Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:08

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси Асылбек Жээнбековду Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн акчаны уурдаган деп айыптаган жана президент Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн полковник Абдылда Капаров төрт жылга эркинен ажыратылды.

Абдылда Капаровду төрт жылга эркинен ажыраткан чечимди Ош облустук соту чыгарды.

Сот аны доогер, ага-ини Жээнбековдордун пайдасына 244 миң сом моралдык зыянды төлөп берүүгө да милдеттендирди. Капаров жазасын жатак абакта өтөйт. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Капаров эки берене боюнча айыптуу деп табылганын айтты:

- 2017-жылдын 21-июнунда жазык жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен милициянын мурдагы полковниги Абдылда Капаров соттун өкүмүн аткарбай койгон. Андан сырткары Араван районундагы мектептердин биринде Өзбекстандын гимни ойнолгондугу тууралуу жалган маалымат таратып, улуттар аралык кастык жаратууга аракет кылган деп табылды. Натыйжада жалпысынан төрт жылга эркинен ажыратылды. Жазасын жатак абагында өтөйт. Мындан сырткары доогер Асылбек Жээнбековдун пайдасына 244 миң сом моралдык зыянды төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков "Абдылда Капаровдун айыбы болсо беш-алты жыл мурда эле камалышы керек болчу" деп азыркы камалышын саясий куугунтук катары баалады.

- Президент Атамбаевдин жана Жээнбековдордун дарегине сын айткандан кийин бир топ жыл созуп жүрүштү. Президенттик шайлоо алдында түрмөгө отургузганы Капаровдун оозун жабуу, токтотуу аракети. Бул саясий куугунтук, өч алуу, бийликти өз кызыкчылыгына пайдалануу болуп саналат.

Беш жылдан бери соттошуп жүргөн Абдылда Капаров Жалал-Абадда Текебаевди колдоо митингдерине катышып жүргөн кезде, 25-мартта кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганча камакта калган. Капаровдун партиялашы Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, акыркы соттук отурум күнү Капаровдун апасы каза болгон.

- Акыркы соттук отурум учурунда Абдылда Капаровдун апасы каза болуп калганы тууралуу маалымат келди. Анын жактоочусу Капаровдун апасы кайтыш болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарып берүүнү, өтө оор кылмыш жасабаганын, качып кетпей турганын, мусулмандык парзын аткарып, апасына топурак салуу укугун берүүнү өтүнгөн. Бирок сот апасынын каза болгону тууралуу расмий кагаздын жоктугун жүйө келтирип, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жок. Негизи эле Капаровду бийлик беш жылдан бери жүдөтүп салды. Бир учурда Ош шаардык, Ош облустук жана Жогорку Сотто иши каралып жатты. Анын пенсиясы сотторго каттоого, жактоочуларга короп жатты. Бардык мал-мүлкүн сатты. Аялы Орусияда иштеп жатат. Баласын Кыргызстанга алып келип ишке киргизе алган жок. Сатыла элек үйү гана калды.

Ошол эле маалда Абдылда Капаровдун мындай абалга туш болушуна өзүн күнөөлөгөндөр жок эмес. Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурумбетов сот Капаровго карата адилет чечим чыгарды деген пикирде.

"Абдылда Капаров Жээнбековдорго койгон доосун сотто далилдей албады. Адам кандайдыр бир билдирүү менен чыкканда сөзүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек да. Ар кимди ар нерсеге аралаштырып, күнөөлөй бергени туура эмес", - деди Нурумбетов.

Капаров соңку кезде "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевди колдоо митингдерине да катышып, бийликти эл чогулган жерлерде жана телеканалдарда ачык сындап келген.

Полковник Капаров 2010-жылы апрель-июнь айларында Ош облустук милициясын жетектеп турган. 2005-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевди кетирген ыңкылапка да катышкан.

2010-жылы Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду жоокерлердин тамак-ашына бөлүнгөн каражатты уурдоого айыптап жүргөн. 2013-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду колдоо митингинде президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн. Ал иштер боюнча акыркы беш жыл бою соттошуп жүргөн болчу.

"Азаттыктын" архиви

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG