Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Таиландда Кыргызстан Азия чемпиону болду


8-августта Бангкокто грек-рим күрөшүнөн Азия чемпионатында кыргыз балбандары 3 алтын баштаган 9 байге утуп, командалык биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандык спорт күйөрмандары үчүн Таиланддан кубанычтуу кабар келди.

Бангкокто 17 жашка чейинки улан-кыздар арасында грек-рим жана эркин күрөштөн Азия чемпионаты жыйынтыкталды.

Мында Азиянын 19 өлкөсүнүн балбандары күч сынашты. Жыйынтыгында грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге утуп, командалык биринчи орунду камсыз кылышты.

Жаш балбандардын мындай ийгиликтери тууралуу Грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Эгемендүү өлкө болгону Азияда командалык эсепте алгач ирет биринчи орунду жеңип алышты. Азиядагы күрөш өнүккөн Иран, Түштүк Корея, Кытай, Казакстан баштаган мамлекеттердин балбандарын утуп алышкан жаштардын келечеги алдыда.

2012-жылы Лондондогу олимпиадалык оюндардан кийин ушул жигиттер чоңдор арасындагы таймашууларда өлкө намысын коргойт. Бээжин олимпиадасынын күмүш жана коло байгесин уткан Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев жана 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновдун таасири менен келечектүү жаштар өсүп келатканын Азия чемпионатынын таймашуулары далилдеди. “Аккан арыктан суу агат”, “аганы көрүп, ини өсөт” деген ушул.


54 кг. салмакта өлкө намысын коргогон Рустам Тейишов бардык атаандаштарын утуп, финалда ирандык балбанды жеңип алуу менен Азия чемпиону аталды.

58 кг. салмакта Тимур Надиров да финалга чейин жетип, баш байге үчүн таймашууда казакстандык Мухамед Эшмурзаевдин далысын килемге таза тийгизип, алтын медалдын ээси болду.

85 кг. салмакта кыргыз балбаны Рашит Абыканов да бардык атаандаштарын жеңип алуу менен Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

Мындан сырткары жеңил салмакта Үсөн Кадыркулов, 76 кило салмактагы Мухамед Али Умказаков жана оор салмактагы Бексултан Макмутов үчөө бирдей финалга чейин жетип, Азия чемпионатынын күмүш байгесине татыктуу болушту. Коло медалды дагы үч балбан жеңип алышты.

Бул жаш балбандардын ийгилиги - эгемендүү өлкөнүн 20 жыл ичинде Азия чемпионатындагы алгачкы командалык биринчи орунга жеткирген тарыхый окуя болуп калды.

Кыздар да кыйын чыкты

Бангкокто эркин күрөштөн кыргызстандык балбан кыздар да ийгилик жарата алышты. Алар Азия чемпионатында 1 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышканын башкы устат Нурбек Изабеков “Азаттыкка” билдирди.

Мында өлкө намысын 7 кыз коргоп, алардан Нуржан Бекматова финалга чейин жетип, аз упай айырма менен экинчи орунду ээледи. Коло байгени Кундуз Кушубекова менен Розалия Тилегенова жеңип алышты.

4 коло байге

Бангкоктогу Азия биринчилигинин эркин күрөш таймашууларында да кыргыздын жаш балбандары 4 коло байге утуп алышканы маалым болду.

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Нургазы Абдразаков (42 кг), Азим Бакаев (58 кг), Болотбек уулу Адилет (63 кг) жана Бекжан Мээрбеков (76 кг) Азия чемпионатында үчүнчү орунду камсыз кылышты. Эркин күрөшчүлөр 19 өлкөдөн 6-орунду ээледи.

Бокс боюнча Азия таймашуулары

8-августта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында бокс боюнча Азиянын чемпионатынын күч сынашуулары өтүүдө.

Мында кыргызстандык бокс чеберлери Мирбек Шеров, Медер Мамакеев, Нурсултан Осмонов биринчи беттешүүлөрдө жеңишке жетишти.

Ал эми Эмил Абышкаев менен Максат Алибаев жеңилүү ызасын тартып калышты.
XS
SM
MD
LG