билебиз? Менимче, кечирим сурап, тобо келтирген пенде биринчи кезекте ошол кечирим сурашына себеп болуп келген акмакчылыктарын кайталабашы, алардын эсесин чыгаргыдай жакшылык иштерди аткарышы керек. Мисалы, кошунасынын тоогун уурдап, анан 5-10 жумуртканы соопчулукка жумшап койсо эле күнөөсү кечирилбей турганын унутпоого тийиш.

Мейли, тозок менен бейишти чоң молдолор сөз кыла беришсин (бирок Кудайдын атынан эч ким чайкоочулук кылбашы керек). Биз ушул жарыктагы татыктуу, таза жашоо үчүн жоопкерчилигибизди унутпайлы да, мыйзамдын баардык жарандарга бирдей колдонулушун талап кыла жүрөлү. Эгер мыйзам үстөмдүгүн орнотууга жетишсек, атайылап же аргасыз күнөөгө баткандар (кылмышкерлер) жүздөгөн эсе азаяры анык.

Бир кечиримден кийин...

Кек сактабаган кишинин жан дүйнөсү жаркып, оору-сыркоодон да алыс болорун дарыгерлер менен психологдор да эскертип жүрөт. Эми төмөнкү чыгарманын бир урунттуу жерин эскерип, бул темадагы сөздү окурмандар менен чогуу уланталы.

Абхаз жазуучусу Фазил Искандердин «Софичка» аттуу повести бар. Турмуштун түркүн сыноолорун баштан өткөрүп, бактылуу да болуп, кийин шорго да малынып, азап-тозоктун баарына чыдап, эмгекчилдиги менен барк алган Софичка аттуу аялдын тагдыры баяндалат. (Жумшак юмору, сергек баамчылдыгы, чынчылдыгы менен айырмаланган бул автордун ушул жана башка чыгармаларын Интернеттен таап окууга болот). Азырынча мен ушул повесттин бир эле жерине токтолоюн.

Софичканын бир тууган иниси анын күйөөсүн мыкаачылык менен өлтүргөндө: «Эч качан кечирбейм!» - дейт. Жаштайынан жесир калган аял маал-маалы менен мүрзөгө барып, тиричиликтеги иштерин айтууну адатка айлантат, дайымкы туура иштерин маркумдун арбагы колдогонсуп, бейиттен демдүү кайтып жүрөт.

Тиги зөөкүр иниси кийин дагы башка абдан жийиркеничтүү жосундарга аралашат. Көп жылдар өткөн соң, улгая баштаган эжесине келип, алдына чөгөлөп, ыйламсырап кечирим сурайт. Ошондо инисинин кебетесин көрүп боору ооруган аял: «Кечирдим!» - деп жиберет...

Андан ары эмне болгонун окурмандар божомолдоп көрүшсүнчү? Кийинки сөздү элдин пикири топтолгондон кийин уланталы.

(Эскертүү: Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG