Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Жогорку Кеңеш: Спикердин орду үчүн оюн башталды


Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны, 10-октябрь, 2020-жыл
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны, 10-октябрь, 2020-жыл

Жогорку Кеңеште төрага Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтолуп жатат. Бул маселе парламенттин жыйынына качан чыгарылары азырынча белгисиз.

Исаев аны кызматтан кетирүү боюнча кол топтоодон кабары бар экенин, кызматтан бир гана учурда - президенттик шайлоого катышуу үчүн кетерин айтты. Спикердин кызматына байланышкан маселе чечилип-чечилбей жатып талапкерлердин аты атала баштады. Төрага болот дегендердин ичинен депутат Талант Мамытовдун ысымы көбүрөөк айтылып жатат.

Исаевди кетирүүгө кол топтолуп жатат

Канатбек Исаев Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктан соң 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ал кызматка депутаттардын бир бөлүгү тарабынан премьер-министрликке көрсөтүлгөн Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн легитимдүүлүгү талаш жаратып, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн-эртең кызматтан кетет деп турган тапта келген. Спикерликке жалгыз талапкер болуп көрсөтүлүп, депутаттар аны колдоп беришкен.

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйынында Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу депутаттар кол топтоп жатканы белгилүү болду. Эл өкүлү Сайдулла Нышановдун сөзүнө караганда, ага Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан чечими себеп болушу мүмкүн.

«Мага келип, кол коюуну суранышты, мен макул болгон жокмун, - деди депутат. - Угушума караганда 80ге жакындап калыптыр. Демилге фракциядан же көпчүлүк коалициядан болсо, ачык чыкмак. Бул депутаттардын эле демилгеси болсо керек. Коомдо парламентке ишенбестик, нааразылык көбөйдү. Коомдо «Эмне үчүн төрага президенттин милдетин аткаруу укугун жеке менчигиндей кылып өткөрүп берип койду? Эгер Садыр Нургожоевич (Жапаров-ред.) шайлоого чыкса кимге беребиз?» деген чоң суроолор болууда».

Депутат Дастан Бекешев да спикерге ишеним көрсөтпөөгө кол коюу боюнча сунуш болгонун, бирок андан баш тартканын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Кыргызстандын Конституциясына ылайык, анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок Канатбек Исаев өлкөдөгү саясий кырдаалды, парламенттин ишмердигине көбүрөөк көңүл буруу жүйөсү менен бул кызматты аткаруудан баш тарткан.

Буга байланыштуу 16-октябрдан тартып премьер-министр Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууга киришкен. Ошол күндөрү Жапаровдун тарапташтары Өкмөт Үйүнүн алдында күн сайын митинг өткөрүп, алгач Сооронбай Жээнбековдун, кийин Канатбек Исаевдин кызматтан кетишин талап кылып турушту.

«Кыргызстан коммунистери» партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартышы мыйзамсыз болгонун айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Жакшынакай иштеп аткан Жогорку Кеңештин төрагасы турганда премьер-министр президенттин милдетин аткарып жатат. Мындай болбойт. «Мен бул кызматты аткарбайм. Парламенттин ишине көңүл бурушум керек» деген туура эмес, мыйзамда мындай жок. Мыйзамда «каалайм, каалабайм» деп жазылган эмес. Сен президенттин милдетин аткарууга милдеттүүсүң».

Канатбек Исаев парламенттин 28-октябрдагы жыйынында өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүлгөнү боюнча кулагы чалганын айтты. Анын сөзүнө караганда, төрагага ишеним көрсөтпөш үчүн 40тан кем эмес депутат демилге көтөрүшү керек, чечим кабыл алынышы үчүн 80ден аз эмес депутаттын добушу талап кылынат.

«Мага да ошондой сөздөр жетти, - деди төрага. - Бирок депутаттардын «кол койдум» же «койгон жокмун» деген так сөзүн уккан жокмун. Демилге көтөрүп жаткандардын ой-пикирин сурайбыз да. Чогуу угабыз».

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өз эрки менен төрагалыктан бир эле учурда - президенттик шайлоого катышуу үчүн кетерин билдирди. Бирок, шайлоого катышар-катышпасын тактаган жок.

«Талапкерлердин арасында Талант Мамытов бар»

Шайланганына аз гана убакыт болгон спикердин кызматына байланыштуу маселе көтөрүлөр замат төрагалыкка талапкерлердин аты атала баштады. Депутат Жанарбек Акаев мындай маалымат берди:

«Ким төрага болору тууралуу так маалымат жок. Бирөөлөр Талант Мамытовду, кээ бирөө Мыктыбек Абдылдаевди төрага болот экен деп айтып жатышат. Менин пикиримде бир кишиге токтоло элек».

Талант Мамытов - президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. Жапаров 6-октябрга караган түнү абактан чыккандан бери аны коштоп жүрдү. Мамытов спикерликке талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы боюнча маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. «Бул маселени көпчүлүк чечет» деди.

«Расмий мындай сунуш болгон жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарында ушундай сөздөр болуп атат. Ар кандай пикирлер бар. Сунуш түшкөндө маалымат берем», - деди ал.

Талант Мамытовдун өткөн чагы

44 жаштагы Талант Мамытов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 2000-жылы Баткен облустук прокуратурасында баштаган. 2001-2004-жылдары Жалал-Абад облустук жана шаардык прокуратурасында прокурор, тергөөчү болуп иштеген.

2006-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп турган. 2006-жылы кайра Жалал-Абад облусунун Сузак районуна которулуп, прокурордун орун басары болгон. 2007-2009-жылдары ушул эле облустун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп саясатка келген. 2012-жылы ал кездеги оппозициячыл «Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин мамлекеттин карамагына өткөрүүнү талап кылган митинг өткөргөн. Ал башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасынан ашып өтүүгө аракеттенгендер болуп, бир нече адам кармалган.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон.

Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сотто. Бишкек, 10-январь, 2013-жыл.
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов сотто. Бишкек, 10-январь, 2013-жыл.

Комиссия корутундусу, өзгөргөн пикир

Мамытов 2015-жылы «Республика - Ата Журт» фракциясынын катарынан парламенттин VI чакырылышына экинчи жолу депутат болуп шайланган. Ал Жогорку Кеңеште чуулуу иштерди иликтеген депутаттык комиссиялардын ишинде аты көп чыкты. Мамытов Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеген. Комиссиянын корутундусунда бажыдагы коррупциялык иштерде аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы бир да жолу аталган эмес.

«Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, сыртка чыгарылган акча 700 млн. доллар эмес, 932 млн. доллар деп аныкталган. Ал каражат Кыргызстандын Кара-Суу базарында, Өзбекстандын «Абу-Сахий» базарында иштеген жеке ишкерлердин акчасы экени аныкталган. Муну «Элдик медиа», «Бешинчи каналга» окшогон каналдар да тастыктап атат. Комиссия да ушундай жыйынтыкка келип жатабыз», - деген Мамытов.

Ал эми азыркы бийлик Мамлекеттик бажы кызматында 2016-жылдан бери Райымбек Матраимов катышкан коррупциялык схема түзүлгөнүн, анын алкагында Матраимов мамлекетке келтирген эки млрд. сом зыянды төлөөгө даяр экенин жарыялады. Дал ушул жемкорлукка байланыштуу ишти иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мамытов эми Райымбек Матраимов боюнча маселе иликтенип-тергелиши керек деген оюн айтып жатат.

Ал «Азаттыктын» кабарчысынын: «Депутаттык комиссиянын корутундусунда эмне себептен Матраимовдун ысымы бир да жолу аталган эмес?» - деген суроосуна: «Тергөө купуялыгына байланыштуу айтылган маалыматтар менен гана чектелгенбиз», - деп жооп кайтарды. Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгында алты кылмыш иши козголгонун эске салды.

«Ал факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу, - деди ал. - Тергөө купуялыгы деген бар. Бизге ошондой өтүнүч болгон. Алты кылмыш иши тергелип жатканынан улам тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгаруу деген маселе болгон. Алты кылмыш ишинин козголушу - комиссиянын ишинин жыйынтыгы. «Азаттыктын» иликтөөлөрүнүн негизинде тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү юридикалык баа берилсин деген чечим чыккан».

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана депутат Талант Мамытов.
«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана депутат Талант Мамытов.

«Жапаров ишенген талапкер»

Мамытов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) партия документтерди тапшырууда мыйзам бузган деп талапкер катары каттабай койгондо ага каршы туруп, бул боюнча соттук иштерде партиянын лидери Канатбек Исаев экөө чогуу жүрдү. Эми Исаевдин ордуна бирден-бир талапкер катары Мамытовдун аты аталып жатат.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов бийликтин Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштырып, Талант Мамытовду спикер кылуу максаты тууралуу мындай деди:

«Президенттик шайлоого барыш үчүн президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров кызматын тапшырышы керек. Жапаров өзү деле «мен 10-декабрда кызматтан кетем» деп айтты. Конституция боюнча президенттин милдетин спикер же премьер-министр аткарып калат. Ошондуктан Жапаров өзү ишенген кишисине, тарапташтарына кызматты тапшыргысы келип жатат. Ал Канатбек Исаевге ишенбейт да».

Садыр Жапаров түрмөдөн чыккандан кийин саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн бири Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы, Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып дайындады.

XS
SM
MD
LG