Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Аялдын билими үй-бүлөсүнө жолтоо болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Үйдө олтурган энелердин түйшүгү абдан чоң. Жылдар бою аялдардын колун кармаган үй тирилиги эч качан бүтпөйт жана көзгө көрүнбөйт.

Эмне үчүн аял киши базарда иштеп, үй-бүлөнү жана бекерчи күйөөсүн кошуп багып жатса бул коомчулукта үй-бүлө багып ирденүү деп эсептелет? Ал эми ошол эле аял өз кесиби менен иштеп, карьера куруп, тажрыйба топтоюн десе «аял киши карьера кылбай, үйдө бала багып олтуруш керек» деп кээ бир мырзалар жубайларын үйдө олтургузуп коюшат?

Үйдө олтурган энелердин түйшүгү абдан чоң. Жылдар бою аялдардын колун кармаган үй тирилиги эч качан бүтпөйт жана көзгө көрүнбөйт. Ошондуктан аялдарга «Сен үйдө эле олтурасың го», «Бекерчисиң го» деген сөздөр айтылып келет. Salary.comдун жаңы сурамжылоосуна ылайык 2018-жылы үйдө олтурган аялдар орточо эсеп менен жумасына 98 сааттан иштешкен жана алардын орточо жылдык эмгеги $162,581 АКШ долларына бааланган. Көпчүлүк учурда аталар/эркектер өздөрүнүн көнгөн жана акча төлөнгөн жумушуна кеткенде, энелер/аялдар үйдө бала багуу, үй жыйноо, кир жуумай, тамак жасоо, мал кароо сыяктуу толтура жумушка жоопкерчилик алышат. Үйдө олтурган аялдар кылган жумуштар үчүн маяна төлөнбөйт, эмгек өргүүсү, декрет, ооруп калуу жана пенсия деген нерсе жок. Аялдарды эч ким үй жумушунан кетире албайт жана өздөрү да арыз жазып кете албайт. Үйдө аялдар орточо эсеп менен жумасына 98 саат иштеп жатканына карабай коомчулукта орду жок болуп бааланбай жатканы өкүнүчтүү.

Эгерде кыздар карьеранын ордуна үй-бүлөнү тандаса анда жашоосу ашкана, коноктор, үй жумуштары менен гана чектелет. Бирок биз ошол көрүнүштү, коомду өзгөртөлү десек, анда ошол үйдө отурган аял акылдуулуктун, келечекти көрө билгендиктин сандыгы болуп балдарына мээримдүү эне, үйрөтүүчү жана күйөөсүнө акыл карачач болушу керек эмеспи? Өзүнүн билими, акылы болбосо аларды көрүп өсүп келе жаткан балдарына кандай үлгү жана билим бере алат? Же бала бул дүйнөгө келгенден кийин ата-эненин балага кам көрүү милдети бүтөбү?

Эң кызыгы - жаш кезинде жакындарынын, коомчулуктун же күйөөсүнүн каршылыгынан улам карьера кылбай үйдө олтуруп калган кыз-келиндер кийин базарга чыгып же Орусияга барып иштөөгө мажбур болууда. Эмне үчүн кезинде кыздын карьера куруп иштешине каршы болгондор жана намыстуу эркектер жубайы кыйналганда жардам бербей кайдыгер карашат? Жыйынтыгында аял заты үйдө олтурбай кара жумуш кылууга аргасыз болуп жатса, эмне үчүн башында эле өзү сүйгөн кесип менен иштеп, үй-бүлөсүнө да жетишүүгө болбосун?

Мен өзүм күбө болгон мисал: менин жеңем жаңыдан келин болуп келгенде ал биздин мектепте англис тил мугалими болуп иштеп жүрчү. Бирок күйөөсү «карьера сага жакшылык алып келбейт» деп анын иштегенине каршы болуп жүрүп иштебей калган. Эң кейиштүүсү - азыр аргасыздан Орусияда иштеп жүрөт.

Эмне үчүн аял заты өзү сүйгөн кесипти аркалап, ошол эле учурда үй-бүлө куруп, бала тарбиялап бактылуу болууга болбосун? Эмне үчүн коомдун пикири жана стеротиптердин таасири аял затынын жеке жашоосуна балта чабат? Куру намыстуу эркектер качан жубайларына чыныгы жар болуп, колдоо көрсөтүп, аялдардын көңүлүн алып, жүрөгүн оорутпаганды үйрөнөт?

Кыздар бир кезде өзү сүйгөн кесиптин ордуна кара жумуш кылууга аргасыз болгондон сырткары көптөгөн төмөнкүдөй психологиялык жабыркоого дуушар болушу ыктымал.

Мисалы, үйдө отурган адам:

  • Стресс болот;
  • Сыгылат;
  • Салмак кошот;
  • Убакытты баалабайт;
  • Көп ойлонот;
  • Жашоонун маңызы жоголот;
  • Маанай аба ырайындай алмашат;
  • Жалкоолук моюнга минет;
  • Убакытты өткөрүш үчүн кечке Интернет чукулоо, кино көрүү менен сапатсыз жашоонун ыргагына түшөт.

Ал эми өзү сүйгөн кесиби менен иштесе:

Окуу, изденүү, баарлашуу, аракеттенүү, жанылануу, алдыга умтулуу, өзүн таза, тыкан алып жүрүү сыяктуу жакшы нерселер менен сапаттуу жашоо кура алат. Окуп, иштеп, тыгыз күн тартиби менен жүргөн адам убакыттын баалуулугун билет жана туура колдоно алат. Мисалы, мен күндүзү иштеп, кечкисин окуган күндөрү эс алуу күндөрүмө караганда көп жумуштарга үлгүрөм. Ал эми эс алуу күндөрүмдө 10 сааттан ашык уктап, андан кийин уйкусурап жүрүп кеч кирет. Ошол себептен жумуштарымдын баарын иш күндөрү бүтүрүүгө аракеттенем.

Эмне кылыш керек?

• Интернеттин заманында үйдө отуруп онлайн билим алууга болот. Ошого Интернет менен дос болуп, үйрөнүңүз.

• Мурдагы 4-5 жыл окуган кесиптерди азыр 1 жылдан аз убакытта окууга болот. Азыр англис, кытай, испан тилдери лидерлигин көрсөтүп келе жаткан учур.

• Китеп окуңуз, жан дүйнөңүздү, сөз байлыгыңызды байытыңыз. Китеп окуганыңызды көргөн балдарыңыз да чоң сабак алышат.

• Үйдө отурганыңызга карабай күнүңүздү үйрөнүү, жанылануу менен өткөрүңүз. Ошондо ушак айтканга, жолдошуңуздун мээсин жегенге, кайын журт менен урушканга убактыңыз калбай калат.

• Бала-чакалуулар, күндө балдар уктагандан кийин бир саат убакыт бөлсөңүз 365 күндүн ичинде баштаган нерсениздин устаты болуп чыгасыз.

• Жаман кесип жок, туура тандалбаган кесип бар. Бирок кесибиңиз жакпаса ар убакта өзгөртүүгө болот. Жашоо гана бир берилет, калганын өзгөртүп, оңдоп, өнүктүрүп же таштап койсо болот.

• Башкысы - өзүңүздө «мен үйрөнөм, мен өзгөрүүнү каалайм» деген ураан болсун!

• «Үмүт акыркы өлөт» демекчи, келечеке коюлган максаттарга аракеттен сырткары дагы үмүт үзбөө зарыл.

Менин оюмча бул канга сиңген стеротиптерди жоюш үчүн аял-эркек дебей бүтүндөй коомдун аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Бирок ал биздин коомдо жакынкы жылдары өзгөрчүдөй көрүнбөйт. Адамдын аң-сезими өзгөрүшү үчүн ал билим алышы керек. Ошондуктан ар ким алына жараша аз-аздан өзгөрүүгө муктаж.

Айчолпон Айтиева, @ai_robot.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG