Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Үч президент менен иштешкен Үсөнов


Алмаз Үсөнов.
Алмаз Үсөнов.

Президенттик аппараттын жетекчиси болуп 36 жаштагы Алмаз Үсөнов дайындалды. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Сапар Исаков 25-августта премьер-министр кызматына бекиген.

36 жаштагы Алмаз Үсөнов Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынан болот. Өзү тараткан маалыматка ылайык, 2003-жылы И.Раззаков атындагы техникалык университетти, 2008-жылы юридикалык академияны аяктаган. Ал эмгек жолун техникалык университеттин телекоммуникациялар бөлүмүндө жана “Кыргызтелекомдо” инженер-программист болуп баштаган. 2003-жылы туңгуч президент Аскар Акаевдин басма сөз кызматына келип, ишин 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапка чейин уланткан.

Ал көп өтпөй кийинки президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында эксперт болуп иштей баштаган. Анын экинчи президент менен кызматташуусу 2010-жылга чейин уланган. Ыңкылаптан кийин Үсөнов АРИСте (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча адис болуп иштеген.

Алмаз Үсөнов азыркы президент Алмазбек Атамбаев менен 2012-жылдын октябрынан тарта иштеше баштаган. Ал дээрлик беш жыл президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүндө иштеп, акыркы жылдары ал бөлүмдү жетектеди.

Президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана Алмаз Үсөнов. Чолпон-Ата, 1-август, 2016-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана Алмаз Үсөнов. Чолпон-Ата, 1-август, 2016-жыл.

Акаевдин басма сөз кызматында чогуу иштешкен кесиптеши Кубат Болотканов аны өз ишинин чебери болгондуктан үч президент менен тең иштешти деп ойлойт:

- Улам кийин келген бийлик мунун профессионалдык деңгээлинин мыктылыгынан, жарамдуулугунан алып калып жатат да. Колунан иш келбесе аны ким кармамак эле? Экинчиден, кийинки бийлик келсе эле мурункулар кетиши керек деген туура эмес. Ал бийлик үчүн эмес, мамлекет үчүн иштеп келатат да. Мен бул жерден терс эч нерсени көрбөй турам. Мыкты кадр болгону үчүн ошончодон бери иштеп келатат.

Болотканов кошумчалагандай, Үсөнов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин азыркы төрагасы Абдил Сегизбаев менен жакшы санаалаш. Экөө Акаевдин убагынан бери эле үзөңгүлөш болуп чогуу иштешип келет.

Алмаз Үсөнов 26-августта президенттин жарлыгына ылайык, Сапар Исаковдун ордуна аппаратка жетекчи болуп дайындалды. Роза Отунбаева өлкө башчысы болуп турганда анын аппаратын башкарган Эмилбек Каптагаев ар бир президент өзү ишенген гана адамды аппаратына башчы кылат деген ойдо:

- Президент өзү ишенгени үчүн аны кызматка дайындап жатат. Аппарат жетекчи жакшы иштей албаса, президенттин иши аксайт, аппарат жакшы иштесе, президенттин иши алга жылат. Ошон үчүн бул президенттин жеке өзүнө берилчү баа. Анын жеке иши. Аппарат башчы президенттин ишине өбөлгө болуп, анын ишин уюштурат.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин башчысы Кубан Абдымен Үсөновду тажрыйбасыз деп сындагандарга кошулбайт.

- Алмаз Үсөнов​ жыл өткөн сайын тажрыйбасын тереңдетип, көп багытта туура иштерди кыла тургандай, азыркы күндүн талабына туура келгидей нукту таап алды. Буга чейин иштеген көп кесиптештерден эмгекчилдиги менен жана көп тажрыйбаны өзүнө сиңире билгени менен айырмаланат. Аппарат жетекчилигине адекваттуу иш алып барганы үчүн тандалды. Менимче туура тандоо болду.

Ошол эле учурда Алмаз Үсөновдун дарегине сын айткандар да жок эмес. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алманбет Шыкмаматов Үсөнов Атамбаевдин каршылаштарын жамандоодо жакшы эле эмгек сиңирди дейт:

- Эмне үчүн президент Үсөновду тандады? Анткени бул убактылуу кызмат. 1-декабрда президент менен кошо кетет. Экинчиден, Алмаз Үсөнов​ кара пиардын устасы экенин, оппоненттерди жамандоодо алдына киши чыгарбаган чиновник экенин көрсөттү. Мисалы, КТРК аркылуу атаандаштарды каралап, кара пиар уюштуруп, "Белизгейт" сыяктуу жалган маалыматтарды күнү-түнү таркаттырып жатты. Текебаев, Салянова жана менин соттук отурумдарым боюнча далили жок эле жамандаган маалыматтарды таратты. Болгон эле өнөрү ушул.

Мамлекет башчысынын мурдагы маалымат катчысы Жанарбек Акаев кызматын тапшыргандан кийин анын ордуна эч ким дайындалган эмес. Мындан улам Алмаз Үсөнов бир эле учурда Атамбаевдин пресс-катчысы катары иштеп, коомчулукка, журналисттерге президенттин атынан билдирүүлөрдү таратып келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG