Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Айыл түйшүгүнөн качкан кыздар


Жаштардын айылдан шаарга түгөл агылуусу - акыркы жылдардын тенденциясына айланды.

Бул көрүнүш өзгөчө кыздар арасында байкалат. Жогорку окуу жайды аяктаган кыздар кичи мекенине кайткысы келбей, шаарда бүлө күтүп, жашап калууну самашат. Кыздардын көпчүлүгү айылдагы жумушсуздуктан, жеңил шарттын жоктугунан улам ал жакта жашагысы келбейт. Мындан улам айылда бой жеткен кыздардын саны жокко эсе.

"Азаттык+" бул жолу жаштар арасындагы жаңы көрүнүш, башкача айтканда, тренд тууралуу жана айылдардагы кыз-келиндерге болгон суроо-талапты талкууга алды.

Улан Үсөйүн айыл менен шаарда жашоо ар башка деген көз карашты жоюу долбоорлорун жетектеген активист. Өткөн жылы долбоорго катышкан шаардык тогуз улан менен тогуз кыз жайлоого барып, айылда жашоону көрүшкөн.

Жайлоодо он күн жашаган жаштар адегенде көнө албай жүдөшкөнү менен кийин айылда жашоого боло турганына ынанышкан. Улан өзү шаарда иштегенине карабастан келечекте жубайы менен айылда турууну эңсейт.

Акылай учурда борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде дизайнерлик боюнча билим алат. Келечекте саясатчы болгусу келет. Өзү айылда төрөлүп-өскөнүнө карабай, ал жакка кайтууну каалабайт. Учурда Акылайдын сүйлөшкөн жигити турмушка чыгууну сунуштап жатат. Эгер жигитинин сунушуна макул болсо, айылда калып жашоосу керек. Ошондуктан Акылай ага турмушка чыгуудан баш тартууда.

Үй-бүлөдө Ислам алты бир тууган. Төрт эжеси, бир карындашы бар. Жалгыз уул болгондуктан ата-энеси менен чогуу жашашы керек. Ата-энеси айылда турат. Ислам болочоктогу колуктусун көпкө издеген. Буга чейинки таанышкан кыздар жигит ата-энесинин көкүрөк күчүгү экенин укканда эле мамиле куруудан баш тартышчу экен.

Айылдык теңин чанган кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG