Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ошто ишкерлер өкмөттүн өкүлүн айыпташты


Алай.
Алай.

Мармар таш өндүрүүнү көздөп аткан алайлык ишкерлер өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин бизнестен үлүш сурап жатканын айтып чыгышты. Таалайбек Сарыбашев болсо бизнеске уруксат берүүгө же тыюу салууга укугу жок экенин айтып, ишкерлердин дооматын четке кагууда.

Алай менен Кара-Суу райондору чектешкен жерде жайгашкан мармар таш кенин иштетүүгө лицензиясы бар ишкер Калыйнур Жолонов өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев кенди ачуудан үлүш сураганын “Азаттыкка” билдирди.

Калыйнур Жолонов.
Калыйнур Жолонов.

- Документтерибиз так болуп атса да өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашев жасалма тоскоолдуктарды жаратып жатат. Акыры мен өзүнө кирүүгө аргасыз болдум. "Кенге барып айыл тургундары менен жолугуп, аларды тартипке чакырып бериңиз. Иштейин, пайда табайын, салык төлөйүн, эл да иштесин" дедим. Ал "Эмнеге барашым керек? Сен мага 20-30% берип койсоң бир жөн. Ошондо мен барып аска-зоо болуп туруп бермекмин" дейт. Эгер ал мени менен беттешсе, ошентип менден 20-30% үлүш сураганын бетине коюп берем. Анын ишке бут тосуп атканына менде далилдер жетиштүү.

Ишкер Калыйнур Жолонов 2015-жылы Алай менен Кара-Суу райондору чектешкен жерде жайгашкан мармар таш кенин чалгындоого лицензия алган. Бирок ушул күнгө чейин чалгындоо ишине кирише албай келет. Ага Алай районуна караштуу Таш-Короо айылынын айрым тургундары каршы чыккан.

Калыйнур Жолонов кендин ачылышына каршы болгон айылдыктардын артында өкмөттүн Оштогу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин кызыкчылыгы бар деп эсептейт. Буга далил катары ал Ош облустук администрациясынан чыккан расмий каттарды көрсөттү.

- Ош облустук администрациясы Геология агенттигине “бул жер аянтында жүздөн ашык үй жайгашкан” деп кат жызыптыр. Ал жерде бир да үй жок. Таш чыккан жер менен айылдын аралыгы беш чакырымдан ашык. “Булактар бар” деп жазыптыр. Кендин участкасында бир да булак жок. "“ЖолМедКен” ЖЧКсы Кара-Суу районуна караштуу эмес, Алай районуна караштуу жерге чалгындоо иштерин жүргүзүүгө аракеттенген” деп жазып коюшуптур. Мен бир да аракет баштай элекмин. Мына ушинтип жок жерден ойлоп табылган шылтоолор менен ишиме тоскоол болушууда.

Ишкер Калыйнур Жолонов менен кошо сөз болуп аткан кенди ачууга лицензия алган он чакты кишинин баары Алайдын Таш-Короо айылынан болушат. Ишкерлердин айтымында, кен турган жер Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу экенин "Кыргызгипрозем" мекемеси ырастаган. Кенди иштетүүгө Катта-Талдык айыл өкмөтү да уруксат берген. Жолонов Сарыбашев менен бир нече жолку сүйлөшүүдөн майнап чыкпай, иш тескери кетип жатканына нааразы:

- Мен жакында губернаторго да кирдим. Алар: “Болду, сенин ишиңе тоскоол болбойбуз. Мен баарына айтам” деп туруп эле Геология агенттигине кат жиберишиптир. Катта: “Жаз келип, жергиликтүү тургундар менен ишкерлердин ортосунда келишпестиктер пайда болду. Ал ишкерлердин лицензиясын жокко чыгардыңарбы же жокпу?” деп суроо салышыптыр.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, губернатор Таалайбек Сарыбашев ишкер Калыйнур Жолоновдун дооматын "негизсиз, калп" деп билдирди. Сарыбашев ишкер Жолонов менен бетме-бет жолугушуудан качпай турганын, кен иштетүүгө уруксат берүүгө же тескерисинче кенге тыюу салууга укугу жок экенин айтты.

Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

- Мен Алайда сегиз жыл иштедим. Мен бир ишкерден үлүш алыпмынбы? Буга менин кандай тиешем бар? Ал ишкер мага келген. Мен ага "ишиң мыйзам чегинде болсо элдин макулдугун алгын" дегем. Мыйзам чегинде болсо, биз ишкерлерди колдошубуз керек. Ал жер Кара-Суу району менен талаш экен. Комиссия иштеп жатат. Тактап атышат. Буга менин кандай тиешем бар? Же ал жерге мен уруксат берет бекенмин? Же мен айыл тургундарына "ал жерди Калыйнурга бербегиле" деп айтыпмынбы? Калыйнур өзү ошол айылдан болот. Өзүнүн айылдаштары менен сүйлөшө албаса, ага менин кандай тиешем бар? Мен бир жерге кол коюп, токтом чыгарбасам же бирөөгө дайындабасам? Ал жердеги ташты иштетүүгө депутат Улан Примовдун атасы Бердибай Примов да лицензия алган. 2015-жылы Примов кенди иштетүүгө келгенде ошол эле Калыйнур Жолонов элди көтөрүп каршылык уюштурганы айтылган.

Деген менен кен иштетүүгө ниеттенип, лизензия алган ишкерлердин дагы бири Бактияр Кудайбердиев талаштын төркүнү кен эмес эле, уруучулук экенин айтты:

Бахтияр Кудайбердиев.
Бахтияр Кудайбердиев.

- Кенге лицензия алгандардын баары эле Алайдан. Ошол эле Таш-Короо айылынан болушат. Кендин зыяны болсо мен деле анын ачылышына каршы болмокмун. Бирок талаштын төркүнү кен эмес, уруучулук болуп атат. Элди бетине кармаган менен бийликте элдин кызыкчылыгын ойлогон эч ким жок. Калыйнур ачпаса деле башкалар ал кенди ачат. Болбогон уруучулуктун айынын “ичкилик” деп эле бөлүп жаткандары. Элге иш, баарыбызга пайда болуп аткандан кийин ичкилик эмес немис келсе да иштеш керек да.

Ишкер Калыйнур Жолоновдун билдирүүсүнөн кийин Таш-Короо айылынын тургундары Ошко келип маалымат жыйын курууга камынышууда. Алар кен чырына Жолоновдун өзүн айыптап, чырды саясатташтырбоого чакырышмакчы. Таш-Короо айылынын тургуну Нурбек Жусубалиев буларды айтты:

- Эл кенди ачууга макул эмес. Себеби, кен ачылса, зыяны тиет. Ал жерде элдин үлүшү бар. Картошка эгишет, чөп чабышат. Жайыт катары пайдаланат. Булак суулары чыгып турат. Кен ачылса, көчкү козголот. Калыйнур кичине акча таап алып, элди бейпайга салып жатат. Эки-үч жылдан бери чуркап жүрөт. Ага чейин Бердибай Примов да лицензия алып келген. "Кен ачылса, зыяны тиет" деп элди алдына салып, каршы чыгып жүргөндөрдүн башында убагында Калыйнур өзү турган. Эми аны өзү "ачам" деп жатат. Ошол максатына жетүү үчүн көрүнгөндү каралап жүрөт. Өзү ошол Таш-Короодон болот.

Ишкерлер берген маалыматка караганда сөз болуп аткан жердеги мармар таш кенин иштетүүгө ошол эле Таш-Короо айылынан он чакты адам лицензия алган. Таш-Короо айылы менен кен чыккан жердин аралыгы беш чакырымдай экени айтылууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев Алай районунда туулуп-өскөн. Аталган райондо аким болуп төрт жыл иштеген. Ага чейин Алай районунун борбору Гүлчө шаарчасынын базарында эсепчи болуп эмгектенген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG