Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Апта: Коопсуздукка коркунучтар, президенттик өнөктүктүн учкундары


Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен.
Кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги кыргыз чек арачылары, Баткен.

Кыргызстан менен Түркия стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңеш түздү. ЖК депутаты Марат Султановдун үйүнө граната ыргытылды.

Июнь калабасын иликтеген Эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнен иликтөөсүнүн жыйынтыгын 3-майда жарыяларын билдирди. Парламент чек ара жана коопсуздукка байланыштуу маселени талкуулады.

Улуттук коопсуздукка кайдан коркунуч бар?

Жума күнү парламент чек ара жана жалпы эле коопсуздук боюнча УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жана УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовдун маалыматын укту.

Мамлекетке түшүп турган коркунучтар тууралуу Кеңешбек Дүйшөбаев
буларды билдирди:

- Биздин коопсуздукка таасир эткен бир катар факторлор бар. Мен алардын ичинен биринчи орунга чек ара сызыктарынын аныкталып бүтпөгөндүгүн жана талаш жерлердин чечилбегенин чыгарам.

Экинчиден, биздин кошуналар талаштуу жерлерди өздөрүнүн пайдасына, анын ичинде жылма экспансия менен чечүү аракетинде болууда.

Үчүнчүдөн, чектеш аймактарда жер, суу талаштары, жаңжалдары, аларды чечүүдө кошуна мамлекеттердин күч структуралары ачык болбосо да аралашып кетип жатканы бар.

Төртүнчүдөн, контрабанда жана баңгизаттарын ташуу. Андан сырткары чектеш жерлерден биздин жарандардын көчүп кетип жатуусу, аскерлерибиздин тыгыз жайгаштырылбагандыгы, жикчилдик жана миграциялык маанайлардын июнь окуясынан кийин болушу коркунуч алып келүүчү факторлордон. Сырттан келаткан да коркунуч бар. Ооганстан менен Пакистан тарапта эл аралык террористик топтор биригип жатышат. Алар Борбор Азия регионунда кырдаалды дестабилдештирүүгө аракеттенүүдө
.

Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Кыргызстан коопсуздугуна Тажикстанда кырдаалдын курчушу да коркунуч туудурат. Өзбекстан чек араны бекемдөө боюнча бардык аракеттерди күчөтүп жатат. Кошуна өлкө чек ара аскерлерин атайын багыттагы жоокерлер менен бекемдеп жатат. Аларды камсыздоо үчүн аскерий учактар, техникалар тартылууда. Жалпысынан мына ушундай факторлор Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туудуруп турат.

Чек араны аныктоодо кайсы документтер негизги?

Чек араны аныктоодо мамлекеттер ар түрдүү мезгилдеги документтерге таянып, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоп калууга аракеттенүүдө. Маселен, кошуна мамлекеттер 1920-жылдардагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы документтерди карманууда.

Бирок Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасы Исмаил Исаков чек араны аныктоодо 12 мамлекет 1991-жылы жетишкен Алматы декларациясына таянуу зарылдын билдирди:

- 1991-жылы Алматы декларациясын кабыл алышкан. Ал келишим бардык өлкөлөр тарабынан ратификацияланган. Мен ошол чек ара маселеси боюнча декларациянын үзүндүсүн окуп берейин. “Мамлекеттер ортосундагы административдик чек араны жана анын бузулбастыгын таануу жана урматоо менен КМШнын мамлекеттери, келишимдин аткарылышын өздөрүнүн Конституциясына ылайык кепилдейт".

Кайталап коёюн, "өз Конституциясына ылайык чек аранын сакталышына кепилдик берет" деп жазылган. Ошол учурдагы чек араны таанып жатышат. Биз ошонун "бузулбастыгын сактайбыз" деп милдеттенме алып жатышат
.

Исмаил Исаковдун пикиринде, кошуна мамлекеттер менен чек араны аныктоодо мына ошол Алматы декларациясына таянуу керек. Бул декларациядан тайуу Каркыранын жана башка жерлердин кетүүсүнө алып келди.

УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев чек араны аныктоо боюнча иштерде жылыш бар экенин айтып, мурунку бийлик беш жыл ичинде 40 чакырым чек араны аныктаганын, жаңы бийлик кыска мөөнөттө мына ошончо өлчөмдө чек ара сызыгын тактаганын белгиледи.

Марат Султановдун үйүнө граната ыргытылды

28-апрелдин түнүндө Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марат Султановдун Бишкектеги үйүнө граната ыргытылды. Үйдүн дарбаза, дубалдарына гранатанын бөлүкчөлөрү тийип, тилекке жараша киши жабыркаган эмес.

Марат Султанов бул жардырууну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда:

- Менин касташкан адамдарым деле жок. Башка саясатчылардан
айырмаланып, жан сакчыларды жалдап жүрбөйм. Керек болсо айдоочум да жок. Күнүбү же түнүбү рулда дайыма өзүм эле жүрөм.

Өзүм кечээ эртең менен Москвадан учуп келгем. Кечинде балдар менен жолугуп, кечки он бир кыркта үйгө келдим.

Менин версиям боюнча, бул жөн эле менин бир саясий көз карашыма байланыштуубу, же бир күчтөр мени бирөөгө тукуруп, ошондон чагым жасагысы келип жатабы ал жагын ачык айта албайм. Шайлоого биз деле бир аз даярдык көрүп жатабыз. Андан баш тартпайбыз. Бирок ушундай жол менен бизди бирөөлөр коркутабыз дешсе, анда алар терең жаңылышат.


Азыркы мезгилде жардыруу боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтөө ишин жүргүзүп жатат. Жардыруунун себептери боюнча ар түрдүү версиялар бар. Анын ичинде саясат, финансылык иштер, шайлоо өнөктүгү башталаар алдында пиар болуш мүмкүнчүлүгү айтылууда.

Саясий себептерге токтоло турган болсок, Марат Султановдун президенттик шайлоого катышуусу боюнча сөздөр жүргөн менен ал ачык айтыла элек болчу. Мына эми Марат мырза президенттик шайлоого катышууну көздөп жүргөнүн тастыктап берди.

Марат Султановдун саясаттагы жолу

Талдоочулардын баамында, Марат Султанов элге караганда элитага көбүрөөк таанымал саясатчы. Анын саясий олимпке чыгуусу Аскар Акаевдин мезгилинде башталган. Ал кезде Улуттук банк, Каржы министри кызматтарын аркалаган. “Кыргызгазмунайзат” Шалхар Жайсаңбаев тарабынан талоонго учуратылганда Марат Султанов бул ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Ошол эле мезгилде Улуттук банкты дагы жетектеп турган.

Курманбек Бакиев учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, акыркы мезгилде каржы министри болуп турган. Өткөн жылы парламенттик шайлоо мезгилинде ары-бери чайпалып туруп, соңунда “Ата Журтка” кошулган. “Ата Журттун” тизмеси менен депутаттыкка келүү менен Марат мырза өз алдынчалыгын сактап, фракциясы кирген башкаруучу коалицияга кирбей койгон.

Буга карабай акыркы кезде “Ата Журтта” түзүлгөн кырдаал Марат мырзанын пайдасына ооп турат. Анын үстүнө Камчыбек Ташиевдин айланасындагы жаңжалдар аны бир топ алдастатып койгондой. Мындай шартта Марат мырзага партия ичиндеги президенттикке талапкер болуудагы мелдеште жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк келип турат.

Шайлоо өнөктүгүнө расмий эмес старт

Ошентип Марат Султановдун үйүндөгү жардыруу менен Кыргызстанда расмий эмес түрдө президенттик өнөктүк жарыяланып калды. Парламентте да президенттик шайлоону өткөрүүгө байланыштуу мыйзамдарды кабыл алуу, Борбордук шайлоо комиссиясын жаңылоо аракеттери жүрүүдө.

Марат Султановдон сырткары президенттик шайлоого катышуу ниетин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыйыр түрдө билдирип келатат. Экөө тең өлкөнү кыдырып, эч кылчактабай ат салышууга даяр турушат. Калган саясий күчтөр ичинде аңдоо, баалоо, уюшуу иштери көбүрөөк жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, президенттик шайлоо июнь айында жарыяланып, ал ноябрь айына чейин өткөрүлүш керек. Анткени быйылкы жылдын соңунда Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктары токтойт.

Килюнен көптөрдү кыйнайбы?

Кыргызстан коомчулугу келерки жумада дагы бир сыноону башынан өткөргөнү турат. Анткени 3-майда түштүк калабасын иликтеген Эл аралык комиссия өзүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгын расмий түрдө жарыялайт. Бирок ага чейин эле 25-апрелден тарта жергиликтүү интернет булактарда Эл аралык комиссиянын корутундусунун үзүндүлөрү жарыялана баштады.

Эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнен ал үзүндүлөрдү тааныбасын билдирди:

- Ачыгын айтканда, интернетте жарыяланган материалдарды тааныбайм. Интернетте көптөгөн материалдар бар. Ал жердеги материалдар биздин баяндама эмес. Биз өзүбүздүн баяндаманын үстүнөн иштеп жатабыз. Комиссиябыз дагы чогулат. Али баяндама даяр эмес.

Биз 3-майда “Кабар” маалымат агенттигинде саат 15:00дө маалымат жыйынын өткөрөбүз. Мына ошондо баяндама даяр болот. Азыр биздин баяндама даяр эмес. Азыркы кезде мен жазып жатам. Ал эми интернеттеги көптөгөн материалдарга мен комментарий бере албайм.


Ошентип Киммо Килюнен үзүндүлөрдөн баш тартып жатат. Бирок документ менен кызмат абалына жараша тааныштыгы бар адамдар жергиликтүү интернет булактарына жарыяланган үзүндүлөрдүн түп нускага тиешеси бардыгын белгилешүүдө. Маалым болгондой, Эл аралык комиссия өз иликтөөсүн аяктап, аны менен таанышууга өкмөткө берген. Демек кызматтык абалына жараша көптөгөн чиновниктер аны менен тааныш болгон. Интернет булактарга дал ошолор тарабынан документтин көчүрмөлөрү берилиши мүмкүн.

Эки комиссиянын корутундусундагы айырмалар

Интернетте жарыяланган үзүндүлөрдө июнь коогалаңынын чыгуусу үчүн Убактылуу өкмөт, Ош, Жалал-Абадда массалык башаламандыктарды, өлтүрүүлөрдү тыя албады деп, Исмаил Исаков, Кубатбек Байболов, Бактыбек Алымбеков айыпталган. Үзүндүлөрдөгү бул маалыматтар Убактылуу өкмөттүн буйругу менен түзүлгөн Улуттук комиссиянын корутундусунан айырмаланып турат. Улуттук комиссиянын корутундусунда түштүк коогасынын чыгуусу үчүн Кадыржан Батыров баш болгон айрым өзбек лидерлери, Курманбек Бакиевдин тарапкерлери жана үчүнчү күчтөр айыпталган. Ошондой эле күч структураларынын жетекчилигинин ишинде да кемчиликтер белгиленген.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Ош, Жалал-Абаддын коменданттары Эл аралык комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калганын айтып жатышат. Маселен, Жалал-Абаддын коменданты болгон Кубатбек
Байболов:

- Комиссиянын алдын-ала жыйынтыгы менен тааныштыгым бар. Баланчанын баланча, түкүнчө деп айтканы, эл оозундагы сөздөр боюнча деген беллетристикалык мүнөзү бар. Өтө калпыс, үстүрт даярдалган документ. Мындай терең изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан мунун юридикалык дагы, моралдык дагы күчү болбойт деймин.

Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү юрист Курманбек Осмонов өлкөдөгү кырдаалга ар дайым бийлик жоопкерчиликтүү болоорун белгилейт:

- Ошол окуяны болтурбай коюуда ким бийликте болсо, ошонун моралдык жана саясий күнөөсү болот. Аны ал (Эл аралык) комиссия эмес, башка комиссиялар деле айтып жатат. Бийликте ким болсо ошо өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга жооп бериш керек.

Эл аралык комиссиянын корутундусунда чынында эле Убактылуу өкмөт катуу айыпталса, анда жабыркаган тараптар эл аралык уюмдарга, анын ичинде Гаага сотуна арызданат деген чочулоолор жок эмес.

Ошондуктан 3-майда Киммо Килюнендин корутундусу көп чырлуу иштин башы болуп калышы мүмкүн.

Түркия сапарынын натыйжасы

Узап бараткан жумада өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Түркияга сапар менен барды. Сапар учурунда ал Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган, президенти Абдулла Гүл менен эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мына ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Түркия Кыргызстандын 51 млн. доллар карызын кечип, 10 млн. доллар гранттык жардам берүүнү чечти. Андан сырткары өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандарынын 90 күн визасыз жүрүүсү боюнча келишимге кол коюшту.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов Түркия сапар учурундагы негизги жетишкендиктер деп буларды атады:

- Негизги жыйынтыктарды өкмөт башчы чыгарды. Анда узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуулар боюнча Жогорку Кеңеш түзүлгөнү аталды. Андан сырткары эки өлкөнүн жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Түркиянын капиталы Кыргызстанга келиш үчүн шарт түзүлөт.

Эки тараптын соодасы өткөн жылы 153 млн. доллардын тегерегинде болгон. Бирок жакынкы беш жылда анын көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү каралып жатканын түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган билдирген.

Кремлде кандай маанай?

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин түрк жетекчилиги менен жеке
мамилесинин дурустугу эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин өнүгүүсүнө да салым кошууда. Натыйжада Түркия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары карала баштады. Бирок башкы стратегиялык өнөктөш катары тандалып алынган Москва менен мамиле Кыргызстан каалагандай болбой жатат. Кремль күйүүчү майга бажы төлөмүн убактылуу алган менен насыя бөлүү жагын кечеңдетүүдө.

Маселен, бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн өтө маанилүү болгон 30 млн. доллар, Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 200 млн. доллардын берилери арсар бойдон турат.

Ал эмес Орусия мурун берген карыздарынын 14 млн. доллардан ашуун үстөк пайызын дароо төлөө талабын койду. Аны кыргыз өкмөтү аткарууга мажбур болду. 2009-жылы Кыргызстан менен Орусия жетишкен келишимге ылайык Кыргызстан “Дастан” ишканасынын 48% акциясын берип, ошону менен 190 млн. доллар карыз жабылыш керек эле. Азыркы мезгилде кыргыз тарап акцияларды берүүгө даяр болгон менен орус тарап аны кечеңдетип жатканын Алмазбек Атамбаев билдирген.

Өкмөт башчынын айтымында, Орусиянын каржы министрлиги 48% акцияны алууга каршы чыгып жатса, коргоо министрлиги “Дастанга” кызыкдар болууда. Мына ушул эки структура бир пикирге келе албай жатат.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан менен Орусия мурда жетишилген келишимдерди тактап, алардын абалын иликтеп чыгууну көздөп жатат. Мүмкүн мына ушул кадам стратегиялык өнөктөштөрдүн ортосунда түшүнбөстүктөрдү жоюп, ири долбоорлорду аткарууга жол ачаар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG