Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Бишкекте кайыр сураган келин кыз төрөдү


Акмаралдын тилемчилик кылып отурганы тууралуу алгач жарандык активист Умай Арыкова соцтармакка жазып, сүрөтүн чыгарган.
Акмаралдын тилемчилик кылып отурганы тууралуу алгач жарандык активист Умай Арыкова соцтармакка жазып, сүрөтүн чыгарган.

Бишкектеги жер астындагы өтмөктө кайыр сурап отурган Акмарал аттуу келин 16-февралга караган түнү көз жарды. БУУнун өнүгүү программасында гендердик маселелер боюнча координатор Үмүтай Давлетованын билдиришинче, ымыркайдын салмагы 3,5 килограмм. Эне-бала Чүй облустук төрөт үйүндө.

Бишкекте Кош бойлуу келиндин кайыр сурап отурган сүрөтү февралдын башында интернетке тарап, ага жарандык активисттер жардам көрсөтө баштаган.

32 жаштагы келиндин ысымы Акмарал. Оштун Кара-Суу районунан. Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда ижара үйдө, айына 2000 сом төлөп он жаштагы кызы менен жашап келген.

Жайында талаада иштеп, акча тапкан. Суук түшкөнү каражаттан кыйналып, тилемчилик кылууга мажбур болгон.

"Азаттык" радиосу Акмарал менен байланышты. Ал бөйрөгү ооругандыктан төрөт оор болгонун, азыр өзүн бир аз жакшы сезип жатканын айтты:

- Ажырашып кеткем. Кара-Сууда апам бар. Бирок бели ооруйт, мага келип жардамдаша албайт.

Келиндин тилемчилик кылып жатканы тууралуу интернетке чыккан маалыматтардан соң, "Балдарды коргоо лигасы" бейөкмөт уюму жана жарандык активисттер көмөк көрсөтө баштаган.

Акмарал тууралуу алгач коомчулукка алып чыккан активист Умай Арыкова буларды айтты:

- Мен аны бир апта мурда ЦУМдун жанындагы өтмөктөн көрдүм. Кайыр сурап отурган эле. Мен "Фейсбукка" жазгандан кийин активисттер жардам бере баштады. Ал эртең-бүгүн көз жара турган абалда болчу. Биз ымыркайга кийим-кече, гигиеналык каражаттарды чогулттук. Кыска мөөнөткө "Элсом" мобилдик капчыгын ачып, акча топтодук. Беш миң сомдой каражат чогулду, аны келинге бердик. Чүй облустук төрөт үйү менен сүйлөшүп, жайгаштырдык. Улуу кызын Кара-Сууга, апасына жөнөткөнүн айтты. Азыр активисттер ага ысык чай, тамак жеткирип турушат. Келиндин тагдырын иликтеп көрүш керек, уялып көп нерсени айтпай жатат.

Умай Арыкова Акмаралга жардам сурап мамлекеттик мекемелерге кайрылганын, майнап чыкпаганын кошумчалады.

Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Шайыр Узагалиеванын айтымында, Акмарал төрөт үйүнө 11-февралда келген. Эки бөйрөгү ооругандыктан, дарыгерлер тийиштүү чараларды көрүп төрөтүшкөн. Дүйшөмбү күнү төрөт үйүнөн чыгарылат:

-Туугандарынан эч ким келген жок. Жалаң активисттер, бейөкмөт уюмдар жардам берип жатышат. Абалы салыштырмалуу дурус. Басып жүрөт. Баласынын да абалы жакшы.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары келиндин ысымын Айжамал деп жазып жатышкан. Дарыгер Узагалиева анын документтеги аты Акмарал экенин айтты.

Жардам берүүнү каалагандар "Азаттык" радиосуна кайрылып, Акмаралдын байланыш номурун алса болот. Өзү фамилиясын жана телефон номурун ачыкка чыгарууну каалабады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG