Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

Борбордун 140 жыл ичинде өзгөрүшү

Бишкек
Бишкек

Майрамдык датага утурлай шаардын бир катар бөлүгүндө көңүл ачуучу иш-чаралар өтүп, сейил бакта, жаңы конуштарда концерттик программалар уюштурулду.

Шаар башчылыгы жакынкы айларда борбор калаа дагы көркүнө чыгарын убада кылса, шаардыктар арасында Бишкек мэриясы айрым көйгөйлөрдү чече албай келгенин сындашты.

Жаштыкты эске салган кинотеатр

Академик, профессор Арапбай Мариповго Бишкек шаарынын 140 жылдыгын майрамдап, жубайы Айзада Маматаипова менен борбордук аянтка сейилдеп жүргөндө жолуктук. Эки түгөй мындан элүү жыл мурда борбор калаадан таанышкан. Аралбай аксакал “Ала-Тоо” кинотеатры өткөн кылымдын 1950-1960-жылдары жаштардын ордосу болгонун эстеди.

- Мен үчүн бул кинотеатр тарыхый жер. Биз жаш кезде жолугушуулардын бардыгын ушул жерге белгилечү элек. Жубайым менен да элүү жыл мурда ушул жерден таанышкам. Жаштар кинотеатрга билет алууга кезекке туруп, кыздарга бир балмуздак карматып, көңүлүн алчубуз.

"Ала-Тоо" кинотеатры, 1960-жыл
"Ала-Тоо" кинотеатры, 1960-жыл

Арапбай Марипов андан бери шаарда бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгону менен кемчиликтери да жетиштүү экенин айтты.

Арапбай агайдын өмүрлүк жары Айзада Маматаиповага микрофон сунганда борборго тазалык жетпей жатканын айтып, капа болду.

- Транспорт көп. Бир гана шаар бийлигин айыптай бербестен ар бир жаран өзүнүн айлана-чөйрөсүн, иштеген жерин тазаласа жакшы болмок. Жарым кылымдан бери Бишкекте жашап келем. Маалында абдан кооз, жашыл шаарыбыз бар эле. Азыр барган сайын дарактар кыйылып жатканы өкүнүчтүү.

Сүрөт баян: Фрунзе-Бишкек, 2013-жыл

Эски-жаңы альбом: Фрунзе-Бишкек

Фрунзе-Бишкек.  "Россия" кинотеатры.
1/18 Фрунзе-Бишкек.  "Россия" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.<br />
2/18 Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Чыгыш (эски)&nbsp;автовокзалы.
3/18 Фрунзе-Бишкек. Чыгыш (эски) автовокзалы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.
4/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.
5/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.
6/18 Фрунзе-Бишкек. Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.
7/18 Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Опера жана&nbsp;балет театры.
8/18 Фрунзе-Бишкек. Опера жана балет театры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.
9/18 Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Манас&quot; кинотеатры.
10/18 Фрунзе-Бишкек. "Манас" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Ала-Тоо&quot;&nbsp;мейманканасы азыр иштебейт.
11/18 Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" мейманканасы азыр иштебейт.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.
12/18 Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.
13/18 Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Жалал-Абад&quot; чайканасы.
14/18 Фрунзе-Бишкек. "Жалал-Абад" чайканасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Ала-Тоо&quot; кинотеатры.
15/18 Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.
16/18 Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Борбор Азиядагы Америка университети,&nbsp;мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.
17/18 Фрунзе-Бишкек. Борбор Азиядагы Америка университети, мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Мурдагы &quot;Кыргызстан&quot; мейманканасы, &nbsp;азыркы&nbsp; - Hyatt Regency Bishkek Hotel
18/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы "Кыргызстан" мейманканасы,  азыркы  - Hyatt Regency Bishkek Hotel
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Артка
Алдыга

Жөжөнү күздө санагыла

Шаардыктарды майрамы менен куттуктаган Бишкек мэри Албек Ибраимов калаа тургундары азыр сындаганы менен жакынкы убакытта бир топ жакшы өзгөрүүлөргө күбө болоруна ишендирип өттү.

Мэр шаар тургундары күзүндө эле борбордун көркүнө башкача баа берет деген ишенимде.

Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

- Азыр Бишкекте чоң инфраструктуралык долбоорлор жүрүүдө. Ошого байланыштуу жолдор, коммуникациялар оңдолуп жатат. Андан тышкары шаардын көркүнө өзгөчө маани берип жатабыз. Алдыда дагы курулуш сезонун утурлай көп иштер бар. Күзүндө шаар тургундары өзгөрүүлөргө өз көзү менен күбө болот.

Бирок шаардагы өзгөрүүлөр бак-дарактардын кыйылышы менен коштолгону маалым. Алардын ордуна кымбат баалуу көчөттөрдүн отургузулуп жатканы мэриянын дарегине сынды күчөттү. Ошол эле маалда коомдук транспорт кыймылына нааразылар жок эмес.

Бишкек 140 жылдыгын майрамдап жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү үчүн эбегейсиз каражаттарды жумшап жатканы буга чейин шаардык депутаттардын арасында да талкууланып, “Республика – Ата Журт” фракциясы калаа башчы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй койгонго чейин барган.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциянын мүчөсү Канатбек Мүзүралиев чарбалык иштерди мэрден сурай келгенде маселени Албек Ибраимов саясий мүнөзгө буруп, депутаттар суроолорго түз жооп албай жатканын айтууда.

- Биз мэрге бир гана чарбалык суроолорду берип, ошол эле бак маселесине токтолдук. “Эмне үчүн бир көчөттүн баасы 9 миң сом, эмнеге жолдор жасалбай жатат?” деген суроолорду гана бердик. Күзүндө жасалган жолдор жазында кар менен чогуу эрип жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгы Кытай грантынын негизинде жолдордун кайсынысы ремонттолушу керектигин бөлүштүрүп келет. Бирок, бир жылдан ашык кытайлар оңдогон көчөлөр азыркыга чейин акт негизинде кабыл алына элек. Алсак, Профсоюзная деген көчө дагы деле кабыл алынбай турат, демек ал көчө сапаттуу салынган эмес. Айтор ушул өңдүү суроолор абдан көп, бирок мэр буйдалып так жооп бербестен, маселени саясий аспектке буруп жатат.

Жакынкы мөөнөттө Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шаар башкармалыгынын ишине баа берүү маселесин чоң жыйында карашмакчы. Ал эми Бишкек мэри Албек Ибраимов аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгына азыр сын көп болгону менен келечекте тараптардын пикири оң жагына өзгөрөрүн белгилеп келет.

Бишкек шаарында 1 млн.169 миң жаран расмий каттоодо турат. Шаардын аянты 170 чарчы километрге барабар. Борбор калаа өлкөнүн экономикалык, маданий борбору болуп эсептелип, Кыргызстандын 58 пайыз кызматын аткарса, ички дүң продукциянын 36 пайыздан ашыгын берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Самат Жумакадыров

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG